Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 26-майы УӨ № 388
2010-жылдагы жайкы туристтик сезонду уюштуруу максатында:
1. 2010-жылдын 1-июнунан баштап 1-сентябрына чейин 2010-жылдын жайкы туристтик сезону деп жарыялансын.
2. 2010-жылдын жайкы туристтик сезонуна даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча оперативдик штаб (мындан ары - оперативдик штаб) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Оперативдик штаб:
- 2010-жылдагы жайкы туристтик сезондун убагында туризмди өнүктүрүү боюнча макулдашылган иш-аракеттерди жана практикалык чараларды иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда аткаруу бийлигинин органдарынын, туризм чөйрөсүндөгү коомдук уюмдардын, жеке сектордун субъекттеринин ишин координацияласын;
- 2010-жылдагы туристтик сезонго даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн негизги багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана 2010-жылдагы жайкы туристтик сезонду өткөрүү боюнча иш-чаралардын планынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна эки жумалык мөөнөттө киргизсин.
4. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары оперативдик штабдын чечимдерин аткарууга ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Туризм чөйрөсүндөгү ишкердиктин жана жеке сектордун субъекттерине өз ишин жүргүзүүдө оперативдүү штабдын чечимдерин жетекчиликке алуу сунуш кылынсын.
6. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси, штабдын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары, штабдын жетекчисинин орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз камсыздандыруучулар ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча).