Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 16-майы № 169-б
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматы кызматкеринин күнүнө арналган (2011-жылдын 1-июлу) мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Министрликтин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын куткаруу кызматы кызматкеринин күнүнө арналган мааракелик иш-чараларды 2011-жылдын июнь-июлунда өткөрсүн.
4. Мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар 2011-жылга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бекитилген бюджетинин чегинде жүзөгө ашырылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |