Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-апрели № 133-б
Стратегиялык кызматташуунун башкы кеңешин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын биргелешкен билдирүүсүнүн тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен жактырылсын.
Премьер – министри | А.Атамбаев |
Долбоор
Стратегиялык кызматташуунун башкы кеңешин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын биргелешкен билдирүүсү (Анкара ш., 2011-жылдын 26 апрелинде)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Түркия Республикасынын Премьер-министри эки өлкөнүн тарыхынын жалпылыгына, тарыхый баалуулуктарына жана бир туугандык мамилелерине таянуу менен, эки өлкөнүн ортосунда региондук жана эл аралык кызматташууну өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда Стратегиялык кызматташуунун башкы кеңешин (мындан ары - Кеңеш) түзүү чечимине келишти.
Кеңеш саясий, аскердик, экономикалык, соода, энергетикалык, транспорттук, айыл чарбалык, туристтик, маданий, илимий, гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жана саламаттык сактоо тармагында ишке ашырылуучу мамилелердин стратегиясын аныктайт. Бул стратегиянын негизи кызматташуу долбоорлорун өнүктүрүүгө жана ал долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Түркия Республикасынын Премьер-министри Кеңеште тең төрагалык кылышат.
Кеңештин жыйындары жылына бир жолу, кезеги менен Кыргыз Республикасында жана Түркия Республикасында тараптардын макулдугу боюнча үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүп турат. Кеңештин жыйындарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн күн тартибиндеги негизги маселелерге жооп берүүчү мүчөлөрү катышат.
Эки өлкөнүн ортосунда саясий маселелер боюнча кызматташууну жана мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, эки тараптуу, региондук жана дүйнөлүк мүнөздөгү маселелерде саясий пикир алмашуу, кызматташуунун артыкчылыктуу тармактарын жана долбоорлорун аныктоо максатында Кеңештин алкагында Биргелешкен стратегиялык пландоо тобу түзүлөт. Бул Топтун жыйындары жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Тышкы иштер министрлери тең төрагалар болуп саналат. Зарыл учурда Биргелешкен стратегиялык пландоо тобу статс-катчылардын, министрдин орун басарларынын деңгээлинде эки өлкөнүн кызыкдар ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кошумча жыйындарды өткөрүшөт. Топ Кеңештин жыйындарынын жыйынтыктары жөнүндө маалымат берет.
Кыргыз-түрк өз ара байланышынын аскердик, энергетикалык, транспорттук, туристтик, маданий, илимий жана гуманитардык чөйрөлөрүндө, ошондой эле коопсуздук жана саламаттык сактоо жаатында биргелешкен Комиссиялар түзүлөт, алар Кеңешке отчет беришет.
Экономикалык чөйрөдө практикалык кызматташууну өнүктүрүүнүн негизги механизми болуп Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссия кала берет.
Эки өлкөнүн ортосундагы байыртадан келе жаткан терең тарыхый, маданий жана гуманитардык байланыштарды эске алуу менен, эки өлкөнүн элдеринин жана жарандык коомунун уюмдарынын ортосундагы мамилелерди андан ары өнүктүрүү жана үзүрлүү сүйлөшүүлөр үчүн шарттарды камсыздоо максатында академиялык жана ишкердик чөйрөлөрдүн, жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү жана искусство ишмерлери катышкан Коомчулук форуму түзүлөт. Форумдун жыйындары Кеңештин жетекчилигинде жана Кеңештин жыйындары менен бир мезгилде өткөрүлөт.
2011-жылдын 26 апрелинде Анкара шаарында эки нускада, кыргыз жана түрк тилдеринде кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Алмазбек Атамбаев | Түркия Республикасынын Премьер-министри
Реджеп Тайип Эрдоган |