Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 19-июлу № 289-б
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Корея Республикасынын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы 2011-2012-жылдарга кызматташуунун программасынын тиркелген долбоору мүмкүн болгон принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен жактырылсын.
Премьер – министри | А.Атамбаев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Корея Республикасынын Тышкы иштер жана соода министрлиги,
1992-жылдын 31-январындагы Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Протоколду, 1997-жылдын 4-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достук мамилелердин жана кызматташуунун принциптери жөнүндө Биргелешкен декларацияны, 1997-жылдын 4-июнундагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө Протоколду, ошондой эле 2006-жылдын 11-июлундагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу Программасын жетекчиликке алуу менен, 2011-2012-жылдары төмөнкү иш-чараларды иш жүзүнө ашыруу жөнүндө келишимге келишти.
1. Тараптар эки тараптуу кызматташууда өнүгүүнүн туура жолун жандандырууга аракеттенишет жана Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношунун 20 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрөт. Ушуга байланыштуу Тараптар эки тараптуу кызматташуу үчүн конкреттүү жаңы долбоорлорду издөө жана өкмөт башчылары, тышкы иштер министрлери баш болгон жогорку кызматты ээлеген расмий адамдардын сапарларын уюштурууну активдештирүү боюнча бардык болгон күчүн жумшашат.
2. Эки өлкөнүн ортосунда достук мамилелерди бекемдөө үчүн Тараптар макулдашууга кол коюу жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселесин иштеп чыгышат.
3. 2007-жылдын 17-ноябрында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу максатында Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу өкмөттөр аралык комиссиянын 1-жыйынын өткөрүүнүн күнү жана ордун иштеп чыгышат.
4. Тараптар эки өлкөнүн «соода-азык-түлүк көргөзмөсүн» өткөрүүдө делегациялардын катышуусуна көмөк көргөзөт.
1. Корея тарабы жашылдандыруу индустриясын иш жүзүнө ашыруу жана андан ары алга жылдырууга, анын ичинде Корея Республикасы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Чыгыш Азиянын климаты боюнча форум» демилгесине, ошондой эле Жашылдандыруу боюнча өстүрүүнүн Эл аралык институтунун ишмердүүлүгүнүн өнүгүүсүнө катышууга Кыргыз тарабын активдүү түрдө тартат.
2. Жашылдандыруу боюнча улуттук программаны өнүктүрүүдө Кыргыз тарабын колдоо алкагында Корея тарабы «Чыгыш Азиянын климаты боюнча форум» жана «Өнүгүүгө расмий Жардам (ОDА)»программасына Кыргыз тарабынын кирүүсүнө көмөк көрсөтөт.
3. Тараптар табият ресурстарын, алардын ичинде жерде сейрек кездешүүчү элементтерди иштеп чыгууга, канализация системасын, жолдорду жана электр станцияларын куруу сыяктуу инфраструктураларды, ошондой эле энергиянын кайра иштетүү булактарын өнүктүрүүнү каржылоо тармагында кызматташууга катышууга бардык күч-аракеттерин жумшашат.
Тараптар макулдашуу жолу менен министрлердин орун басарларынын жана Департаменттердин директорлорунун деңгээлинде төмөнкү маселелер боюнча консультацияларды өткөрүшөт:
1. «Борбордук Азия жана Корея Республикасынын кызматташуу форумунун» алкагында иштерди бекемдөө жана кеңейтүү, кабыл алынган чечимдерди аткаруу.
2. Аймактык коопсуздук, терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөш, ошондой эле уюшулган кылмышка каршы, баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун, куралдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана улуттар аралык кылмыштуулукка каршы күрөш маселелери.
3. БУУнун жана анын органдарынын алкагында кызматташууну бекемдөө, анын ичинде эл аралык коомдоштукта БУУнун ролун бекемдөө сыяктуу негизги маселелер боюнча, ошондой эле БУУнун органдарына шайлоо боюнча кызматташуу.
4. Өз ара виза режимин шайкеш келтирүү маселелери боюнча консулдук консультациялар.
5. Эл аралык укуктун негизги багыттары боюнча эки тараптуу консультациялар.
6. Башка эл аралык экономикалык уюмдарда, форумдарда, ошондой эле каржы уюмдарда кызматташууну кеңейтүү, жаңы натыйжаларга жетишүү үчүн аймактык экономикалык кызматташууну активдүү алга жылдыруу боюнча ыңгайлуу инвестициялык жана соода шарттарды түзүү;
7. Өз ара кызыкчылыктарды туудурган эл аралык жана аймактык маселелер.
1. Гуманитардык кызматташуу жана алмашууну кеңейтүү максатында Тараптар Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын жогорку окуу жайларынын, илим-изилдөө институттарынын ортосунда түз байланыштарды орнотуу жана кеңейтүүгө көмөк көрсөтүшөт.
2. Тараптар «КОИКА» багыты боюнча Корея Республикасына окуу курстарына чакыруу жана Кыргызстанга корея адистерин жөнөтүү алкагында техникалык кызматташууну улантышат.
3. Корея Республикасы Корея Республикасынын Өкмөтүнүн стипендияларынын алкагында, ошондой эле Эл аралык билим берүүнүн улуттук институтунун (NIED) багытында окуу программаларынын санын көбөйтүү боюнча маселени карайт.
__________________ шаарында 20__-жылдын «_____»-_________________ эки нускада орус жана корея тилдеринде түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги үчүн | Корея Республикасынын тышкы иштер жана соода министрлиги үчүн |