Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 22-июлу № 294-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 247-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн реабилитациялоонун техникалык каражаттарын берүү түрүндө Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө" деген сөздөр "Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам көрсөтүшүнүн тартиби жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам көрсөтүшүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги менен Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ортосундагы макулдашуунун долбоорунда:
5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Макулдашуунун күчүнө кириши, күчүнүн токтотулушу.
Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2012-жылдын 31-мартына чейин күчүндө болот.
Бул Макулдашуунун колдонулушу Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.".
Премьер – министри | А.Атамбаев |