Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-июну № 247-б
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-июлундагы № 294-б буйругунун редакциясына ылайык)
Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам көрсөтүшүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги менен Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ортосундагы Макулдашуунун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |
Долбоор
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-июлундагы № 294-б буйругунун редакциясына ылайык)
Мындан ары «Кыргыз Тарап» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги бир тараптан жана мындан ары «Россиялык Тарап» деп аталуучу Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги экинчи тараптан, чогуу Тараптар деп аталуу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн 2011-жылы реабилитациялоонун техникалык каражаттарын берүү түрүндө Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам көрсөтүүсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин кайрылуусун эске алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Макулдашуунун предмети
2011-жылы Россия Федерациясы Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында Россиялык Тарап ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн реабилитациялоонун төмөнкүдөй техникалык каражаттарын сатып алууну жана Кыргыз Республикасына берүүнү каржылайт:
- ар кандай конструкциядагы бөлмөлүк кресло-коляскалар - 18 даана;
- ар кандай конструкциядагы сейилдөө кресло-коляскалары - 16 даана;
- балдардын церебралдык шал оорусу менен ооругандар үчүн ар кандай конструкциядагы бөлмөлүк кресло-коляскалар - 32 даана;
- балдардын церебралдык шал оорусу менен ооругандар үчүн ар кандай конструкциядагы сейилдөө кресло-коляскалары - 32 даана;
- ар кандай конструкциядагы электр менен кыймылдоочу кресло-коляскалар - 2 даана;
- ар кандай конструкциядагы санитардык жабдуусу бар кресло-стулдар - 50 даана.
Гуманитардык жардам үчүнчү өлкөлөргө сатуу же берүү укугусуз 1,9 млн. рублге чейинки (мындан ары - Жардам) жалпы суммага берилет.
2-берене. Тараптардын милдеттенмелери
Кыргыз Тарап Берүүчүлөр ойдогудай толтурулган товардык накладнойлорду жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын берүү менен алардан Жардамды кабыл алууну камсыз кылууга милдеттенет.
Россиялык Тарап Россия Федерациясынын заказдарды жайгаштыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык Жардамды берүүчүлөрдү (мындан ары - Берүүчүлөр) тандоого жана алар менен Кыргыз Тарапка (Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги, мындан ары - Алуучу) Жардамды берүүгө мамлекеттик контракттарды түзүүгө милдеттенет.
3-берене. Жеңе алгыс күч жагдайлары
Тараптар ушул Макулдашуу боюнча өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн, эгерде бул аткарбай коюу ушул Макулдашуу түзүлгөндөн кийин Тараптар алдын ала көрө албаган же болтурбай коё албаган өзгөчө мүнөздөгү жагдайлардын натыйжасында келип чыккан жеңе алгыс күч жагдайларынын натыйжасы болуп саналса, жоопкерчилик тартышпайт.
Макулдашуунун ушул беренесинде көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан учурда ар бир Тарап алар жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө дароо билдирет. Ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү жеңе алгыс күч жагдайы күчүндө болгон мезгилге кийинкиге жылдырылат, анын узактыгы жеңе алгыс күч жагдайы келип чыккандыгын жарыялаган Тараптын Соода-өнөр жай палатасынын күбөлүгү менен аныкталат.
4-берене. Талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер
Бул Макулдашууну турмушка ашырууга байланыппуу Тараптардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер өз ара консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
5-берене. Макулдашуунун күчүнө кириши, күчүнүн токтотулушу.
Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2012-жылдын 31-мартына чейин күчүндө болот.
Бул Макулдашуунун колдонулушу Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-июлундагы № 294-б буйругунун редакциясына ылайык)
6-берене. Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет.
Макуддашуу 2011-жылдын «_____»_____________ Москва шаарында эки нускада орус тилинде түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги үчүн | Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги үчүн |