Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 11-ноябры № 528-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Түркмөнстандын Финансы министрлигинин ортосундагы Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугун берүү менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |
Долбоор
Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Түркмөнстандын Финансы министрлигинин ортосундагы Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу
макулдашуу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана Түркмөнстандын Финансы министрлиги,
кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого, ошондой эле ушулар менен байланышкан кылмыштуу иштерге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү өз ара кызыкчылыкты жетекчиликке алып,
кызматташууну бир кыйла натыйжалуу ыкма менен жүзөгө ашыруу зарылдыгын көңүлгө алып,
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене
Тараптар, ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык, өзүнүн компетенциясынын алкагында, Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин сактоо менен өз ара аракеттенүүнү, анын ичинде маалымат алмашууну жүзөгө ашырышат.
2-берене
Тараптар өздөрүнүн карамагындагы аларга карата кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо), терроризмди каржылоо менен байланышкан жана ушул кылмыш иши менен байланышкан деген шектенүүлөр бар болгон акча каражаттары же башка мүлк менен операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты топтоо, иштеп чыгуу жана талдоо баскычтарында өз ара аракеттенүүнү, анын ичинде маалымат алмашууну, ошондой эле ошол операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоого катышкан жеке жана юридикалык жактардын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты алмашуу боюнча өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырышат.
3-берене
1. Маалымат алмашуу жазуу жүзүндө, анын ичинде текстти берүүчү техникалык каражаттарды пайдалануу аркылуу Тараитардын макулдугу менен, Тараптардын демилгеси боюнча же суроо-талаптарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Маалыматты алууга суроо-талап жазуу жүзүндө же электрондук почта аркылуу, электрондук санарип кол тамгасы колдонулуп жөнөтүлөт.
3. Зарыл учурда суралган Тарап сураган Тараптан суроо-талабынын аткарылышы үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты сурап ала алат.
4-берене
1. Эгерде суроо-талаптын аткарылышы суралган Тараптын мамлекетинин эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна, коомдук тартибине же башка олуттуу кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болсо, суралган Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына жана (же) эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келсе, ошондой эле суралган Тараптын мамлекетинде суроо-талапта көрсөтүлгөн фактылар боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатса, суроо-талапты аткаруудан толук же жарым-жартылай баш тартылышы мүмкүн.
2. Эгерде суралган Тарап суроо-талапты аткаруудан баш тарткандыгы тууралуу чечим кабыл алса, анда ал мындай чечимди кабыл алгандыгынын себептерин көрсөтүү менен сураган Тарапка бул туурасында кабарлайт.
5-берене
1. Ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалымат аны берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ал суралган жана берилген максаттардан башка максаттарда колдонулушу мүмкүн эмес.
2. Ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалымат купуя болуп саналат жана ага улуттук булактардан алынган ушундай маалыматка карата алуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында каралган коргоо режими жайылтылат.
3. Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин жетекчиликке алуу менен ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалыматты кокустан же мыйзамсыз түрдө жок кылуудан, өзгөртүүдөн, ачыкка чыгаруудан, ошондой эле ар кандай башка мыйзамсыз колдонуудан коргоого багытталган зарыл уюштуруу-техникалык чараларды жүзөгө ашырышат.
4. Ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалымат ал берилген максаттар талап кылган убакыттан ашык сакталбайт. Маалымат Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин ченемдик укуктук актыларына ылайык жок кылынат.
6-берене
1. Кыргыз Тарап үчүн маалымат алмашуу «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Түркмөн Тарап үчүн маалымат алмашуу Түркмөнстандын «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалымат кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо жана терроризмди каржылоо менен байланышкан иштерге, ошондой эле ушулар менен байланышкан кылмыш ишине карата гана сотко чейинки жана соттук максаттарда пайдаланылышы мүмкүн.
7-берене
1. Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин мыйзамдарына ылайык маалыматты берүү тартибин чогуу аныкташат жана ушул Макулдашууну ишке ашыруу маселелери боюнча консультацияларды өткөрүшөт.
2. Тараптар суроо-талабы же жеке демилгеси боюнча кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин мыйзамдары тууралуу маалыматты алмаша алышат.
3. Тараптар өз ара келишип алышып, тажрыйба алмашуу жана өз ара кызыкчылыкты билдирген маселелерди талкуулоо үчүн биргелешкен конференцияларды жана семинарларды өткөрө алышат.
4. Ушул Макулдашуу кызматташуунун башка өз ара алгылыктуу формаларын иштеп чыгууга жана өнүктүрүүгө тоскоол болбойт.
8-берене
1. Тараптардын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу орус, кыргыз жана түркмөн тилдеринде жүзөгө ашырылат.
2. Документтерди мамлекеттик тилде тариздөөдө орус тилиндеги тастыкталган котормо тиркелиши зарыл.
9-берене
Тараптардын өз ара келишүүсү боюича ушул Макулдашууга өзүнчө протоколдор менен таризделип, өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
10-берене
Ушул Макулдашууну чечмелөө жана колдонуу учурунда Тараптарда келип чыккан талаш маселелер Тараптардын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
11-берене
Ушул Макулдашуунун жоболору Кыргыз Республикасы жана Түркмөнстан катышуучусу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарына жана милдеттерине тийишпейт.
12-берене
1. Ушул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана белгисиз мөөнөттө иштейт.
2. Тараптардын ар бири тийиштүү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү башка Тарапка жөнөтүү менен ушул Макулдашуунун иш-аракетин токтото алат. Ушул Макулдашуу өзүнүн иш-аракетин ушундай билдирүүнү башка Тарап алган күндөн тартып 90 күн аяктаганга чейин токтотот.
3. Мурда алынган маалыматтын купуялуулугун камсыздоону камтыган ушул Макулдашуунун жоболору Макулдашуунун иш-аракети токтотулгандан кийин да күчүндө кала берет.
Макулдашуу _________ шаарында 2011-жылдын «___»___________ эки түп нускада, орус тилинде түзүлдү, эки түп нуска тең бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы үчүн | Түркмөнстандын Финансы министрлиги үчүн |