Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 29-августу № 376-б
1. Техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мамкулов Эркин Бейшеналиевичке жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү достук мамилелерди жана техникалык-экономикалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү максатында төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроосуна ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жалпы суммасы 100 млн. кытай юанын түзгөн кайтарымсыз түрдөгү грант бөлүп берет.
2-берене.
Жогоруда аталган кайтарымсыз грант эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан макулдашылган техникалык-экономикалык долбоорлорду кароо жана ишке ашыруу үчүн пайдаланылат. Конкреттүү шарттар эки тараптын кошумча макулдашууну түзүүсү жолу менен аныкталат.
3-берене.
Бул Макулдашууну аткаруу үчүн эсептик жол-жоболор боюнча тийиштүү Макулдашууга Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан дайындалган органдын ортосунда кошумча кол коюлат.
4-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул Макулдашуудан келип чыгуучу бардык милдеттенмелерди эки тараптын өкмөттөрү толугу менен аткарып бүткөнгө чейин күчүндө болот.
2011-жылдын "__"-сентябрында Үрүмчү шаарында ар бир тарап үчүн эки түп нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн