Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 1-сентябры № 379-б
Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчылар кеңешинин 2011-жылдын 3-сентябрында Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан Республикасы) болуучу жыйынына киргизилчү Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Мыйзамсыз миграцияга каршы чара көрүү боюнча кызматташуусунун 2012-2014-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндө Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын чечиминин долбоору жактырылсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Долбоор
Көз карандысыз Мамлекет башчылар кеңеши чечим кабыл алды:
1. 2012-2014-жылдарга мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кызматташуусунун Программасы бекитилсин (тиркелет).
2. Аталган Программанын биргелешкен иш-чараларын каржылоо Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин кызыкдар катышуучу-мамлекеттери тарабынан улуттук бюджеттеринде тийиштүү мамлекеттик органдарына функцияларын аткарууга жыл сайын каралуучу финансы каражаттарынын алкагында келишим боюнча иш жүзүнө ашырылат.
Азербайжан Республикасынан Россия Федерациясынан
Армения Республикасынан Тажикстан Республикасынан
Беларусь Республикасынан Түркмөнстандан
Казакстан Республикасынан Өзбекстан Республикасынан
Кыргыз Республикасынан Украинадан
Молдова Республикасынан