Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 5-сентябры № 388-б
1. Кыргыз Республикасы менен Тувалунун ортосундагы Дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө биргелешкен Коммюникенин долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы туруктуу өкүлүнө принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Биргелешкен Коммюникеге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Кыргыз Республикасы жана Тувалу,
эки өлкөнүн ортосунда өз ара түшүнүүгө көмөктөшүүнү жана достук жана кызматташтыкты бекемдөөнү каалоо менен,
Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын жана эл аралык укуктун, анын ичинде эл аралык тынчтык жана коопсуздукту, мамлекеттер аралык теңдикти сыйлоо жана бекемдөө, улуттук эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү, көз карандысыздыкты жана эл аралык келишимдерди сыйлоо, ошондой эле мамлекеттин ички иштерине киришпөө боюнча принциптерин жана максаттарын жетекчиликке алуу менен,
1961-жылдын 18-апрелиндеги дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык элчилердин деңгээлинде ушул Биргелешкен Коммюникеге кол коюлган күндөн тартып дипломатиялык мамилелерди орнотууну чечишти.
Буларды ырастоо менен, тийиштүү өкмөттөр тарабынан ыйгарым укукка ээ өкүлдөр англис тилинде жазылган ушул Биргелешкен Коммюникеге кол коюшту.
Нью-Йорк шаарында 2011-жылдын "____" _______________ түзүлдү.
Кыргыз Республикасы үчүн Тувалу үчүн
Кыргыз Республикасынын Тувалунун
БУУнун алдындагы БУУнун алдындагы
Туруктуу өкүлү Туруктуу өкүлү
Таалайбек Кыдыров Афелии Ф.Пита