Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 10-февралы № 35-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 384-б, 2012-жылдын 27-сентябры № 469-б, 2012-жылдын 24-декабрындагы № 597-б, 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 137-б, 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 129-р буйруктарынын редакцияларына ылайык)
"Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияларды чыгаруу жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, этил спиртин медициналык, ветеринариялык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдү жана субъекттерди этил спирти менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында:
1. Этил спиртин медициналык, ветеринариялык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Этил спиртин медициналык, ветеринариялык,
техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын
керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 384-б, 2012-жылдын 27-сентябры № 469-б, 2012-жылдын 24-декабры № 597-б, 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 137-б, 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 129-р буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. Медициналык максатта этил спиртин
пайдалануучу субъекттер
Республикалык саламаттык сактоо мекемелери
Гематология илимий борбору
Улуттук онкология борбору
Улуттук наркология борбору
Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросу
Республикалык дерматология жана венерология борбору
Адамды репродукциялоо илимий борбору
Республикалык психикалык ден соолук борбору
Чым-Коргон айылындагы Республикалык психо-неврологиялык оорукана