Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 16-марты № 82-б
Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө мамлекеттердин Юстиция министрликтеринин адвокатура жана адвокаттык иш тармагындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Долбоор
Мындан ары - Тараптар деп аталуучу Евразиялык экономикалык коомдоштугуна (мындан ары - ЕврАзЭС) мүчө мамлекеттердин Юстиция министрликтери,
Евразиялык экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттердин Юстиция министрликтеринин кызматташтыгы жөнүндө 2003-жылдын 16-апрелиндеги макулдашуусун (2011-жылдын 23-майындагы өзгөртүүлөрү менен) жетекчиликке алуу менен,
Тараптардын адвокатура жана адвокаттык иш тармагында кызматташуусунун зарылдыгын таануу жана ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин адвокатура жана адвокаттык иш тармагындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча кызматташтыкты жүргүзүүгө даярдыгын билдирүү менен,
ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердеги коомдук мамилелерди жөнгө салууда адвокаттык иштин социалдык маанисин эске алуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар адвокатура жана адвокаттык иш тармагында кызматташуунун негизги багыттарын ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарын түзүүгө өбөлгө түзүшөт.
Ушул Макулдашуу өз мамлекеттеринин мыйзамдарын жана эл аралык келишимдерин сактоо менен, ушул Макулдашуунун 3-беренесинде каралган кызматташтыкты кошпогондо, башка багыттарын аныктоого жана өнүктүрүүгө жолтоо болбойт.
2-берене.
Тараптар адвокатура жана адвокаттык иш тармагында кызматташат жана аны өркүндөтүшөт.
3-берене.
Тараптар төмөнкү негизги багыттарда кызматташат:
адвокатура жана адвокаттык иш тармагында укуктук маалыматтарды, анын ичинде соттук тажрыйба материалдарын (маалыматтар базасынын, укуктук мүнөздөгү маалымат камтылган башка ресурстардын маалыматтарын) алмашуунун натыйжалуу тутумун түзүү;
тажрыйба алмашуу, адвокатура жана адвокаттык иш тармагында ченемдик жана методикалык документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин адвокаттарынын алар тарабынан сотто коргоону жана өкүлчүлүк кылууну жүргүзүүдө өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүү;
адвокатура жана адвокаттык иш тармагында тажрыйба, талдоо, эксперттик материалдарды алмашуу максатында иш-чараларды (иш тажрыйбасынан өткөрүү, конференцияларды, семинарларды) уюштуруу;
ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин адвокаттык бирикмелеринин (коомдоштуктарынын) укук колдонуу тажрыйбасына мониторинг жүргүзүү;
адвокаттардын көрсөткөн юридикалык кызматтарынын (жардамдарынын) анын ичинде алардын сапатынын минималдуу стандарттарына белгилөө жолу менен жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
кесиптик адвокаттык бирикмелердин (коомдоштуктардын) корпоративдик кызматташтыгынын жана корпоративдик башкаруусунун негиздерин өз мамлекеттеринин мыйзамдарынын алкагында адвокаттык бирикмелердин (коомдоштуктардын) уюштуруучулук-укуктук формаларын оптимизациялоо аркылуу түзүү;
адвокаттык ишти өркүндөтүүгө багытталган документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
ушул Макулдашуунун алкагындагы кызматташтыктын жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө адвокаттык бирикмелерди кабардар кылуу;
ушул Макулдашууга карама-каршы келбеген башка багыттар.
4-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында кызматташууда төмөнкү принциптерди жетекчиликке алышат:
юридикалык кызмат (жардам) көрсөтүүдө адвокаттар жана адвокаттык бирикмелер (коомдоштуктар) тарабынан адам жана жаран укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын, эркиндиктеринин сакталышы;
ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуунун максаттарына жана милдеттерине ар тараптан көмөктөшүү;
адвокаттардын жана адвокаттык бирикмелердин (коомдоштуктарынын) кызматташуусу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү жана камсыз кылуу;
ушул Макулдашууда каралган максаттарды жана милдеттерди жүзөгө ашырууда теңчилик;
ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин жарандарына жана юридикалык жактарына адвокаттык кызмат алуу укугунун жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу;
адвокаттык сырды жана өз ара жашыруун маалыматтарды коргоо жаатында Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарынын ченемдерин сактоо;
кесиптик адвокаттык бирикмелердин (коомдоштуктардын) ишине инновациялык технологияларды киргизүү.
5-берене.
Ушул Макулдашуунун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
адвокаттык жардам көрсөтүүнүн бирдиктүү укуктук мейкиндигин түзүү;
адвокатура жана адвокаттык иш тармагында жана адвокат статусуна ээ болбогон адамдар тарабынан юридикалык жардам көрсөтүлүшүнө жол берген учурлардын бирдиктүү тизмесин аныктоодо ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын өз ара жакындаштыруу, шайкеш келтирүү жана өнүктүрүү;
адвокаттардын жана адвокаттык бирикмелердин (коомдоштуктардын) ишин уюштуруу жана өркүндөтүү;
эл аралык кесиптик жана илимий тажрыйба алмашууну өнүктүрүү жолу менен адвокаттардын кесиптик квалификациясын жогорулатуу;
ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин адвокаттарынын кесиптик бирикмелерин (коомдоштуктарын) адвокаттардын эл аралык ассоциацияларына жана бирикмелерине инкорпорациялоо;
укук колдонуудагы жакшы тажрыйбаларды жайылтууга багытталган практикалык жана доктриналык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн сүйлөшүү жайларын түзүү;
адвокаттык иш жүргүзүүдө инновациялык технологияларды пайдалануу үчүн өбөлгөлөрдү түзүү.
6-берене.
Ушул Макулдашуунун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
адвокатура жана адвокаттык иш тармагында укукту пайдалануу маселелери боюнча өз ара маалымат алмашуу;
адвокаттык иш тармагында ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу;
өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген адамдарга адвокат кесибинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
адвокаттын статусуна ээ болгусу келген адамдар үчүн квалификациялык талаптардын Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында бар болушу;
ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин адвокаттык бирикмелеринин (коомдоштуктарынын) өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу тутумун түзүү жана илимий, билим берүү иш-чараларын, ошондой эле адвокатура жана адвокаттык иш тармагында укуктук жөнгө салуунун биргелешкен программаларын колдоо;
адвокаттык бирикмелер (коомдоштуктар) тарабынан адвокаттык иш тармагында адвокаттардын ишинин Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишин контролдоонун натыйжалуу тутумун түзүү;
ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин аймактарында адвокаттык иш жүргүзүүгө уруксат берүүнүн милдеттүү критерийлерин белгиленген юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн (жардамдын) сапаттарынын стандарттарын иштеп чыгуу.
7-берене.
Ушул Макулдашуу чечмелөөгө жана/же аны колдонууга байланышкан талаш-тартыштар Тараптар ортосунда кеңешүүлөр жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
8-берене.
Ушул Макулдашууга өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
9-берене.
Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Беш жылдык мөөнөт бүткөндөн кийин, эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, ал кийинки беш жылга автоматтык түрдө узартылат.
20_-жылдын "__"________ ____________ шаарында орус тилинде бир нускада түзүлдү.
Ушул Макулдашуунун түп нускасы Евразия экономикалык коомдоштугунун Интеграциялык комитетинде сакталып, ал депозитарий болуп саналат, анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү ар бир Тарапка жөнөтөт.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын
Юстиция министрлиги үчүн Юстиция министрлиги үчүн
Беларусь Республикасынын Россия Федерациясынын
Юстиция министрлиги үчүн Юстиция министрлиги үчүн
Тажикстан Республикасынын
Юстиция министрлиги үчүн