Редакцияот 24.03.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 24-марты № 101-б

Илимий жана технологиялык жактан өнүктүрүү, кардиологиялык тармактагы эл аралык жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо, ошондой эле көрүнүктүү окумуштуу, клиницист, илимдин жана саламаттык сактоонун уюштуруучусу, коомдук ишмер, академик Миррахимов Мирсаид Мирхамидовичтин туулган күнүнүн 85 жылдыгына байланыштуу:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги академик Миррахимов Мирсаид Мирхамидовичтин туулган күнүнүн 85 жылдыгына арналган "Миррахимов окуулары" эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрсүн.

2. Илимий-практикалык конференцияны өткөрүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун атайын каражаттарынын эсебинен чыгымдардын тиркелген сметасына ылайык жүргүзүлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов

 

 

Тиркеме

 

Академик М.Миррахимовдун туулган күнүнүн 85 жылдыгына арналган

"Миррахимов окуулары" эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрүүгө чыгымдардын СМЕТАСЫ

 

N

Иш-чаралардын аталышы

Cаны

Баасы (сом менен)

Суммасы (сом менен)

1

Юбилейлик медаль даярдоо (кутусу менен)

40

1500

60000

2

Юбилейлик теш белгилерди даярдоо

350

45

15750

3

"Хаят" мейманканасында конференция өткөрүү үчүн залды ижарага алуу

2 күн

37360

74720

4

Докладдарды синхрондуу которуу, техникалык камсыздоо

2 күн

30915

61830

5

Конференциянын материалдарын Борбордук Азия медициналык журналына чыгаруу

300 нуска

292,3

87700

 

Жыйынтыгы:

 

 

300000