Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-октябры № 478-б
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансйлык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколдун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын коргоо министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга жана Протоколго кол коюга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө
Макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар деп аталуучу) аскердик кызматташтыкты чыңдоо максатында аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоого колдоо көрсөтүү алкагында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Максаты
Түркия Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2 075 000 (эки миллион жетимиш беш миң) түрк лири өлчөмүндөгү акчалай сумманы АКШ долларынын эквивалентинде аскердик финансылык кызматташтык алкагында бөлүп берет. 1 925 000 (бир миллион тогуз жүз жыйырма беш миң) түрк лири өлчөмүндө АКШ доллары эквивалентиндеги сумма Түркиянын коргонуу өндүрүшүнүн продукцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууну финансылоо үчүн колдонулат жана 150 000 (жүз элүү миң) түрк лири АКШ долларынын эквивалентинде ушул Макулдашуу түзүлгөндөн кийин кол коюла турган Финансылык жардам жөнүндө протокол күчүнө киргенден кийин берилет.
2-берене. Колдонуу чөйрөсү
1 925 000 (бир миллион тогуз жүз жыйырма беш миң) түрк лири өлчөмүндөгү АКШ долларынын эквивалентиндеги акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Түркиянын коргонуу өнөр-жайынын ишканалары тарабынан берилүүчү аскердик дайындалыштагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну финансылоо үчүн колдонулат жана 150 000 (жүз элүү миң) түрк лири АКШ долларынын эквивалентинде, Түркия Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу финансылык жардам катары берилет.
3-берене. Ыйгарым укуктуу жана координациялоочу органдар
Ушул Макулдашуу Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлиги тарабынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аткарылат. Ушул Макулдашууну аткаруу боюнча координациялоочу органдар Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы Түркия Республикасынын Элчилигине караштуу Аскердик Атташенин аппараты болот.
4-берене. Ишке ашыруунун принциптери
1. 1 925 000 (бир миллион тогуз жүз жыйырма беш миң) түрк лири АКШ долларынын эквивалентинде Түркиянын коргонуу өнөр жайынын продукцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууну ишке ашыруу учурунда берилет:
а) эгерде сатып алынуучу продукциянын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 1 925 000 (бир миллион тогуз жүз жыйырма беш миң) түрк лири АКШ эквивалентинде болот же белгиленген суммадан ашык болсо, анда 1 925 000 (бир миллион тогуз жүз жыйырма беш миң) түрк лири АКШ эквивалентинде 100 пайыз гана төлөнөт;
б) эгерде продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы 1 925 000 (бир миллион тогуз жүз жыйырма беш миң) түрк лиринин АКШ эквивалентинде аз болуп калса, анда ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык, Түркиянын Улуттук Коргоо министрлигинин көрсөтмөсү боюнча Борбордук Банк, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн компаниянын банктык эсебине акча каражаттарды которот жана накталай төлөмдөр формасында алынган продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык көлөмүн төлөйт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн акча каражаттар ушул Макулдашууга ылайык 2017-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сатып алууларды ишке ашыруу үчүн керектүү каражаттардын тизмесин (артыкчылыктуу аталыштарды көрсөтүү менен) Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлигине бериши керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркиянын коргонуу өнөр жайынын ишканаларынан зарыл болгон продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу процессии жүзөгө ашырат, алардын тизмеси Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги менен алдын ала макулдашылат.
4. Төлөө Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн сатып алынуучу продукцияларды кабыл алуу-өткөрүп берүү процедураларын бүтүргөндүгү жөнүндө кабарлоо алгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү контракт түзгөн Түркиянын коргонуу өнөр жайынын ишканасынын банктык эсебине акчалай каражаттарды которуу жолу менен ишке ашырылат.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сатылып алынуучу продукциялардын наркы берилген финансылык булактын өлчөмүнөн ашып кетсе, анда кошумча каражаттарды тартуу зарылчылыгы келип чыгат. Түркия Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашуу менен белгиленген суммадан наркы ашып кеткен продукцияны төлөп бербейт.
6. Бөлүнгөн акча каражаттарды бөлүштүрүү менен түздөн-түз байланышкан чыгымдар, камсыздандыруу төлөмдөрү, Түркиянын мыйзамдарына ылайык, Түркиянын коргонуу өнөр жайынын ишканасы тарабынан төлөнүүчү салыктар, банктык кармап калуулар жана валюталардын курстарындагы айырмалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын коргонуу өнөр жайынын ишканасынын ортосунда түзүлгөн контрактта чагылдырылышы керек.
7. Сатып алууларды жүргүзүү максатындагы визиттер ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул процесс (визит) менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн чыгымдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тындырат.
8. 150 000 (жүз элүү миң) турк лири АКШ долларынын эквивалентинде ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын ортосунда өзүнчө кол коюла турган Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколго ылайык бөлүнөт.
9. Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколдун алкагында акчалай каражаттар Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлиги тарабынан, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы Түркия Республикасынын Аскердик атташесинин банктык эсебине которулушу керек.
5-берене. Продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга укук
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган банктык эсепке ушул Макулдашуунун алкагында алынган аскердик продукцияны сатуудан алынган жана аталган продукцияны алган органдардын балансынан алынган кирешени которуп берүүгө милдеттенет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашуунун алкагында берилген продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле аларды колдонуу укугун үчүнчү тарапка же башка тарапка Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн алдын ала макулдугу жок бербөөгө милдеттенет.
3. Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптар түзгөн башка эл аралык макулдашууларды чектебейт жана башка мамлекеттин укуктарына, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө каршы колдонулбашы керек.
6-берене. Жашыруун маалыматты коргоо
Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун маалыматтарын жана Тараптар алмашуучу жашыруун маалыматтарды үчүнчү Тарапка, компанияга же адамга башка Тараптын макулдугу жок жарыя кылбоого милдеттенет. Бул купуялуулук принциби ушул Макулдашууну колдонуу бүткөндөн кийин дагы колдонууда болот.
7-берене. Талаштарды жөнгө салуу
1. Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун же чечмелөөнүн жүрүшүндө талаш маселелер келип чыккан учурда эл аралык сотту, арбитражды же үчүнчү тарапты тартууга жол берилбейт. Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш маселелер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
2. Ушул Макулдашуу менен каралбаган маселелер боюнча Макулдашуунун преамбуласында көрсөтүлгөн ченемдери колдонулат.
8-берене. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
1. Ушул Макулдашууга ар бир Тарап өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча сунуштарды киргизиши мүмкүн. 30 күндүн ичинде жазуу түрүндөгү кабарлоо алгандан кийин Тараптар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү башташы керек.
2. Тараптар менен макулдашылган, жазуу түрүндө таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык күчүнө кирет.
3. Эгерде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 60 күндүн ичинде жыйынтыктар болбосо, ушул Макулдашуунун 10-беренесине ылайык бул Макулдашуу өзүнүн аракетин токтотот.
4. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тараптар ушул Макулдашууда каралган өзүнүн милдеттерин аткарууну улантышат.
9-берене. Бекитүү жана күчүнө кирүүсү
Ушул Макулдашуу, анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун бүткөндүгү жөнүндө Тараптар акыркы кабарлоону дипломатиялык канал боюнча алган учурдан баштап күчүнө кирет.
10-берене. Колдонуу мөөнөтү жана токтотуу
1. Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бөлүнгөн акча каражаттар толук колдонулуп бүткөнгө чейин, 2017-жылдын 31- декабрына чейин күчүндө болот.
2. Эгерде Тараптардын бири башка Тарап ушул Макулдашуунун жоболорун сактабай жатат же сактай албайт деп эсептесе, ал консультацияларды жүргүзүү жөнүндө жазуу түрүндө сунуш бере алат, консультациялар жазуу түрүндө кабарлоо алгандан кийин 30 күндүн ичинде башталат. Эгерде 45 күндүн ичинде макулдашуу жетишилбесе, бардык тарап 60 күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоо жиберүү жолу менен ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото алат.
3. Кайсы гана болбосун себептер боюнча Макулдашууну колдонууну токтотуу ушул Макулдашуунун 5-беренесинин жоболоруна таасир тийгизе албайт.
11-берене. Текст жана кол коюу
1. Ушул Макулдашуу эки нускада, ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде даярдалды, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
2. Жогоруда айтылгандардын алкагында, эки Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан ушул Макулдашууга 201_______-жылдын____________Кыргызстанда Бишкек шаарында жана 201_______-жылдын_____________Түркиянын Анкара шаарында кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Колу: | Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Колу: |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө
Протокол
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары Тараптар деп аталуучу) ___________________________-жылы кол коюлган, Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында бөлүнгөн финансылык жардамды өздөштүрүү максатында, төмөнкү беренелер боюнча макулдашты:
1-берене. Максаты
Ушул Протоколдун максаты болуп Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилген 150 000 (жүз элүү миң) түрк лири АКШ доллары эквивалентиндеги суммасындагы финансылык жардамды өздөштүрүү принциптерин аныктоо эсептелет.
2-берене. Колдонуу чөйрөсү
Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилүүчү финансылык жардам Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн визиттери жана окуу курстары менен байланышкан чыгашаларды жабуу үчүн, Бельгиянын Моне шаарындагы НАТОнун «Тынчтык үчүн кызматташтык» Координациясы боюнча топтогу Кыргыз Республикасынын расмий өкүлүн камсыздоого, ошондой эле башка чыгымдарга колдонулат.
3-берене. Ишке ашыруу принциптери
1. Ушул Протокол боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилүүчү акча каражаттары 2017-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
2. 150 000 (жүз элүү миң) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лири өлчөмүндөгү сумма Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн визиттери жана окуу курстары менен жана Бельгиянын Моне шаарындагы НАТОнун «Тынчтык үчүн кызматташтык» Координациясы боюнча топтогу Кыргыз Республикасынын расмий өкүлүнүн келүүсү менен байланышкан чыгашаларды жабуу үчүн, ошондой эле башка чыгымдарга арналат.
Бул булак Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын төмөнкү пункттар боюнча чыгымдарын төлөө үчүн колдонулат:
а) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн «Тынчтык үчүн кызматташтык» Окуу борборунда жана Терроризмге каршы күрөшүүнү өркүндөтүү борборунда өткөрүлүүчү курстарга катышуучу өкүлдөрүнүн чыгымдары - 65 000 (алтымыш беш миң) түрк лири АКШ долларынын эквивалентинде;
б) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн Түркия Республикасына расмий сапары менен байланышкан чыгымдары - 20 000 (жыйырма миң) түрк лири АКШ долларынын эквивалентинде;
в) байланыш офицеринин - Бельгиянын Моне шаарындагы НАТОнун «Тынчтык үчүн кызматташтык» Координациясы боюнча топтогу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлүнүн чыгымдары - 55 000 (элүү беш миң) түрк лири АКШ долларынын эквивалентинде;
г) башка чыгымдар - 10 000 (он миң) түрк лири АКШ долларынын эквивалентинде.
3. Ушул Протокол менен каралган акча каражаттары Түркиянын Улуттук Коргоо министрлиги тарабынан банктын эсебине которулат, ал Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Аскердик атташеси тарабынан аныкталат. Бул булак Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Аскердик атташесинин контролу менен Түркиянын Башкы штабынын көрсөтмөлөрүнүн алкагында колдонулат.
4. Зарылчылык болгон учурда, Түркия Республикасынын Башкы штабы белгиленген пункттардын ортосунда каражаттарды кайра бөлүштүрүүнү жүргүзүшү мүмкүн.
4-берене. Жашыруун маалыматты коргоо
Ар бир Тарап ушул Протоколдун маалыматтарын жана тараптар алмашуучу жашыруун маалыматтарды, үчүнчү Тарапка, компанияга же адамга башка Тараптын макулдугу жок жарыя кылбоого милдеттенет. Бул купуялуулук принциби ушул Протоколду колдонуу бүткөндөн кийин да колдонууда болот.
5-берене. Талаштарды жөнгө салуу
1. Ушул Протоколду ишке ашырууда же түшүндүрүүдө талаш маселелер келип чыккан учурда эл аралык сотту, арбитражды же үчүнчү тарапты тартууга жол берилбейт. Ушул Протоколду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш маселелерди Тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.
2. Ушул Протокол менен каралбаган маселелер боюнча _________________________-жылдагы Аскердик финансылык жардам жөнүндө макулдашуунун тийиштүү жоболору колдонулат.
3. Ушул Протоколдун жоболору тараптардын башка эл аралык макулдашуулардан келип чыккан укуктарын жана милдеттерин чектебейт.
6-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
1. Ушул Протоколго Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Мындай учурда сүйлөшүүлөр жазуу жүзүндөгү кабарлоону алгандан баштап 30 күндүн ичинде башталышы керек.
2. Тараптар менен макулдашылган жазуу түрүндөгү толуктоолор ушул Протоколдун 7-беренесине ылайык күчүнө кириши керек.
3. Эгерде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 60 күндүн ичинде жыйынтыктар болбосо, ушул Протокол 8-беренеге ылайык өзүнүн аракетин токтотот.
4. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тараптар ушул Протокол менен каралган өзүнүн милдеттерин аткарууну улантышат.
7-берене. Бекитүү жана күчүнө кирүүсү
Ушул Протокол, анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун бүткөндүгү жөнүндө Тараптар акыркы кабарлоону дипломатиялык канал боюнча алган күндөн баштап күчүнө кирет.
8-берене. Колдонуу мөөнөтү жана колдонууну токтотуу
1. Ушул Протокол боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилүүчү акча каражаттар 2017-жылдын 31-декабрына чейин колдонулушу керек.
2. Эгерде тараптардын бири башка тарап ушул Протоколдун жобосун аткарбай жатат же аткара албайт деп аныктаса, ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө жазуу түрүндө сунушту киргизе алат, сүйлөшүүлөр жазуу түрүндө кабарлоо алгандан кийин 30 күндүн ичинде башталышы керек. Эгеде 45 күндүн ичинде макулдашуу жетишилбесе, кайсы гана болбосун тараптардын бири 60 күндүн ичинде ушул Протоколдун колдонулушун токтотуу жөнүндө жазуу түрүндө кабарлайт.
9-берене. Текст жана кол коюу
Ушул Протокол эки нускада, ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде даярдалды, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколду ишке ашыруунун жүрүшүндө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Эки тараптын өкмөттөрү тарабынан ыйгарым укуктуу, төмөндө кол койгон өкүлдөр жогоркуларды ырастап ушул Протоколго 201____-жыйдын________-_________________-Кыргызстанда Бишкек шаарында жана 201______-жылдын_________-_______________-Түркияда Анкара шаарында кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Колу: | Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Колу: |