Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-октябры № 519-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги менен Азербайжан Республикасынын Улуттук архив башкармалыгынын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги менен Азербайжан Республикасынын Улуттук архив башкармалыгынын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө
Макулдашуу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги менен Азербайжан Республикасынын Улуттук архив башкармалыгы,
эки мамлекеттин ортосундагы тарыхый жактан калыптанган достук мамилени көңүлгө алуу менен,
эки өлкөнүн архив мекемелеринин ортосунда бирдей пайдалуу кызматташтыкты түзүү максатында,
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене
Тараптар ушул Макулдашууга, эки тараптын мамлекеттик мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасы мүчө болгон эл аралык келишимдерге ылайык, өз ара пайда көрүүнүн жана теңчиликтин негизинде кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
2-берене
Тараптар документтердин сакталуусун камсыз кылуу жана аларды пайдалануу, ошондой эле архив ишин маалыматташтыруу боюнча маалыматты жана иштин тажрыйбалары менен алмашышууну ишке ашырышат.
3-берене
Тараптар өз өлкөлөрүнүн мыйзамдарына ылайык жана өз компетенциясынын алкагында, улуттук архив фондуларын, Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын элдеринин тарыхы боюнча маалыматтарды камтыган документтер менен толуктоо максатында бири-бирине архивдик документтердин көчүрмөлөрүн беришет. Көчүрмөлөрдү өз ара берүү акысыз, экваленттик негизде же эки тарапка тең алгылыктуу келишимдик баада жүргүзүлөт.
Көчүрмөлөрдү алуу боюнча иштерди аткаруунун конкреттүү шарттары Тараптар да кошумча макулдашылат жана өзүнчө келишим менен таризделет.
4-берене
Тараптар архивдик документтерди биргелешип жарыялоону ишке ашырат жана макулдашылган тематика боюнча документалдык көргөзмөлөрдү уюштурат.
5-берене
Тараптар өз компетенциясы алкагында жана тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык ведомстволук архив мекемелеринин
Изилдөөчүлөрүнө көмөк көрсөтөт.
6-берене
Тараптар бири бирине архив документтеринин негизинде экинчи Тараптын жарандарынан жана мекемелеринен түшкөн социалдык-укуктук суроо-талаптарын канааттандырууга көмөктөшөт.
7-берене
Тараптар архив мекемелеринин иш тартиби жана ишти уюштуруу боюнча ченемдик укуктук актылар, ошондой эле архив иштери боюнча архив таануу жана илимий усулдук адабияттар (иш эрежелери, илимий конференциялардын жана семинарлардын материалдары ж.у.с.) жана Тараптардын архивдик мекемелери тарабынан басып чыгарылган архивдик чокументтер менен алмашат.
8-берене
Тараптар эл аралык архив уюмдарына катышуу маселелери боюнча кызматташтыкты өркүндөтүшөт.
9-берене
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын алар мүчө болуп эсептелген башка эл аралык келишимдерден келип чыккан укуктарына жана милдеттерине таасирин тийгизбейт.
10-берене
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча, ушул Макулдашуунун 12-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү, анын ажырагыс бөлүгү болгон өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
11-берене
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда пикир келишпестиктер пайда болгондо Тараптар аларды консультация жана сүйлөшүү өткөрүү жолу менен чечет.
12-берене
Бул Макулдашуу беш (5) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу эгерде Тараптардын бири кезектеги мезгил бүтөөрүнө алты ай калганга чейин анын колдонулушун токтотууга ниеттенгендиги тууралуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирбесе, кийинки беш жылдык мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.
_____________ шаарында 20___ жылдын «____» ____________________________ кыргыз, азербайжан, орус тилдеринде, эки түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурларда орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги үчүн | Азербайжан Республикасынын Улуттук архив башкармалыгы үчүн |