Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 6-майы № 167-б
«Чайна Петроль Компани «Джунда» жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары - Компания) нефтини кайра иштетүүчү заводунун (мындан ары - завод) курулушун бүтүрүү жана аны пайдаланууга тезирээк толук киргизүү максатында, аталган заводдун курулушу Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык жана маанилүү инвестициялык долбоор болуп саналгандыгын, жергиликтүү калктын жумуш орундары менен камсыздалышын жана республиканын бюджетине олуттуу салым кошоорун эске алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги белгилеген тартипте:
- 2013-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө заводду жана баштапкы чийки зат кампасын куруунун кытай долбоорлорун кыргыз долбоордук уюмдары тарабынан ыңгайлаштырууну кыска мөөнөттө өткөрүүнү долбоорлоо этабында көмөк көрсөтсүн жана курулуштун ыңгайлаштырылган долбоорлоруна тиешелүү мамлекеттик экспертизаларды жүргүзсүн;
- 10 жумушчу күндүн ичинде курулуп жаткан заводдун объекттерин долбоорлорго инженердик-техникалык жана архитектуралык-пландоо шарттарын түзүү маселесин караштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен бирге:
- артыкчылыктарды айкындоо, бул иштин айлана-чөйрөгө таасир этүүчү бардык аспекттерин аныктоо, ошондой эле мүмкүн болушунча объективдүү маалымат алуу, коомдук ой-пикирдин таасирин эске алуу максатында 15 күндүн ичинде Компаниянын коомчулук менен консультацияларды өткөрүүсүнө жардам көрсөтсүн:
- айлана-чөйрөгө таасирди баалоо (мындан ары - АЧТБ) боюнча компанияга консультациялык көмөк көрсөтсүн;
- мамлекеттик экологиялык экспертизаны уюштурууну жана өткөрүүнү, 2 айдын ичинде долбоордук документтердин курамында АЧТБ документтерин камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө заводдун толук иштөөсү үчүн лицензияларды берүү боюнча Компаниядан келип түшкөн арыздарды караштырсын.
4. Чүй облусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы, Чүй облусунун Жайыл районун Кара-Балта шаарынын мэриясы көз карандысыз баалоочуларды, коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу жана Компаниянын катышуусу менен:
- кампанын санитардык-коргоо зонасынын чегинде жайгашкан батирлерди жана үйлөрдү сатып алуу боюнча жергиликтүү калк менен маселени чечсин жана реалдуу базар баасын белгиленген тартипте аныкташсын;
- кампанын жана заводдун санитардык-коргоо зонасынын чегинде жайгашкан өнөр жай объекттеринин, кашарлардын, жерлердин жана башка объекттердин реалдуу баасын аныкташсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү менен бирге заводдун курулуп жаткан объекттеринде коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылсын, бузуку күчтөрдүн жана курулушту ишке ашыруунун жүрүшүнө таасир тийгизүүчү башка терс акцияларга тыюу салсын.
6. Компанияга заводдун курулушун аяктоо жана ишке киргизүү боюнча иш планын аткаруусу жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жобого ылайык так сактоосу сунушталсын.
7. 2012-жылы 6-июнда Кытай Эл Республикасында, Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен «Борбордук- Азия энергетикалык компания» кытай компаниясынын ортосунда кол коюлган Меморандумга ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги курулушту бүтүрүүдө компанияга көмөк жана колдоо көрсөтсүн.
8. Ушул буйрукту аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №167-б буйругуна тиркеме |
2013-жылы «Чайна Петроль Компани «Джунда» жоопкерчилиги чектелген коомдун нефтини кайра иштетүүчү заводунун курулушун аяктоо жана ишке киргизүү боюнча
иш планы
Айлар | Иштердин аталышы | Эскертүү |
Апрель-май | Аба-вакуумдук түзүлүштү орнотмо, изомеризацияны орнотуу, суутек депрессорлорун орнотуу (90 пайызга аякталган) | Курулуш- монтаждоо иштери |
Апрель-май | Шаймандарды орнотуу жана электротехникалык иштерди монтаждоо, кошумча курулуш иштери (80 пайызга аякталган) | Курулуш- монтаждоо иштери |
Апрель-май | транспорттук-кампа районунун курулушу (80 пайызга аякталган) | Курулуш- монтаждоо иштери |
Апрель-май | 500000 т/г каталитикалык крекинг экинчи айкалыштырылган түзүлүштү орнотуу (60 пайызга аякталган) | Курулуш- монтаждоо иштери |
Апрель-май | Чоң жолго кошулуучу 4 темир жолду салуу | Курулуш- монтаждоо иштери |
Апрель-май | Заводдор аралык түтүк куурларын жайгаштыруу | Курулуш- монтаждоо иштери |
Апрель-май | 110 квт трансформатордук подстанция орнотуу (80 пайызга аякталган) | Курулуш- монтаждоо иштери |
Июнь | Аба-вакуумдук түзүлүштү орнотмо, изомеризацияны орнотуу, суутек депрессораларын орнотуу | Бүтүрүү |
Июнь | Шаймандарды орнотуу жана электротехникалык иштерди монтаждоо, кошумча курулуш иштери | Бүтүрүү |
Июнь | Транспорттук-кампа районун куруу | Бүтүрүү |
Июнь | 500000 т/г каталитикалык крекингден турган экинчи айкалыштырылган түзүлүштү орнотуу | Бүтүрүү |
Июнь | Чоң жолго кошулуучу 4 темир жолду салуу | Бүтүрүү |
Июнь | Заводдор аралык түтүк куурларын жайгаштыруу | Бүтүрүү |
Июнь | 110 квт трансформатордук подстанция орнотуу | Бүтүрүү |
Июль | Аба-вакуумдук түзүлүштү орнотмо | Берүү - кабыл алуу |
Июль | Изомеризацияны орнотуу | Берүү - кабыл алуу |
Июль | Суутек депрессораларын орнотуу | Берүү - кабыл алуу |
Июль | Майлоочу майларды орнотуу | Берүү - кабыл алуу |
Июль | Кошумча жабдуулар орнотуу (тазалоочу жайлар, трансформатордук подстанция, от жагуучу жайлар) жана транспорттук-кампа районунун бардык объектилери | Берүү - кабыл алуу |
Август | Каталитикалык крекингдин экинчи айкалыштырылган түзүлүшүн орнотуу | Бүтүрүү |
Август | Каталитикалык крекингди орнотуу | Берүү - кабыл алуу |
Август | Сыноочу ишке киргизүү (суу жана нефти сыноолору) | Толук эмес ишке киргизүү |
Октябрь | Заводду ишке киргизүү | Сыноочу ишке киргизүү |