Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-октябры № 523-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык боюнча корей агенттигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын токойлорунун потенциалын чыңдоо гранттык долбоору боюнча ниети жөнүндө протоколу долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугун берүү менен макулдук берилсин.
2. Долбоорду ишке ашыруу тиешелүү жылдагы республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине бекитилген каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык боюнча корей агенттигинин ортосундагы Кыргызстандын токойлорунун потенциалын чыңдоо гранттык долбоору боюнча ниети жөнүндө
Протоколу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (мындан ары «КЧКТМА» деп аталуучу) жана Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык боюнча корей агенттиги (мындан ары «КОIСА» деп аталуучу),
теңдик жана өз ара пайда принциптерине негизделген эки тараптын курчап турган чөйрөнү коргоо, токой экосистемаларын туруктуу өнүктүрүү жана табигый ресурстары жана экологиялык башкаруу жаатындагы потенциалды көбөйтүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүдө өз ара кызыкчылыктарды эске алып,
курчап турган чөйрөнү эффективдүү коргоодо эки жана көп тараптуу деңгээлде кызматташтык талап кылынаарын жана курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча иш аракеттер улуттук, региондук жана жергиликтүү деңгээлде өткөрүлүшү керек экенин ырастап;
курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой экосистемаларын туруктуу өнүктүрүү жаатындагы Тараптардын кызматташуусу эки өлкөнүн ортосундагы ынак достук мамилени андан ары чыңдоого түрткү берет деп эсептеп;
грантка негизделген долбоорду аткаруу үчүн ушул Протоколдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Техникалык тапшырмада берилген иш-чараларды аткарууга макул болушту.
Эки түр нускада орус, кыргыз жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Пикир келишпестиктер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст негиз катары алынат.
_________________________________ Атажанов Сабир Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору | _________________________________ Конг Му Хеон Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык боюнча корей агенттигинин БА жана КМШ боюнча тобунун директору |