Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-майы № 174-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Азербайжан Республикасынын Жаштар жана спорт министрлигинин ортосундагы Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Азербайжан Республикасынын Жаштар жана спорт министрлиги,
дене тарбия жана спорт жаатында кызматташууга ниеттерин билгизишип,
өз ара пайдалуу шарттарда узак мөөнөттүү кызматташууга көмөк көрсөтүүнү жана тереңдетүүнү каалап,
Тараптардын ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу алардын өз ара кызыкчылыктарына эң жакшы түрдө жооп берерин тастыктап,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар ушул Макулдашууга, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерге ылайык өз ара пайдалуу негизде дене тарбия жана спорт жаатында кызматташууну чыңдашат жана өнүктүрүшөт.
2-берене.
Тараптар эл аралык спорттук иштер жаатында кызматташууну өнүктүрүшөт. Тараптар эл аралык спорт маселелери боюнча маалыматтарды жана тажрыйба алмашуу максатында эки өлкөнүн делегациялары эки тараптуу консультация өткөрүп туруу жөнүндө макулдашты.
3-берене.
Тараптар спорттун ар кандай түрлөрү боюнча улуттук, региондук жана клубдук командаларынын ортосунда тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүшөт. Тараптар өзүлөрүнүн улуттук спорт ассоциацияларына эки өлкөдө спортту өнүктүрүү үчүн тажрыйба алмашууну жана өз ара кызматташууну чыңдоо жана түз байланышуу маселелеринде көмөк көрсөтүүгө тийиш. Тажрыйба алмашуу боюнча программалар эки Тараптын тийиштүү спорт уюмдары же спорт ассоциациялары тарабынан консультациялар аркылуу чечилиши керек.
4-берене.
Тараптар өздөрүнүн спортсмендеринин даярдык деңгээлин жана катышуусун жогорулатуу максатында, башка Тарап өткөрүүчү көп тараптуу спорттук мелдештерге жана машыгуу курстарына катышууга шыктандырат.
5-берене.
Тараптар спорт чөйрөсүндө дене тарбия, спорт жана медициналык изилдөөлөр боюнча адистер ортосунда тажрыйба алмаштырууга жана кызматташууга көмөк көрсөтүшөт.
6-берене.
Тараптар спорттук машыктыруучуларды жана спортсмендерди окутууга, ошондой эле Тараптардын мамлекеттерин спорт жаатындагы адистеринин ортосунда тажрыйба алмашуусуна көмөк көрсөтүшөт. Финансалык шарттар жана башка маселелер Тараптардын тиешелүү уюмдары тарабынан консультация жолу менен чечилет.
7-берене.
Тараптар мамлекеттердин турмуштагы белгилүү күндөргө жана окуяларга арналган спорттук иш-чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү колдойт жана биргелешип аракеттенет.
Тараптар дене тарбияны, спортту, спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер менен коомчулукту жана калкты кеңири тааныштыруу максатында спорттук басма сөз, радио жана телекөрсөтүү, спорттук журналисттерди жиберишүү, спорттук адабият жаатында кызматташууга көмөк көрсөтөт.
8-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуу боюнча өткөрүлүүчү бардык финансалык шарттар учурдагы жылга каралган бюджеттик каражаттын эсебинен эки тараптын макулдугу менен аныкталат.
9-берене.
Бул Макулдашууга Тараптардын макулдугу менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал протоколдор менен теризделет, ал өз учурунда ушул Макулдашуунун 11-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет жана Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет.
10-берене.
Макулдашуунун жоболорун ишке ашырууда жана чечмелөөдө пайда болгон кайчы пикирлерди Тараптардын компетенттүү органдары сүйлөшүү жана консультация жолдору менен чечишет.
11-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт, эгерде Тараптардын бири да жазуу жүзүндө ушул Макулдашуунун мөөнөтү бүтөөрүнөн 6 (алты) ай мурда дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу жөнүндөгү ниетин экинчи тарапка билдирбесе кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн өзү узартылат.
_____ шаарында 20___ жылдын "___" ______________ азербайжан, кыргыз жана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ, Макулдашуунун айрым жоболорун ар кандай чечмелөө болгон учурда орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Азербайжан Республикасынын
Дене тарбия жана спорт Жаштар жана спорт министрлиги
мамлекеттик агенттиги үчүн үчүн