Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 18-майы № 202-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 229-б
буйругунун редакциясына ылайык)
2012-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосунда Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи жыйынынын Протоколунун 3.1-пунктун аткаруу үчүн:
1. Казакстан Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик нефти компаниясынын катышуусунда Кыргыз Республикасында нефтини кайра иштетүү заводун куруу боюнча сунуштарды даярдоо үчүн Биргелешкен үч тараптуу жумушчу топтун кыргыз-казак бөлүгү төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кыргыз тараптан:
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, Биргелешкен жумушчу топтун тең төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
Казакстан тараптан (макулдашуу боюнча):
- "КазМунайГаз" улуттук компаниясы" акционердик коомунун нефти жана газ департаментинин директору;
- "КазМунайГаз" улуттук компаниясы" акционердик коомунун нефтини кайра иштетүү боюнча башкы эксперти.
2. Биргелешкен жумушчу топтун кыргыз-казакстан бөлүгүнүн тең төрагасына белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
3. Биргелешкен жумушчу топтун кыргыз-казакстан бөлүгүнүн жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги аныкталсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |