Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 28-майы № 229-б
Азербайжан Республикасынын мамлекеттик нефти компаниясынын катышуусу менен Кыргыз Республикасында нефтини кайра иштетүүчү завод куруу долбоорун андан ары илгерилетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-майындагы № 202-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Казакстан Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик нефти компаниясынын катышуусунда Кыргыз Республикасында нефтини кайра иштетүү заводун куруу боюнча сунуштарды даярдоо үчүн Биргелешкен үч тараптуу жумушчу топтун кыргыз-казак бөлүгү төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кыргыз тараптан:
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, Биргелешкен жумушчу топтун тең төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
Казакстан тараптан (макулдашуу боюнча):
- "КазМунайГаз" улуттук компаниясы" акционердик коомунун нефти жана газ департаментинин директору;
- "КазМунайГаз" улуттук компаниясы" акционердик коомунун нефтини кайра иштетүү боюнча башкы эксперти.";
- 2 жана 3-пункттардагы "кыргыз" деген сөз "кыргыз-казакстан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |