Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 23-майы № 210-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору (мындан ары - Макулдашуунун долбоору) жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Макулдашуунун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту Макулдашуунун долбоорунун 2-беренесине ылайык эки жумалык мөөнөттө Кытай Эл Республикасында Кыргыз Республикасынын адистеринин квалификациясын жогорулатууну ишке ашыруу үчүн зарыл болгон артыкчылыктуу багыттарды жана чөйрөнү аныктоо боюнча сунуш киргизсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Достук мамилелерди жана техникалык-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөр жөнүндөгү ушул Макулдашууну түзүштү:
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроо-талабына ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жалпы суммасы 5 (беш) млн. кытай юанына кайтарымсыз грант берет.
2-берене.
Жогоруда аталган кайтарымсыз грант мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кадрларды даярдоо боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн пайдаланылат. Конкреттүү маселелер кошумча эки тараптуу макулдашууда белгиленет.
3-берене.
Ушул Макулдашууну аткаруу үчүн тийиштүү Эсептик жол-жоболор боюнча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайындаган орган менен Кытай Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ортосунда кошумча кол коюлат.
4-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул Макулдашуудан келип чыгуучу бардык милдеттенмелерди Тараптар толук аткарганга чейин колдонулууда болот.
Бишкек шаарында 2012-жылдын "___" ______ айында эки түп нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн