Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 28-майы № 228-б
Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги менен Украинанын маданият жана туризм министрлигинин ортосундагы 2012-2014-жылдарда кызматташтык жөнүндөгү протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги менен Украинанын Маданият жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын жана Украинанын маданияттарын өз ара байытуу процессин өнүктүрүүнү көздөп, 1993-жылдын 23-февралындагы Кыргызстан Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Өкмөтүнүн ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуунун негизинде төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар 2012-2014-жылдарда Кыргыз Республикасынын Украинадагы Маданият күндөрүн жана Украинанын Кыргыз Республикасындагы Маданият күндөрүн өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышат.
Маданият күндөрүн өткөрүүнүн маселелери жана шарттары Тараптардын өз ара түшүнүшүү принцибинде аныкталат.
2-берене.
Тараптар кыргыз жана украина драма театрларынын театр фестивалдарына катышууларын колдошот, алар ушул фестивалдарды өткөрүү шарттарына ылайык Тараптардын мамлекеттеринде өткөрүлөт.
3-берене.
Тараптар драмалык, музыкалык театрлардын, көркөм коллективдердин жана жеке аткаруучулардын гастролдорун өз мамлекеттеринин аймактарында уюштурууга көмөк көрсөтүшөт.
4-берене.
Тараптар музыкалык фестивалдарга кыргыз жана украина музыкалык жамааттарынын жана жеке аткаруучулардын катышууларын колдошот, алар Тараптардын мамлекеттеринде ушул фестивалдарды өткөрүү шарттарына ылайык өткөрүлөт.
5-берене.
Тараптар маданият, эл чыгармачылыгы жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрөт жана эки мамлекеттин эл чыгармачылык борборлорунун жана өздүк-көркөм чыгармачылык жамааттарынын ортосундагы түз байланыштарды түзүүгө көмөктөшөт.
6-берене.
Тараптар музей жана көргөзмө иши жаатында кызматташат. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Украинанын музейлеринин ортосундагы түздөн-түз кызматташууну түзүүгө көмөк көрсөтүшөт.
7-берене.
Тараптар тарыхый-маданий эстеликтерге эсеп жүргүзүү, коргоо, кайрадан оңдоп калыбына келтирүү, пайдалануу жана пропагандалоо маселелери боюнча маалыматтарды алмашып турушат, оңдоп-түзөө иштерин, илимий семинарларды, симпозиумдарды, жолугушууларды жана экспедицияларды биргелешип жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтешет.
Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Украинанын элдеринин тарыхый-маданий мурастарын изилдөөгө, ушул мурастарды изилдөө максатында өз ара аракетти кеңейтүүгө көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар эки мамлекеттин жарандарынын Тараптардын карамагындагы музейлерде жана китепканаларда сакталып турган баалуулуктары менен таанышуу мүмкүнчүлүктөрүнө көмөк көрсөтүшөт.
8-берене.
Эл аралык укуктун нормаларына, Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык, Тараптар башка мамлекеттердин аймагына мыйзамсыз чыгарылып кеткен маданий баалуулуктарды табуу боюнча кызматташтыкты өнүктүрөт.
Тараптар маданий баалуулуктарды мыйзамсыз алып чыгууну жана алып кирүүнү болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырышат, өзүлөрүнүн компетенцияларынын чегинде бул маселелер боюнча маалыматтарды алмашышат жана мыйзамсыз чыгарылып кеткен маданий баалуулуктардын кайра кайтарылышына көмөк көрсөтүшөт.
9-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Украинанын маданият жана искусство жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын ортосундагы тикелей байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар чыгармачылык, окуу жана илимий багыттар боюнча жогорку окуу жайларынын студенттерин бири-бирине жиберүүгө көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар эки мамлекеттин алдыңкы театр оюн-зоок мекемелеринин, ошондой эле маданият жана искусство окуу жайларынын базаларында жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын кесиптик билимдерин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө жана алардын чыгармачылык тажрыйба алмашууларын уюштурууга көмөк көрсөтүшөт.
10-берене.
Тараптар төмөндөгү шарттарда маданий алмашууларды жүзөгө ашырышат:
а) көркөм жамааттарды, делегацияларды жана айрым өкүлчүлүктөрдү жиберүүлөр боюнча:
- жиберген Тарап өзүнчө макулдашууларда айтылган айрым учурларды кошпогондо, жол жүрүү, тиешелүү жүктөрдү баруучу жерге жана кайра артка жеткирүү, мүмкүн болгон калем акыларды төлөө менен байланышкан чыгымдарды төлөйт;
- кабыл алган Тарап жатакана жана тамактандыруу (же жиберген Тараптын каалоосу боюнча кабыл алган Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык суткалык акыны төлөйт), келүү программасына ылайык өз мамлекетинин аймагындагы унаа кызматтарына акы төлөйт;
б) музей фонддорунан алынган көргөзмөлөрдү жана заманбап искусствонун көргөзмөлөрүн жиберишүү болгон учурларда анын шарттары, мөөнөтү, экспозициянын орду ар бир учурда өзүнчө протокол менен түздөн түз көргөзмөнүн уюштуруучулары тарабынан аныкталат.
11-берене.
Ушул Протоколду чечмелөөгө же колдонууга байланышкан талаш маселелерди Тараптар консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.
12-берене.
Бул Протоколго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Протоколдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделет.
13-берене.
Бул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу болот.
_______ шаарында 20__-жылдын "____" ______ эки нускада ар бири кыргыз, украина жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер болгон учурда орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Украинанын
Маданият жана туризм Маданият жана туризм
министрлиги үчүн министрлиги үчүн