Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-декабры № 564-б
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө
Меморандум
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги мындан ары Тараптар деп аталып,
Дүйнөлүк Соода Уюмунун алкагында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда түзүлгөн соода тармагындагы макулдашууну эске алып, ошондой эле өз ара сооданын көлөмүн жогорулатуу, инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү максаттарында төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты:
1-берене
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы эки тараптуу макулдашуунун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) кыргыз - кытай соода - экономикалык кызматташуусунун абалын талдоо, анын өзгөчө артыкчылыктуу багыттарын жана өз ара аракеттенүүнүн формаларын аныктоо;
2) ведомстволор аралык эки тараптуу макулдашуунун жана соода - экономикалык чөйрөдө кызматташуу программаларынын долбоорлорун даярдоо;
3) Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык иш аракеттер чөйрөсүндө кызматташууга ыйгарым укук берилген ишкер чөйрөнүн өкүлчүлүктөрүнө көмөк көрсөтүү.
2-берене
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык, төмөнкү багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташууга көмөк көрсөтүшөт:
1) соода;
2) инвестицияларды жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу;
3) ишкердик;
4) өзүлөрүнүн компетенцияларынын чегинде өз ара кызыкчылыктарды тартуулаган башка тармактар.
3-берене
Тараптар өз ара кызыкчылыкты көрсөткөн маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкдар структураларынын адистерин окутуунун программасын жүргүзүү жолу менен экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө тажрыйба жана маалыматтарды алмашууну жүзөгө ашырууга, ошондой эле өнөр жай парктарын жана атайын экономикалык зоналарды түзүү жана иштетүү сыяктуу багыттар боюнча алмашууну жана окутууну уюштурууга макулдашышты.
4-берене
Тараптар, иштиктүү түз байланыштарды өнүктүрүү, жаңы заманбап технологиялардын трансферти, эл аралык жармаңкелерге, көргөзмөлөргө, бизнес - форумдарга чакан жана орто бизнестин өкүлчүлүктөрүнүн катышуусун кеңейтүү максатында бизнес - коомчулуктун, ишкердиктин өкүлчүлүктөрүнө колдоо көрсөтүү жаатындагы семинарларды жана тренингдерди уюштурууда кызматташууну ишке ашырышат.
5-берене
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода - экономикалык мамилелерин өнүктүрүүгө тийиштүү маселелер боюнча керектөөлөргө жараша жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүп турууга макулдашышты.
Отурумдун күн тартибин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги жолугушууга чейин эки ай мурда макулдашышат.
6-берене
Бул Меморандумдун жобосу Кыргыз Республикасы же Кытай Эл Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерден, ошондой эле алардын эл аралык уюмдарда мүчө болушунан келип чыккан Тараптардын укуктарына жана милдеттенмелерине тиешеси болбойт.
7-берене
Бул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Тараптардын макулдугу боюнча бул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет, ал өзүнчө протокол менен таризделет жана ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Бул Меморандумдун жоболорун талкулоо же ишке ашырууда пайда болгон ар кандай талаш-тартыштарды Тараптар сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүп чечишет.
8-берене
Бул Меморандум белгисиз мөөнөткө чейин түзүлдү жана Тараптардын бири Меморандумдун аракеттерин токтотуу тууралуу ниеттерин экинчи Тарапка кат түрүндө билдирген күндөн тартып алты айга чейин колдонулат.
Бул Меморандум 2012-жылдын «_____» декабрында Бишкек шаарында эки түп нускада ар бири кыргыз, орус жана кытай тилдеринде кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үчүн | Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги үчүн |