Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-декабры № 566-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика министрине ушул Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө
Макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар) достук мамилелерин жана техникалык-экономикалык кызматташуусун андан ары өнүктүрүү максатында төмөнкүлөр тууралуу ушул Макулдашууну түзүштү:
1-берене
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроо-талабына ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жалпы суммасы 60 (алтымыш) миллион кытай юаны болгон кайтарымсыз грант берет.
2-берене
Жогоруда аталган кайтарымсыз грант Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын эсебинен ишке ашырылуучу кытай тилин үйрөнүү менен жалпы билим берүүчү мектеп куруунун долбоору боюнча жетпей калган финансы каражатына кошумча катары, ошондой эле эки Тарап макулдашкан башка долбоорлорду ишке ашыруу үчүн колдонулат. Конкреттүү маселелер кошумча эки тараптуу Макулдашууларда белгиленет.
3-берене
Ушул Макулдашууну аткаруу үчүн эсептик жол-жоболор боюнча тиешелүү Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан дайындалган орган менен Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ортосунда кошумча кол коюлат.
4-берене
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана эки Тарап ушул Макулдашуудан келип чыккан бардык милдеттерди толук аткарганга чейин күчүндө болот.
Бишкек шаарында 2012-жылдын «____»-декабрында ар бир Тарап үчүн эки нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн |