Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-декабры № 570-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 1-июнундагы № 76 Мыйзамы менен ратификацияланган, чогуу алганда Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүн реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июлундагы жооп катынын 4-пунктуна ылайык:
1. Жогоруда аталган Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык жолдорду (Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсү жана Лев Толстой проспектиси) (мындан ары - муниципалдык жолдор) реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
2. Бишкек шаарынын мэрине Муниципалдык жолдорду реконструкциялоо боюнча контрактка кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |