Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-декабры № 571-б
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Интеграцияланган валюта рыногун уюштуруу жаатында кызматташуусу жөнүндө келишимдин расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучулар - Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттер,
Тараптардын интеграцияланган валюта рыногун түзүүнү биринчи артыкчылыктуу маселе катары таануу менен,
КМШга катышкан мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 2003-жылдын 25-апрелиндеги чечими менен бекитилген, КМШга катышкан мамлекеттердин интеграцияланган валюта рыногун түзүүнүн уюштуруучулук негиздерин жана принциптерин эске алып,
Тараптардын резидент-банктарынын КМШга катышкан мамлекеттердин интеграцияланган валюта рыногунда чет өлкө валюталары менен конверсиялык операцияларды жүргүзүүгө тең укуктуу жана өз ара пайдалуу негизде катышуусу үчүн шарттарды түзүү зарылдыгынан улам,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Бул Келишимде пайдаланылган терминдер төмөнкүлөрдү билдирет:
интеграцияланган валюта рыногу - Тараптардын жалпы принциптерде иш жүргүзүүнү жана мамлекеттик жөнгө салууну көздөгөн ички валюталык рынокторунун жыйындысы;
резидент-банк - өз мамлекетинин компетенттүү органынын атайын уруксатынын (лицензиялык же башка негизде) негизинде тиешелүү Тараптын улуттук мыйзамдарында каралган банктык операцияларды жүргүзүү укугуна ээ болгон юридикалык жак же башка укуктук түзүм;
банктар аралык конверсиялык операциялар - резидент-банктар интеграцияланган валюта рыногунда чет өлкөлүк валютаны сатып алуу-сатуу боюнча ишке ашыруучу бүтүмдөр;
компетенттүү органдар - Тараптардын борбордук (улуттук) банктары жана башка мамлекеттик органдары, Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык валюталык жөнгө салууну жана банктык көзөмөлдү ишке ашыруучулар.
2-берене.
Ар бир Тарап башка Тараптардын өзүн уюштурган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык валюталык операцияларды жүргүзүүгө укуктуу резидент-банктарына өзү Тараптын резидент-банктарына берилген шарттардан начар эмес шарттарда банк аралык операцияларды жүргүзүшү үчүн өзүнүн улуттук валюта рыногуна жол берилишин камсыздайт.
3-берене.
Банктар аралык конверсиялык операцияларды ишке ашырууда бирдей атаандаштык шарттарын камсыздоо максатында ушул Макулдашууну ишке ашыруучу компетенттүү органдардын иштерин координациялоо, ошондой эле Тараптардын мыйзамдарынын жоболоруна жана жалпы кабыл алынган эл аралык тажрыйбага негизделген интеграцияланган валюта рыногунун катышуучуларына карата талаптарды макулдашуу КМШга катышкан мамлекеттердин валюталык-финансылык чөйрөдө өз ара байланышта иштешүүсүн жөнгө салуучу КМШ органына тапшырылат.
4-берене.
Бул Макулдашуу Тараптардын алар катышуучу болгон башка эл аралык келишимдер боюнча укуктарына жана милдеттенмелерине таасир этпейт.
5-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар тиешелүү протоколдор менен таризделет.
6-берене.
Тараптар ортосунда бул Макулдашууну колдонууда жана чечмелөөдө болуучу талаш маселелер кызыкдар Тараптардын ортосунда консультацияларды өткөрүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилүүгө тийиш.
Талаш маселелерди консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салуу мүмкүн болбогон учурда талаштын Тараптары кызыкдар Тараптардын кимисинин болсо да демилгеси боюнча өз ара макулдашуу менен КМШнын Экономикалык сотуна же башка процедураларга кайрылышат.
7-берене.
Макулдашуунун жоболору ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттер түзгөн эл аралык келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде түзүлгөн жана иштеп жаткан, ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин биринде туруктуу жайгашкан банктарга карата колдонулат.
8-берене.
Бул Макулдашуу ага кол коюшкан Тараптар анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарышканы жөнүндө үчүнчү кат жүзүндөгү билдирүүнү депозитарий алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мамлекеттик ички жол-жоболорду кечигүү менен аткарышкан Тараптар үчүн бул Макулдашуу депозитарий тиешелүү документтерди алган күндөн тартып күчүнө кирет.
9-берене.
Бул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин КМШга катышкан бардык мамлекеттерге ага кошулуу үчүн ачык, ошондой эле ушул Макулдашуунун максаттарын жана принциптерин тең бөлүшкөн бардык Тараптардын макулдугу менен кайсыл болбосун мамлекет депозитарийге тиешелүү документтерди берүү аркылуу да ага кошула алат.
КМШга катышкан мамлекеттер үчүн бул Макулдашуу депозитарий кошулуу жөнүндө документти алган күндөн тартып күчүнө кирет.
КМШнын катышуучусу эмес мамлекеттер үчүн бул Макулдашуу ага кол коюуга макулдугун билдирген же ага кошулган мамлекеттердин кат жүзүндөгү акыркы билдирүүсүн депозитарий алган күндөн тартып күчүнө кирет.
10-берене.
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Тараптардын ар бири андан чыгуу ниетин билдирген кат жүзүндөгү билдирүүсүн депозитарийге чыгаардан алты айдан кем эмес мурда жөнөтүү менен бул Макулдашуудан чыгууга укуктуу.
2012-жылдын 5-декабрында Ашхабад шаарында орус тилиндеги бир түп нускада түзүлгөн. Түп нуска Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин Аткаруучу комитетинде сакталат, ал Макулдашуунун күбөлөндүрүлгөн копиясын Тараптардын ар бирине жөнөтөт.
Азербайджан Республикасы үчүн __________
| Россия Федерациясы үчүн В.Путин |
Армения Республикасы үчүн С.Саргсян (жеке пикирин билдирүү менен)
| Тажикстан Республикасы үчүн Э.Рахмон |
Беларусь Республикасы үчүн А.Лукашенко | Түркмөнстан үчүн __________
|
Казакстан Республикасы үчүн Н.Назарбаев (жеке пикирин билдирүү менен)
| Өзбекстан Республикасы үчүн __________
|
Кыргыз Республикасы үчүн Биринчи вице-премьер-министр Ж.Оторбаев
| Украина үчүн __________ |
Молдова Республикасы үчүн _________
|
|
Келишимдин 2-беренесинде каралган милдеттенмелер Армения Республикасы тарабынан банктар аралык конверсиялык операцияларды жүргүзүү боюнча ишти лицензиялоо, жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө жагындагы улуттук мыйзамдарга ылайык аткарылат.
Армения Республикасынын Президенти | С.Саргсян |
Казакстан Республикасы бул Макулдашуунун 1-беренесинде айтылган жана кийин Макулдашуунун 2-беренесинде пайдаланылган "резидент банк" деген терминди Казакстан Республикасы Тараптардын биринин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, ошол Тараптын компетенттүү органынын атайын уруксатынын (лицензиянын же башка негиздеменин) негизинде банк операцияларын жүргүзүүгө укуктуу жана ошол Тараптын мыйзамдары боюнча банк катары таанылган юридикалык жакты түшүнөт.
Казакстан Республикасынын Президенти | Н.Назарбаев |