Редакцияот 12.12.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 12-декабры № 585-б

Инвестициялар чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо максатында:

1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Жумушчу топко төмөнкү укуктар берилсин:

- белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн, эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга;

- иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан керектүү маалыматты сурап алууга.

3. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө инвестициялар чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын.

4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн.

5. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине тапшырылсын.

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев

 

Тиркеме

 

Инвестициялар чөйрөсүндө мыйзамдарды жакшыртууга карата сунуштарды даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун

Курамы

 

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.

 

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

 

- Кыргыз Республикасынын экономика министри;

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

- Кыргыз Республикасынын финансы министри;

- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;

- Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү (макулдашуу боюнча);

- Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча);

- Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча);

- Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы тобунун өкүлү (макулдашуу боюнча);

- Эл аралык ишкер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

- Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);

- Бишкек ишкер клубунун төрагасы (макулдашуу боюнча).

 

Өкмөттүн

Аппарат жетекчиси - министр

 

Н. Момуналиев