Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 29-майы № 236-б
Жеңиш күнүнүн 67 жылдыгын майрамдоонун урматына тиркелген тизмеге ылайык Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 10000 (он миң) сомдон өлчөмдө бир жолку акчалай пособия катарында берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 60 000 (алтымыш миң) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына бөлүнсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
№ | Аты-жөнү | Туулган жылы | Кыргыз ССР Министрлер Советинде ээлеген кызматы | Кыргыз ССР Министрлер Советинин органдары системасындагы иш стажы |
1 | Егимбаев Омутай Егимбаевич | 1919 | Кадрлар боюнча улук референт | 25 жыл |
2 | Бурбо Владимир Иванович | 1925 | Өнөр жай бөлүмүнүн улук референти | 22 жыл |
3 | Козин Иван Прохорович | 1923 | ХОЗУнун электриги | 11 жыл |
4 | Мухлаев Николай Алексеевич | 1924 | ХОЗУнун техниги | 17 жыл |
5 | Усупов Макай | 1924 | Кыргызстан КП БКнын алдындагы Партиянын тарыхы институтунун сектор башчысы | 20 жыл |
6 | Алапаев Ормонбек | 1929 | Кыргыз ССР Министрлер Советинин слдандагы Дин иштери боюнча ыйгарым укутуу өкүл | 17 жыл |