Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 1-июну № 240-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда достук мамилелерди андан ары өнүктүрүү жана соода-экономикалык кызматташууну чындоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.А.Карашевге ушул Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министр | А.Карашев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү достук мамилелерди жана техникалык-экономикалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү максатында төмөнкүлөр тууралуу ушул Макулдашууну түзүштү:
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроо-талабына ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү жалпы суммасы 150 (бир жүз элүү) миллион кытай юанын түзгөн кайтарымсыз түрдөгү грант берет.
2-берене.
Жогоруда аталган кайтарымсыз грант эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан макулдашылган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн пайдаланылат. Конкреттүү шарттар кошумча эки тараптуу макулдашууда белгиленет.
3-берене.
Бул Макулдашууну аткаруу үчүн эсептик жол-жоболор боюнча тийиштүү Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы тарабынан дайындалган органдын ортосунда кошумча кол коюлат.
4-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул Макулдашуудан келип чыгуучу бардык милдеттенмелерди эки тараптын өкмөттөрү толугу менен аткарып бүткөн күнгө чейин күчүндө болот.
2012-жылдын "___" июнунда Пекин шаарында ар бир тарап үчүн эки түп нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн