Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 1-июну № 241-б
Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Маданият министрлигинин ортосундагы 2012-2015-жылдарга карата кызматташуу программасынын долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен макулдук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министр | А.Карашев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги жана Кытай Эл Республикасынын Маданият министрлиги эки өлкөнүн ортосунда маданият жана искусство тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 1994-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Маданий кызматташтык жөнүндө макулдашууну көңүлгө алуу менен төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты.
1-берене.
Тараптар маданият жана искусство тармагындагы жарыяланган материалдарды, адабияттарды жана изилдөөчүлүк материалдарды алмашышат.
2-берене.
Тараптар музей иштери жана көргөзмөлөрдү уюштуруу иши тармагында кызматташат жана Жибек жолду ЮНЕСКОнун маданий мурас объектилеринин тизмесине киргизүүгө чогуу аракет жасашат.
3-берене.
Тараптар 12-16 адамдан турган чыгармачыл жамааттардын гастролдорун уюштурууга көмөк көрсөтүшөт, алардын убактысын жана шартын эки тарап өз ара макулдашышат.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт Академиясы жана Кытай Эл Республикасынын Борбордук Искусство Академиясы живопись, скульптура жана дизайн тармагында окутуучулардын жана студенттердин тажрыйба алмашуусуна көмөк көрсөтүшөт. Мөөнөттөрү жана шарттары өз ара макулдашылат.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы жана Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик китепканасы кызматташуу максатында китепкана материалдарын өз ара алмашууну камсыздашат. Кызматташуунун тийиштүү долбоорлору сүйлөшүү жолу аркылуу өз ара макулдашылат.
6-берене.
Тараптар сүрөт жана декорациялык-колдонмо өнөр боюнча улуттук сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрүн Тараптардын мамлекеттеринин аймагындагы көргөзмө уюштуруучу мекемелердин чакыруусу боюнча уюштурууга көмөктөшөт.
7-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамиле түзүлүшүнүн 20 жылдыгына карата Тараптардын мамлекеттеринин аймагында Маданият күндөрүн өткөрүшөт. Убактылары жана майда-чүйдөсү жумуш тартибинде өз ара макулдашылат.
8-берене.
Тараптар ушул Программага өз ара макулдашуунун негизинде өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү жана ушул Программанын ажырагыс бөлүгү болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алышат. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө протоколдор ушул Программанын күчүнө кирүүсү үчүн белгиленген тартипте күчүнө кирет.
9-берене.
Бул Программанын иш-чараларын аткаруу боюнча бардык каржылоо маселелери Тараптардын өз ара шарттарынын негизинде эки тараптуу макулдашылат.
Иш-чараларды жана өткөрүүнүн конкреттүү жактарын жана шарттарын Тараптар өз ара макулдашуу принцибинде аныкташат.
10-берене.
Бул Программа кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2015-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу болот.
2012-жылы "__" июнда Пекин шаарында, ар бири кытай, кыргыз, жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Талаштуу маселелер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст негизги болот.
Кыргыз Республикасынын Кытай Эл
Маданият жана туризм Республикасынын Маданият
министрлиги үчүн министрлиги үчүн