Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 1-июну № 242-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында исламдык банк ишин жана каржылоону киргизүүгө техникалык жардам (грант) боюнча макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министр | А.Карашев |
Долбоор
Техникалык жардам (грант) боюнча макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - "Бенефициар" деп аталат) жана мүчө өлкөлөр түзүшкөн Макулдашуунун беренелерине ылайык уюштурулган эл аралык финансылык институт болгон Ислам өнүктүрүү банкынын (мындан ары - "Банк" деп аталат ортосундагы 1433-жылдын "___" _________ Макулдашуу Хижра жыл сүрүүсү боюнча 2012-жылдын "___" _________ туура келет.
Төмөнкүлөргө байланыштуу:
а) Банк Бенефициарга Хижра боюнча 19/12/1427-ж. (09/01/2007-ж.) кол коюлган, Бенефициардын өлкөсүндө Исламдык банк ишин жана каржылоону киргизүүгө Техникалык жардам жөнүндө макулдашууга ылайык 170000 ИД (жүз жетимиш миң исламдык динар) өлчөмүндөгү техникалык жардамды бергендиктен;
б) ушул Макулдашуунун 1-тиркемесинде айтылгандай (мындан ары "Долбоор" деп аталат), Бенефицар Банктан Бенефициардын өлкөсүндө исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын андан ары өнүктүрүү боюнча экинчи фазаны каржылоо үчүн Техникалык жардам берүүнү сурагандыктан;
с) Банк аталган документте жазылган шарттарга ылайык техникалык жардам берүүгө макул болгондуктан,
жогоруда айтылгандардын негизинде Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
I берене. Гранттын суммасы
Банк Бенефицарга Вакф Фондунан 123000 ИД (жүз жыйырма үч миң исламдык динардан) ашпаган (бул АКШнын 193000 долларына жакын) сумманы техникалык жардам катары берет.
II берене. Гранттын суммасын берүү жана пайдалануу
2.01-пункт. Гранттык сумма Банктык төлөп берүүлөрдүн жол-жоболоруна жана II тиркемеге ылайык берилет.
2.02-пункт. Гранттан келип түшкөндөр II тиркемеде баяндалган пункттардын баасын жабуу үчүн гана пайдаланылышы керек.
2.03-пункт. Биринчи төлөп берүү өтүнүчү берилүүчү күн.
Ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 6 (алты) айдын ичинде, же болбосо Бенефициар менен Банктын ортосунда макулдашылышы мүмкүн болгон кыйла кеч мөөнөттө, биринчи төлөп берүү өтүнүчүн Бенефициар уюштуруучу-аткаруучу аркылуу Банкка бербесе, Банк Бенефициарга тиешелүү билдирүүнү жасап ушул Макулдашууну токтотуп коюшу мүмкүн.
2.04-пункт. Жараксыз деп табуунун шарттары
Гранттын кайсы бир суммасы 01/06/2012-жылга карата, же Бенефициар менен Банктын ортосунда макулдашылган күнгө карата алынбаса, Банк Бенефициар менен кеңешип алынбай калган бөлүктү жокко чыгарышы мүмкүн.
III берене. Долбоорду ишке ашыруу
3.01-пункт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Долбоорду Аткаруучу Агенттик катары чыгат.
3.02-пункт. Бенефициар Долбоорду Аткаруучу Агенттик аркылуу, Банк менен кеңешип, Бенефициар берген жана Банк жактырган Банкка мүчө өлкөлөрдүн Кеңешчилеринин жана Окутуучуларынын тизмесинен Кеңешчини жана Окутуучуну тандап алат.
3.03-пункт. Гранттын суммаларын төлөп берүү сунушу жөнүндө документтер Банктын жактыруусуна берилиши керек.
3.04-пункт. Бенефициар менен Кеңешчилердин же Окутуучулардын ортосундагы контрактка Банк кол коюлганга чейин Бенефициар Банктын кароосу жана бекитүүсү үчүн Кеңешчинин жана Окутуучунун милдеттеринин чөйрөсүн аныкташы керек.
IV берене. Бенефициардын милдеттенмеси
4.01-пункт. Бенефициар Долбоорду аткарууга колдоо көрсөтүү үчүн толук иш күндүн негизинде кызматкерлердин квалификациялуу жергиликтүү штатын берет.
4.02-пункт. Аткаруучу агенттик чыгымдардын ички бөлүгүн төлөө үчүн керектүү каражаттарды өзүнүн бюджетинде карайт. Башкача айтканда, Гранттын суммасы салыктардын, алымдардын, жыйымдардын, төлөөлөрдүн же ушул сыяктуу баардык алынчулардын баасын жаппайт.
4.03-пункт. Бенефициар Грант боюнча келип түшкөн каражаттардын пайдаланылышы жана Долбоорду аткаруунун жүрүшү, ага жумшалган чыгымдар тууралуу отчет берүү максатында Аткаруучу агенттик аркылуу эсеп-кысап жана бухгалтердик документтерди жүргүзөт жана ушул документтин 4.04-пунктуна ылайык Банкка маалымат берет.
4.04-пункт. Бенефициар Аткаруучу агенттик аркылуу Банкка долбоорду аткаруунун жүрүшүн, жаралган проблемаларды, көрүлгөн чараларды жана Банктын талабы боюнча башка жагдайларды толук, майда-чүйдөсүнө чейин баяндаган кварталдык отчетту өз учурунда берет. Мындан тышкары, Бенефициар Аткаруучу агенттик аркылуу банкка жыйынтыктар жана Кеңешчилер менен Окутуучулар өз милдеттерине ылайык жасаган иштер жөнүндө отчет берет.
4.05-пункт. Бенефициар Аткаруучу агенттик аркылуу Банктын аккредиттелген өкүлдөрүнө долбоорду ишке ашырууга байланышы бар баардык менчиктерге жана объекттерге эркин киришин камсыз кылат.
4.06-пункт. Бенефициар Аткаруучу агенттик аркылуу Долбоор бүткөндөн кийин 90 (токсон) күндүн ичинде, Макулдашууга ылайык Банк берген Техникалык жардамдын алкагында долбоордун максатынын ишке ашырылышын жана анын жыйынтыгын баалаган отчетту Банкка берет.
4.07-пункт. Бенефициар Аткаруучу агенттик аркылуу ушул Макулдашууда каралган кызмат көрсөтүүнү же милдеттенмени аткарууну колдогон долбоордогу максаттардын аткарылышына жолтоо болуучу ар кандай жагдай же кооптуулук жөнүндө Банкка өз учурунда маалымат берет.
V берене. Башка маселелер
5.01-пункт. Бенефициар тараптардын биринин койгон талабы боюнча Аткаруучу агенттик жана Банк аркылуу Техникалык жардам боюнча пикир алышат жана Кеңешчилердин доклады тууралуу, ошондой эле ошол докладдарда айтылган рекомендацияларды аткаруу боюнча консультация алып турат.
5.02-пункт. Банк Кеңешчи тарабынан даярдалган ар кандай отчетторду жана керек деп эсептеген башка отчетторду кайсы бир максаттарга пайдалана алат, бирок Бенефициар менен Банктын ортосунда макулдашуу болбосо ошол отчетторду көпчүлүктүн назарына кое албайт.
5.03-пункт. Кеңешчилердин тиешелүү рекомендациялары жагынан бул Макулдашуу Бенефициарга финансылык же андан аркы техникалык жардамдарды берип турууга Банкты милдеттендирбейт.
VI берене. Макулдашуунун тили
Бул Макулдашуу орус жана англис тилдеринде, ар бир Тарап үчүн бирден жана бирдей юридикалык күчтөгү эки нускада түзүлдү. Орус жана англис тилиндеги тексттердин ортосунда ажырым болгон учурда орус тилиндеги текст англис тилиндеги тексттен артыкчылыктуу күчтө болот.
VII берене. Билдирүү
Бир тараптан экинчи тарапка жазуу жүзүндө колмо-кол берилген же телеграмма менен, почта аркылуу, ошондой эле телефакс аркылуу төмөнкү даректердин бирине ар кандай билдирүүлөр маалымат берилди деп эсептелет:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Эркиндик бульвары, 58.
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 720040,
Тел./факс (996 312) 661645
Ислам Өнүктүрүү Банкы үчүн:
Сауд Аравия Королдугу.
Жидда 21432.
А/Я:5925.
Телеграмма: ВАNKISLAMI JEDADAN.
Телекс: 601137180В SJ.
VII берене. Өзгөртүү жана толуктоо
Бул макулдашууга өзгөртүүлөр менен толуктоолор Банк менен Бенефициардын ортосунда белгиленген тартипке жараша алдын ала макулдашылгандан кийин гана киргизилет. Макулдашууга киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолор Банк менен Бенефициардын ортосундагы жазуу жүзүндөгү макулдашууга кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Муну ырастоо үчүн Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Преамбулада көрсөтүлгөн күнү ушул Макулдашууга кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Ислам Өнүктүрүү Банкынын
атынан атынан
────────────────────── ────────────────────────
I тиркеме
Техникалык жардамдын негизги максаты Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын андан ары өнүктүрүүгө жардамдашууну көздөйт.
Долбоордун чөйрөсү:
A. Кеңеш берүүчү кызматтар
Кеңешчилерди алты (6) айга чейинки эң чоң мөөнөткө дайындоо жагынан, жана алардын ар бири Сукка жана Такафул боюнча мыйзамдык базаны түзүүгө жардам көрсөтүшү керек. Ислам өнүктүрүү банкы Кеңешчинин (же Кеңешчилердин) консультациялык кызматына, турак жайына жана авиабелетине акы төлөйт.
B. Котормочулук кызматтар
Кеңешчилердин ишинин жана окутуучу семинарлардын учурунда ырааттуу, синхрон жана жазуу жүзүндө которууларды камсыздоо үчүн Ислам өнүктүрүү банкы профессионал котормочуларды дайындоо жагындагы чыгымдарды төлөп берет.
C. Окутуучу көнүгүүлөр
Сукук, Такафул жана ислам банктарынын ликвиддүүлүгүн башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана башкалардын кызматкерлери үчүн окутуучу семинарларда Ислам өнүктүрүү банкы Окутуучунун чыгымдарын (авиабелет, турак жай жана суткалык сарптоолор) төлөп берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы консультанттарга Кыргыз Республикасынын чегиндеги транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө жооптуу болот өзүнүн ресурстарынын эсебинен керектүү секретарлык кызматтарды камсыздайт (кызматкерлердин семинардын материалдарын даярдоо боюнча кызматтары).
II тиркеме
1. Гранттын суммасы төмөнкүдөй пункттардын бааларын төлөө үчүн пайдаланылышы керек:
АКШ долларындагы сумма
┌───┬────────────────────────────────┬──────────┬─────────┬───────────┐
│ № │ Бөлүм │ ИБР │ (*) │ Сумма │
├───┼────────────────────────────────┼──────────┼─────────┼───────────┤
│1 │Кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүү│ 150,000 │ 4,000 │ 154,000 │
├───┼────────────────────────────────┼──────────┼─────────┼───────────┤
│2 │Которуу кызматы │ 7,200 │ 1,500 │ 8,700 │
├───┼────────────────────────────────┼──────────┼─────────┼───────────┤
│3 │Окутуп үйрөтүүчү семинарлар │ 18,700 │ 6,300 │ 25,000 │
├───┼────────────────────────────────┼──────────┼─────────┼───────────┤
│4 │Бардыгы │ 175,900 │ 11,800 │ 187,700 │
├───┼────────────────────────────────┼──────────┼─────────┼───────────┤
│5 │Алдын ала болжоого мүмкүн │ 17,100 │ 1,180 │ 18,280 │
│ │болбогон чыгымдар (10%) │ │ │ │
├───┼────────────────────────────────┼──────────┼─────────┼───────────┤
│ │ │ 193,000 │ 13,000 │ 206,000 │
│ │Суммасы │ │ │ │
└───┴────────────────────────────────┴──────────┴─────────┴───────────┘
(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы берген каржылоо.
II. Төлөп берүү механизми: Бенефициар Банктан төмөндөгү графикке ылайык 5тен (бештен) ашуун эмес төлөмдөрдү сурай алат:
(I) төлөмдөрдү биринчи сурап алуу Гранттын суралган суммасынын 20% (жыйырма) пайызын түзөт, ал бул сумманы пайдалануу бюджетин баяндаган иш планы менен коштолушу керек;
(II) төлөмдөрдү экинчи, үчүнчү, төртүнчү сурап алуулардын ар бири Гранттын суралган суммасынын 20% (жыйырма) пайызын түзөт, алар төмөнкүдөй документтер коштолууга тийиш:
(а) эсеп-барагы, алдын ала суралып алынган төлөмдөрдү иш жүзүндө пайдалануунун беренесин көрсөтүү менен, эсеп-фактурасы менен бирге;
(б) иштин жүрүшү жөнүндө доклад, бүгүнкү күнгө карата бүткөрүлгөн иштин баяндамасы менен бирге;
(в) берүүнү сурап жаткан каражатты пайдалануунун бюджети баяндалган иш план.
(III) Гранттын суммасынын 20% (жыйырма) пайызын түзгөн бешинчи жана акыркы төлөп берүү, ал төмөнкүлөр менен коштолушу керек:
(а) эсеп-барак, алдын ала суралган төлөмдү иш жүзүндө пайдалануунун беренесин көрсөтүү менен, эсеп-фактурасы менен кошо;
(б) иштин жүрүшү жөнүндө доклад, бүгүнкү күнгө карата бүтүрүлгөн иштин баяндамасы менен.
Жогоруда айтылгандарга карабастан, биринчи жана акыркы суроолор II (I) бөлүмдө жана II (III) бөлүмдө баяндалган жол-жоболорго ылайык жасалган шартта, алуучу төлөп берүү жөнүндө суроосун банкка 5тен (бештен) кем эмес бере алат.