Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-июну № 243-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Мындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтү,
Бул эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык чөйрөсүндө Макулдашуучу Тараптардын өз ара пайдалары үчүн мамилелерди кеңейтүүнү жана бекемдөөнү каалап,
Макулдашуучу Тараптар төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашуучу Тараптар теңчиликтин, достуктун жана өз ара пайданын негизинде өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык экономикалык, соода жана техникалык жааттарда, өнөр жайды, энергетиканы, айыл чарбаны, коммуникацияны, транспортту, курулушту, эмгек жана туризмди кошкондо, бири-бири менен кызматташууну ишке ашырышат.
2-берене.
Макулдашуучу Тараптар өздөрүнүн өнөр жай жана айыл чарба продукцияларын, кызмат көрсөтүүлөрүн, ошондой эле чийки заттарын, өз мамлекеттеринин мыйзамы менен тыюу салынгандарды кошпогондо, экспорттоону жана импорттоону илгерилетет жана көмөк көрсөтүшөт.
3-берене.
Макулдашуучу Тараптар качан жана кайда мүмкүн болгон бардык каражаттар аркылуу Макулдашуучу Тараптардын ар биринде болгон эки өлкөнүн ортосунда товарларды ташууга жана кызматтарды көрсөтүүлөргө өз ара көмөктөшөт жана жөнөкөйлөштүрөт.
4-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин жеке жана юридикалык жактарынын ортосунда түзүлүүчү бүтүмдөр үчүн колдонулуучу төлөмдүн ыкмалары жана валюта колдоого алынат, төлөмдөрдүн ар кандай эл аралык ыкмаларын жана эркин колдонулуучу валюталарды колдонуу кызыкдар тараптардын ортосунда макулдашылат.
5-берене.
Макулдашуучу Тараптын ар бири төмөнкүлөргө милдеттүү:
(1) Макулдашуучу Тараптын биринин мамлекетинин аймагында өткөрүлүп жаткан эл аралык жармаңкелерге жана көргөзмөлөргө ишкерлердин, Соода-өнөр-жай палаталарынын жана ушуга окшогон коомдук мекемелердин өкүлдөрүнүн, ошондой эле мамлекеттик кызмат адамдарынын катышуусун колдоого жана көмөк көрсөтүүгө.
(2) Макулдашуучу Тараптын экинчисине ар бир өлкөдө жармаңке жана көргөзмө уюштурууга жана бири-бирин бардык зарыл шарттар менен жана көмөк көрсөтүүнү камсыздоого, эгер бул мүмкүн болсо, тийиштүү мыйзамдардын алкагында өз максаттарына жетишүү үчүн уруксат берүүгө.
(3) Колдонулуудагы мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык бажы алымдарынан же ар кандай салыктык жыйымдардан бошотулууга тийиш болгон Макулдашуучу Тараптын аймагына импорттолуучу, сатууга багытталбаган төмөнкү товарларды бошотуу, атап айтканда:
а. Иш-чара бүткөндөн кийин чыккан өлкөсүнө кайтарылууга тийиш болгон убактылуу жармаңкелер жана көргөзмөлөр үчүн товарларды жана материалдарды;
Ь. Жогоруда аталган иш-чаралар үчүн колдонулуучу, коммерциялык баалуулуктары жок товарлардын үлгүлөрүн.
6-берене.
Ар бир Макулдашуучу Тарап Соода-өнөр-жай палатасынын жана башка ушуга окшогон коомдук мекемелердин өкүлдөрүнүн ортосундагы, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты жана иш сапарларды колдойт.
7-берене.
Макулдашуучу Тараптардын ар бири:
(1) Биргелешкен техникалык жана экономикалык долбоорлорду түзүү боюнча техникалык иш-аракетти жүзөгө ашыруучу өкмөттүк жана жеке мекемелердин жана коомдук агенттиктердин ортосундагы кызматташтыкты, ошондой эле зарыл жардамдарды жана колдоону камсыз кылуу үчүн ар кандай техникалык дисциплиналарга катышуучу делегацияларды жиберишүүнү колдойт.
(2) Техникалык жана экономикалык тармактар менен байланышкан үйрөтүүчү жана багыт алуучу программаларга өздөрүнүн жарандарынын катышуусун колдойт жана көмөк көрсөтөт, ошондой эле изилдөө жана өнүктүрүү жаатында күч-аракеттерди, демилгелерди жана окутууну координациялайт.
8-берене.
Бул Макулдашууну, ошондой эле аны аткаруунун жүрүшүндө пайда болуучу маселелерди жөнгө салууну натыйжалуу ишке ашыруу үчүн, Макулдашуучу Тараптар эки Тараптын макулдашуусу боюнча бир Тараптын суроосу боюнча эки өлкөнүн аймагында мезгилдүү негизде кезеги менен жыйындарды өткөрүү үчүн Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө биргелешкен комиссияны түзүү тууралуу төмөнкүлөрдү макулдашты:
1) ушул Макулдашуунун аткарылышына көмөк көрсөтүү максатында жол-жоболорду сунуш кылуу;
2) эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана техникалык кызматташууну бекемдөөгө зарыл мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө;
3) соода-экономикалык кызматташуу менен байланышкан бөгөттөрдү жоюу боюнча коммерциялык мамилелерди жана күч-аракеттерди кеңейтүү жана колдоо;
4) ушул Макулдашууну чечмелөөгө жана аткарууга байланышкан проблемаларды тынчтык жолу менен чечүү;
5) зарыл болгон учурда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелер чөйрөсүн кеңейтүү максаттарына жетүү үчүн ушул Макулдашууга оңдоо киргизүү жөнүндө кандайдыр бир сунуштарды киргизүү тууралуу макулдашты.
9-берене.
Макулдашуучу Тараптар ушул Макулдашуунун аткарылышына байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон талаш-тартыштарды жөнгө салуу үчүн достук консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө макулдашат.
10-берене.
Бул Макулдашуу ар бир Макулдашуучу Тарап менен буга чейин түзүлгөн жана/же башка үчүнчү тараптар менен түзүлө турган башка макулдашууларга зыян келтирбейт.
11-берене.
Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүү жана толуктоо киргизилиши мүмкүн. Ушундай толуктоо жана өзгөртүү ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө документ түрүндө таризделет жана ушул Макулдашуунун 12-беренесинин жоболоруна ылайык күчүнө кирет.
12-берене.
Бул Макулдашуу аны ратификациялоо жөнүндө акыркы билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет. Макулдашуу алгачкы 5 жылдык мөөнөттө күчүндө калат жана андан ары эгер Макулдашуучу Тараптын бири экинчи Макулдашуучу Тарапка Макулдашуунун күчүн токтотуу тууралуу өзүнүн ниети жөнүндө эч болбосо аталган иштин мөөнөтү бүткөнгө алты ай калганга чейин жазуу жүзүндө билдирбесе белгисиз мөөнөткө күчүндө калат.
Бул Макулдашуунун иши токтотулган учурда ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык түзүлгөн, бардык мамилелерден келип чыккан иштер жана милдеттенмелер кызыкдар тараптардын макулдашуусу боюнча алар аяктаганына чейин жарактуу жана милдеттүү болуп калышы керек.
Өздөрүнүн тиешелүү Өкмөттөрү тийиштүү түрдө ыйгарым укук берген төмөндөгү кол коюучулар жогоруда айтылгандарды ырастап, ушул Макулдашууга кол коюшту.
__________________ шаарында 20__-ж. "__" ______________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлгөн, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болсо англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетинин
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн