Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-июну № 246-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда ички иштер органдары/полиция үчүн кадрларды даярдоо чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө протоколдун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясынын начальниги А.С.Базарбаевге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүү жана толуктоо киргизүү укугу менен жогоруда аталган Протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
2012-жылдын "___" _____________ кол коюлган
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү,
1992-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган кылмыштуулук менен күрөшүү жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Түркия Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосунда түзүлгөн макулдашуунун жоболорун эске алуу менен,
ички иштер органдары үчүн алдыда турган маселелерди профессионалдуу чечүүгө жөндөмдүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо ишинде шериктештик мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө тармагында оз ара кызматташтыкты жакшыртууга жана өнүктүрүүгө умтулуп, өз ара консультациялардан кийин төмөнкүлөргө макулдашты:
1-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясы менен Түркия Республикасынын Полиция академиясынын ортосундагы түздөн-түз байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
2-берене.
Тараптар окугандардын санын, окуу мөөнөтүн жана башка билим берүү процессинин башка талаптарын алдын-ала макулдашуулары боюнча курсанттар, магистранттар, докторанттар, профессордук-окутуучулук курам жана адистер менен алмашат.
Макулдашууга кол коюлган учурдан тартып, конкреттүү иш-чаралардын планы ушул Протоколдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана жыл сайын түзүлөт.
3-берене.
Кабыл алуучу Тарап жыл сайын жиберүүчү Тарап үчүн окуунун квотасын белгилейт.
4-берене.
Ушул Протоколдун 3-беренесине ылайык, кабыл алуучу Тарап жыл сайын 1-апрелге чейин, жиберүүчү Тараптын жарандарына окуу үчүн бөлүнгөн орундун саны жөнүндө маалымат берип турат.
5-берене.
Жиберүүчү Тараптын талапкерлеринин билим деңгээли кабыл алуучу Тараптын критерийлерине дал келиши керек.
6-берене.
Кабыл алуучу Тарап өз критерийлерине ылайык жиберүүчү Тараптын талапкерлеринин ден соолугун, тил билүүсүн жана академиялык билимине баа берүү укугун сактайт.
7-берене.
Жиберүүчү Тарап жыл сайын 15-августка чейин кабыл алуучу Тараптын талаптарына ылайык алардын тилинде ар бир окууга талапкерге маалымат берет.
8-берене.
Окуп жаткандардын жетишүүсүн контролдоо жана эсепке алуу максатында, кабыл алуучу Тарап түздөн-түз жыл сайын жиберүүчү Тарапка ар бир окуучунун жетишүүсү жөнүндө маалымат берип турат.
9-берене.
Ушул Протоколдун алкагында жиберүүчү Тараптын мамлекетинин жаранын кабыл алган Тарап мөөнөтүнөн мурда аларды төмөнкү учурда окуудан чыгаруу укугуна ээ:
- академиялык жетишпестик;
- билим берүү мекемесинде окуусун улантууга мүмкүн болбогон оору менен ооруп калса;
- билим берүүчү жайдан чыгарууну талап кылган даражада, алар окуп жаткан аймактагы мамлекеттин мыйзамын аймагында анын мыйзамын же жогорку билим берүү мекемесинде жүрүш-туруш эрежелерин бузса.
10-берене.
Тиешелүү билим алган бүтүрүүчүлөр жиберүүчү Тараптын өлкөсүндө ошол эле өлкөдө жогорку билим алган офицерлер менен бирдей деңгээлде ишке орношот.
11-берене.
Тараптар ар бир мамлекеттеги колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, профессордук-окутуучулук курам, илимий жана техникалык маалыматтар менен алмашуу, эки тараптуу илимий-изилдөө программаларын жана долбоорлорун жүзөгө ашыруу, эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн конференцияларды, семинарларды, симпозиумдарды жана курстарды уюштуруу менен илимий изилдөө тармагындагы жетишкендиктерди чагылдыруу аркылуу тең укуктуу принциптердин жана эки тараптуу кызыкчылыктардын негизинде илимий-техникалык изилдөөлөр тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көргөзүшөт.
Тараптар кызматташууну өнүктүрүү максатында эки тарапка пайда алып келген материалдык-техникалык базаны камсыздоого көмөк көрсөтөт.
12-берене.
Окуучулардын барып, келүүсүнүн эл аралык жол акысынын чыгымы (эс алууга (каникул) чыкканда жана окуудан мөөнөтүнөн мурда чыгарылса) жиберүүчү тараптын эсебинен жүргүзүлөт.
13-берене.
Кабыл алуучу Тарап ушул Протоколдун 2-беренесинин алкагында окууга кабыл алынган чет элдик жарандарды бакалавриатта окугандар үчүн жатакана, окуу аудиториялары, китепкана, лаборатория, жогорку окуу жайынын спорттук ден соолукту чындоо комплекси жана медициналык тейлөөлөр менен, ал эми магистратура жана докторантурада окугандар өз мамлекетинин жарандары үчүн түзүлгөн шартта окуу аудиториялары, китепкана жана лаборатория менен камсыз кылат.
14-берене.
11-беренесинин жоболоруна ылайык белгиленген иш-чаралардын жүзөгө ашырылышы боюнча чыгымга тиешелүү маселелерди Тараптар өз ара макулдашуу принциптеринин негизинде чечишет.
15-берене.
Тараптар, кызматташуу учурунда пайда болгон маселелер боюнча андан ары талкуулоо жана консультация үчүн тыгыз байланышты сактоого макулдук беришет.
16-берене.
Тараптар ушул Протоколдун негизинде башка чөйрөдөгү ишмердүүлүктө кызматташуу жөнүндө Протоколдорду түзө алышат.
17-берене.
Ушул Протоколдун аткарылышына дорду ыйгарым укуктуу мекеме болуп төмөнкүлөр эсептелет:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясы,
Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Полиция академиясынын башкармалыгы.
18-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Протоколго 19-беренеде каралган тартипте күчүнө кирүүчү, ушул Протоколдун ажырагыс бөлүктөрү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алат.
19-берене.
Бул Протокол, ушул Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик процедураларды Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча кат жүзүндө акыркы билдирүүлөрдү алган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ушул Протокол беш жылга колдонулат. Эгерде колдонуу мөөнөтү аяктаганча чейин 30 (отуз) күндөн кем эмес мезгилде ушул Протоколду токтотуу ниети жөнүндө бир Тарап экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү бербесе, анда бул Протокол автоматтык түрдө кийинки беш жылга узартылат.
Ушул Протоколду колдонууну токтотуу, ушул Протоколду колдонуу мезгилинде анын алкагында түзүлгөн келишимдерге (контракттарда) каралган милдеттерди аткарууга таасирин тийгизбейт.
20-берене.
2012-жылдын "___" ___________________ __________________ шаарында,
төрт нускада түзүлдү, ар бири кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде, бардык текст бирдей күчкө ээ. Эгерде ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыкса, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Кыргыз Республикасынын Ички Түркия Республикасынын
иштер министрлигинин Полиция академиясынын
милициянын генерал-майору начальниги
Э.А.Алиев атындагы
Академиясынын начальниги
А.Базарбаев З.Арслан