Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 12-июну №263-б
Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу программасынын 2-подпрограммасын ишке ашыруу алкагында Азия өнүктүрүү банкы менен гранттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу программасынын 2-подпрограммасын ишке ашыруу алкагында Азия өнүктүрүү банкы менен гранттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сүйлөшүүчү тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сүйлөшүүчү топ 2012-жылдын 13-14-июнунда гранттык каражаттарды алуу маселелери боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
3. Сүйлөшүүчү топ өз ишине тиешелүү мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
| Тиркеме |
Муканбетов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары, сүйлөшүүчү топтун жетекчиси; |
Абдыгулов Т.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Байгончоков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
| - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
-Нуралиев М.А. | - | Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары; |
Чокоев З.Л. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Абдыкаимов О.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Бактыгулов К.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташуу департаментинин директору; |
Чолпонкулов Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору; |
Жакыпов К.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын башкы директору. |