Редакцияот 15.06.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 15-июну № 272-б

2012-жылдын 20-24-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында (Бразилия) өтө турган Рио+20 туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги БУУнун Конференциясынын ишине катышуу үчүн:

1. Кыргыз делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

Оторбаев Жоомарт Каипович(*)

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Джумалиев Муктар Кабылбекович

-

Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;

Жусупов Улан Калыгулович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору;

Карабаева Мадина Эднановна(*)

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин биринчи катчысы;

Бурханов Айткул Мустафаевич

-

Кыргызстандын токой пайдалануучулары жана жер пайдалануучулары ассоциациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Айдаралиев Асылбек Акматбекович

-

Кыргызстандын эл аралык университетинин президенти (макулдашуу боюнча);

Коротенко Владимир

-

"БИОМ" өкмөттүк эмес экологиялык уюмунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Молдогазиева Калия Сарбаевна

-

"Өмүр дарагы" өкмөттүк эмес экологиялык уюмунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Абайханова Зухра Ойсуловна

-

Климаттын өзгөрүүсү боюнча борбордун эксперти (макулдашуу боюнча);

Абдрасулова Нурзат

-

"Юнисон" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча).

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Рио+20 туруктуу өнүктүрүү боюнча БУУнун Конференциясынын ишине Кыргыз Республикасынын делегациясынын өз убагында жана толук катышуусу: аккредитациялоо, визаны тариздөө, делегация мүчөлөрүн жайгаштыруу, пленардык сессияларда сүйлөп чыгуу, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү жана башка уюштуруу маселелери боюнча уюштуруучулук колдоо көрсөтсүн.

(*) - командировкалык чыгымдарды төлөө БУУнун Өнүгүү программасынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов