Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 778 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2008-жылдын 26-августу № 471
Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 241 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 190-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын чегинде кызматкерлерди командировкага жиберүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун төмөнкүдөй нормалары белгиленсин:
- суткалык акы төлөө - республиканын региондорунда командировкада болуунун ар бир күнүнө 500 сом; Бишкек шаарында - 600 сом;
- турак жайды ижаралоо боюнча акы төлөө - тиешелүү документтер менен ырасталган иш жүзүндөгү сарптоолор боюнча. Ырастоочу документтер жок болгон учурда турак жайды ижаралоо боюнча акы төлөө чыгымдар суткалык чыгымдардын нормасынан 50 процент өлчөмүндө кайтарылат;
- командировка өтүүчү жерге чейин жана кайра кайтуу жол кире чыгымдардын, анын ичинде аталган чыгымдарды тиешелүү документтер менен ырастоо менен транспорттогу жүргүнчүлөрдү милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн ордун толтуруу иш жүзүндөгү сарптоолор боюнча жүргүзүлөт. Билеттер жок болгон учурда жол кире боюнча чыгымдар ушул токтомдун № 1 тиркемесине ылайык өлчөмдө кайтарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 241 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка кызматкерлерди командировкага жиберүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун төмөнкүдөй нормалары белгиленсин:
- суткалык чыгымдарга жана турак жайды ижаралоо боюнча чектик чыгымдарга акы төлөө - ушул токтомдун N 2 тиркемесине ылайык өлчөмдө, бышыктоочу документтерди тапшыруусуз;
- командировка өтүүчү жерге чейин жана кайра кайтуу жол кире чыгымдарына, анын ичинде транспорттогу жүргүнчүлөрдү милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөргө, ошондой эле барган өлкөсүндөгү транспорттук чыгымдарга акы төлөө аталган чыгымдарды тиешелүү документтер менен ырастоо менен иш жүзүндө жүргүзүлгөн сарптоолор боюнча жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 241 токтомунун редакциясына ылайык)