Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 15-июну № 274-б
Социалдык-экономикалык маселелерди талкуулоо жана аларды чечүү үчүн тиешелүү чараларды көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр", "Ош электр", "Кыргызгаз", "Кыргызтелеком", "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомдорунун жарандык коомдун өкүлдөрү менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылуу максатында:
1. Социалдык-экономикалык маселелерди талкуулоо жана аларды чечүү үчүн тиешелүү чараларды көрүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр", "Ош электр", "Кыргызгаз", "Кыргызтелеком", "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомдорунун жетекчилеринин жарандык коомдун өкүлдөрү менен Л.М.Фомова атындагы Калкты социалдык жактан коргоочу коомдук бирикме тарабынан уюштурулган жыл сайын өткөрүлүүчү жолугушуулардын графиги (мындан ары - жолугушуулардын графиги) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул буйруктун тиркемесинде аталган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр", "Ош электр", "Кыргызгаз", "Кыргызтелеком", "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомдорунун жетекчилери менен бирдикте жыл сайын:
- ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген графикке ылайык жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушууга өздөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусун камсыз кылышсын;
- жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча чараларды көрүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине жолугушуулардын протоколдорун жолугушуулар өткөн күндөн кийин 15 күндөн кеч эмес мөөнөттө; жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдерди аткаруунун натыйжасы жөнүндө маалыматты квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кеч эмес мөөнөттө жиберип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кеч эмес мөөнөттө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына, "Эркин Тоо" гезитинин редакциясына, "Слово Кыргызстана" жана "Кыргыз Туусу" басма үйлөрүнө жолугушууларды чагылдыруу сунуш кылынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-январындагы № 16-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
┌────────────────────────┬─────────┬────────┬────────┬────────┬───────┬
│ Министрликтердин жана │ Февраль │ Март │ Апрель │ Май │ Июнь │
│ведомстволордун аталышы │ │ │ │ │ │
├────────────────────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼
│КР Социалдык Фонду, КР │ │Экинчи │ │ │Экинчи │
│Социалдык өнүгүү │ │жума │ │ │жума │
│министрлиги, КР Жаштар, │ │ │ │ │ │
│эмгек жана иш менен │ │ │ │ │ │
│камсыз кылуу министрлиги│ │ │ │ │ │
├────────────────────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼
│КР Саламаттык сактоо │Экинчи │ │ │Экинчи │ │
│министрлиги, КР Өкмөтүнө│жума │ │ │жума │ │
│караштуу Милдеттүү │ │ │ │ │ │
│медициналык │ │ │ │ │ │
│камсыздандыруу фонду │ │ │ │ │ │
├────────────────────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼
│Бишкек шаарынын мэриясы,│Төртүнчү │ │ │Төртүнчү│ │
│КР Энергетика жана өнөр │жума │ │ │жума │ │
│жай министрлиги, КР │ │ │ │ │ │
│Экономика жана │ │ │ │ │ │
│монополияга каршы саясат│ │ │ │ │ │
│министрлиги, "Кыргызгаз"│ │ │ │ │ │
│ААКы, "Түндүкэлектр" │ │ │ │ │ │
│ААКы, "Кыргызтелеком" │ │ │ │ │ │
│АТАКы, Бишкек шаарынын │ │ │ │ │ │
│мэриясынын Турак │ │ │ │ │ │
│жай-коммуналдык чарба │ │ │ │ │ │
│жана тиричиликти камсыз │ │ │ │ │ │
│кылуу системасы │ │ │ │ │ │
│департаменти, │ │ │ │ │ │
│"Бишкексууканал" ОЭБи, │ │ │ │ │ │
│"Бишкекжылуулук тармагы"│ │ │ │ │ │
│ААКы менен бирдикте │ │ │ │ │ │
├────────────────────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼
│Облустардын мамлекеттик │ │ │Төртүнчү│ │ │
│администрациялары, Ош │ │ │жума (*)│ │ │
│шаарынын мэриясы, КР │ │ │ │ │ │
│Энергетика жана өнөр жай│ │ │ │ │ │
│министрлигинин │ │ │ │ │ │
│ведомстволук бөлүмдөрү, │ │ │ │ │ │
│"Чыгышэлектр" ААКы, │ │ │ │ │ │
│"Жалалабатэлектр" ААКы, │ │ │ │ │ │
│"Ошэлектр" ААКы, │ │ │ │ │ │
│"Кыргызтелеком АТАКы │ │ │ │ │ │
│менен бирдикте │ │ │ │ │ │
├────────────────────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼
│Кыргыз Республикасынын │ │ │ │ │ │
│Өкмөтүнүн Аппараты │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │
└────────────────────────┴─────────┴────────┴────────┴────────┴───────┴
┬────────┬───────┬────────┬─────────┬─────────┬──────────┬────────────┐
│ Июль │Август │Сентябрь│ Октябрь │ Ноябрь │ Декабрь │ Эскертүү │
│ │ │ │ │ │ │ │
┼────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┼────────────┤
│ │ │Экинчи │ │ │ │Кыргызстан │
│ │ │жума │ │ │ │профсоюздар │
│ │ │ │ │ │ │федерациясы-│
│ │ │ │ │ │ │нын залы, │
│ │ │ │ │ │ │саат 10.00 │
┼────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┼────────────┤
│ │ │ │Төртүнчү │ │ │Кыргызстан │
│ │ │ │жума │ │ │профсоюздар │
│ │ │ │ │ │ │федерациясы-│
│ │ │ │ │ │ │нын залы, │
│ │ │ │ │ │ │саат 10.00 │
┼────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┼────────────┤
│ │Экинчи │ │ │Төртүнчү │ │Кыргызстан │
│ │жума │ │ │жума │ │профсоюздар │
│ │ │ │ │ │ │федерациясы-│
│ │ │ │ │ │ │нын залы, │
│ │ │ │ │ │ │саат 10.00 │
│ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
┼────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┼────────────┤
│Төртүнчү│ │ │ │ │Биринчи │Жергиликтүү │
│жума (*)│ │ │ │ │жума (*) │мамлекеттик │
│ │ │ │ │ │ │администра- │
│ │ │ │ │ │ │циялардын │
│ │ │ │ │ │ │жана │
│ │ │ │ │ │ │жергиликтүү │
│ │ │ │ │ │ │өз алдынча │
│ │ │ │ │ │ │башкаруу │
│ │ │ │ │ │ │органдарынын│
│ │ │ │ │ │ │имараттары │
│ │ │ │ │ │ │ │
┼────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┼────────────┤
│ │ │ │ │ │Экинчи │Кыргызстан │
│ │ │ │ │ │жума │профсоюздар │
│ │ │ │ │ │ │федерациясы-│
│ │ │ │ │ │ │нын залы, │
│ │ │ │ │ │ │саат 10.00 │
┴────────┴───────┴────────┴─────────┴─────────┴──────────┴────────────┘
Эскертүү:
- (*) белгиси менен белгиленбеген жолугушуулар Л.М.Фомова атындагы Калкты социалдык жактан коргоочу коомдук бирикме тарабынан уюштурулат жана өткөрүлөт. Бишкек шаарында жолугушууларды өткөрүү жери жана убактысы - Кыргызстан профсоюздар федерациясынын залы, саат 10.00,
- (*) белгиси менен белгиленген жолугушуулар жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен Л.М.Фомова атындагы Калкты социалдык жактан коргоочу коомдук бирикмесинин филиалдары тарабынан уюштурулат жана өткөрүлөт. Жолугушууларды өткөрүү жери жана убактысы - жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттары.