Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 21-июну № 293-б
Тиркелген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Федералдык бажы кызматынын (Россиянын ФБК) ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Россия Федерациясынын аймагына ташылып кирген товарларды маалымат алмашууну пайдалануу менен бажылык тариздөө жана бажы контролун жүргүзүү жөнүндө 2009-жылдын 5-мартындагы протоколуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен жактырылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Федералдык бажы кызматы (Россия Федерациясы), (мындан ары - Тараптар)
Кыргыз-Россиялык Өкмөттөр аралык соода экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиянын 2007-жылдын 12-октябрындагы жана 2008-жылдын 7-октябрындагы тогузунчу жана онунчу отурумдарынын протоколуна ылайык,
1995-жылдын 20-январындагы Бажы биримдиги жөнүндөгү Макулдашууга таянып,
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Федералдык бажы кызматынын (Россиянын ФБК) ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Россия Федерациясынын аймагына ташылып кирген товарларды маалымат алмашууну пайдалануу менен бажылык тариздөө жана бажы контролун жүргүзүү жөнүндө 2009-жылдын 5-мартындагы протоколунун (мындан ары Протокол) 2-беренесинин жоболорун колдонууга алуу менен,
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Россия Федерациясынын аймагына ташылып кирген товарларды бажылык тариздөө жана бажы контролунан өткөрүүдө Тараптардын өз ара аракеттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Протоколдун текстиндеги "Республикасынын аймагында өндүрүлгөн" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "Республикасынан чыгарылган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Протоколдун 2-беренеси төмөнкү мазмундагы экинчи, үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Товарларды ушул протоколдун алкагында ташып өтүүдө алардын бажы наркы жана өндүрүлгөн өлкөсү жөнүндөгү маалыматтарды так эмес декларациялоого байланышкан Тараптардын бажы мыйзамдарын бузуулары табылган учурда, Тараптардын ар бири Протоколдун колдонуусун ушул укук бузууларга алып келген себептер жоюлганга чейин токтотуп тура алат.
Ушул Протоколдун жоболорун түшүндүрүүдөгү жана аткаруудагы Тараптар ортосундагы талаштар алардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.".
3-берене.
"Технологиялык схема" тиркемесиндеги:
"Россия Федерациясынын Бажы кодекси" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "Бажы биримдигинин Бажы кодекси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"Россия Федерациясынын БК" деген сөздөр жана аббревиатура тийиштүү жөндөмөдөгү "Бажы биримдигинин БК" деген сөздөргө жана аббревиатурага алмаштырылсын;
- 5-10 пункттар төмөнкү редакцияда берилсин:
"5. Ушул Технологиялык схемага ылайык товарларды бажылык тариздөө төмөнкү шарттарды бир убакытта сактоо менен ишке ашырылат:
экспорттоочу-уюм товарлардын өндүрүүчүсү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эсептелгенде;
экспорттоочу-уюм Кыргыз Республикасында катталганда;
товарга акы төлөнө турган банктык эсеп Кыргыз Республикасында катталган банкта (филиалда) ачылганда;
экспорттоочу-уюм товарларды Россия Федерациясына үчүнчү жактардын катышуусуз (ыйгарым укуктуу өкүлдөн тышкары) өзүнүн атынан сатууну жүргүзгөндө;
экспорттоочу-уюм Кыргыз Республикасынын МБКга Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасында күбөлөндүргөн, ташылуучу товарлар жөнүндө баа маалыматын (прайс-барак) кагаз түрүндө, ошондой эле Протоколдун 1-тиркемесине ылайык электрондук түрдөгү баа маалыматын берет;
экспорттоочу-уюм Кыргыз Республикасынын МБКга анын каттоо, уставдык, уюмдаштыруучу документтеринин көчүрмөлөрүн берет;
экспорттоочу-уюм Кыргыз Республикасынын МБКга тышкы соода контракттын көчүрмөсүн берет.
экспорттоочу-уюм россиянын бажы органдарына экспорт бажы жол-жобосуна ылайык чыгарылган жана Кыргыз Республикасынын бажы органдары күбөлөндүргөн товарларга карата декларациялардын көчүрмөлөрүн берүүсүнө каршы болбойт;
экспорттоочу-уюм же анын ыйгарым укуктуу өкүлү товарларды Россия Федерациясынын аймагына жөнөтүүдө ар бир жүк орундарында товарлар жөнүндө төмөнкү маалыматтарды аныктоого мүмкүндүк берүүчү маркалоонун болуусун камсыз кылат:
жүк орунунун катар номери;
товардын брутто/нетто салмагы;
товарлардын жалпы сүрөттөлүүсү (мисалы: "аялдардын көйнөктөрү";
Товарларды каттоочу жана код берүүчү эриш-аркак келтирилген тутумуна негизделген ББ ТЭИ ТНге жана (же) тышкы экономикалык иштин улуттук товардык (товардык-статистикалык) номенклатураларына ылайык биринчи алты белгиден кем эмес товарлардын коду;
даярдоочу фирманын аталышы, өндүрүлгөн өлкөсү;
товардык белгиси (эгерде болсо);
товарлардын кошумча ченем бирдиктериндеги саны (мисалы: "даана", "жуп");
жөнөтүүчүнүн аталышы.
6. Кыргыз Республикасынын МБКсы Россиянын ФБКсына ташуу учурунда товарды ачууну болтурбаган жана сейф-пакетке коюлган бажылык идентификациянын каражаттарынын үлгүлөрүн жөнөтөт.
7. Кыргыз Республикасынын МБКсы Россиянын ФБКсына квартал сайын байланыштын электрондук каналдары боюнча Техникалык шарттардын талаптарына ылайык (Технологиялык схеманын № 2 тиркемеси) Технологиялык схеманын № 1 тиркемесинин талаптарына ылайык экспорттоочу-уюмдар тарабынан берилген баа маалыматтарын, ошондой эле Технологиялык схемага ылайык товарларды бажылык декларациялоо жүргүзүлө турган Россия Федерациясынын бажы органдары жөнүндөгү маалыматтарды жиберип турат.
8. Россиянын ФБКсы Кыргыз Республикасынын МБКсынан келген баа маалыматына Технологиялык схеманын 7-пунктуна ылайык талдоо жүргүзөт.
III. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын аракеттери
9. Аларды өткөрүүдө Технологиялык схема колдонула турган товарларды декларациялоодо Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары төмөнкү аракеттерди көрүшөт:
Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташылып чыгып жаткан товарларды бажылык кароодон өткөрүшөт, аларды идентификациялоо максатында Россия Федерациясынын бажы органдарына кошумча түрдө жеткирилген үлгүлөргө ылайык келген, ташуу учурунда товарды ачууну болтурбоочу бажылык идентификациялоо каражаттарын коюшат;
экспорттоочу-уюм көрсөткөн товар коштоочу жана коммерциялык документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгын текшеришет;
Россия Федерациясынын бажы органына кошумча жиберилген үлгүлөргө ылайык бажылык идентификациялоо каражаттары менен күбөлөндүргөн төмөнкү документтерди сейф-пакеттерде Россия Федерациясынын бажы органдарына жөнөтөт:
бажылык кароо актысынын көчүрмөсүн;
эсеп-фактурасын (инвойсту);
Кыргыз Республикасынын бажы органдары күбөлөндүргөн экспорттук бажы декларациясынын көчүрмөсүн;
таңгактоо барагын;
прайс-баракты ( баа маалыматы);
тышкы соода контрагынын көчүрмөсүн;
сейф-пакеттеги документтердин тизмесин.
IV. Товарларды декларациялоодогу Россия Федерациясынын
бажы органдарынын аракеттери
10. Аларды өткөрүүдө Технологиялык схема колдонула турган товарларды декларациялоодо, Россия Федерациясынын бажы органдарынын кызмат адамдары төмөнкү аракеттерди ишке ашырышат:
бажы транзити бажы жол-жобосу аяктагандан кийин транспорт каражатын кароо жүргүзүлөт, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан салынган, ташуу учурунда товарды ачууну болтурбаган бажылык идентификациянын каражаттарынын бардыгы жана бүтүндүгү текшерилет;
Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамдары тарабынан сейф-пакетте жөнөтүлгөн документтерге салынган бажылык идентификациялоо каражаттарынын бардыгы жана бүтүндүгү текшерилет;
документтерди сейф-пакеттен алгандан кийин, аларды товарга карата түзүлгөн декларацияга кошот, аларда көрсөтүлгөн маалыматтарды товарга карата түзүлгөн декларацияда билдирилген маалыматтар менен салыштырат, товарлардын номенклатурасы жана фактуралык наркы жөнүндө маалыматты камтыган коммерциялык документтерде Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын белгилеринин бардыгын текшеришет;
зарыл болгон учурларда бажы контролунун кошумча формаларын жана тобокелдикти башкаруу тутумунда каралган учурларда тобокелдикти минималдаштыруу чараларын колдонушат;
эгерде жүргүзүлгөн бажылык контролдун натыйжасында, анын ичинде сейф-пакетте жиберилген документтерде камтылган товарлардын фактуралык наркы жөнүндө маалыматын эске алуу менен, бажы баасы жөнүндөгү жарыяланган маалыматтар анык эместиги белгиленбесе, анын ичинде бажы наркын аныктоо методу туура эмес тандалгандыгы жана (же) бажы наркы туура эмес аныкталгандыгы, ошондой эле товарлардын жарыяланган бажылык наркы боюнча кошумча текшерүү жүргүзүүгө негиздер табылбаса, бажы органынын кызмат адамы тарабынан товарлардын жарыяланган баасын кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алынат жана чыгаруу шарттарын сактоо менен товарларды чыгаруу жүргүзүлөт".
- Технологиялык схеманын 11-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- Технологиялык схеманын № 1 жана 2 тиркемелери ушул Протоколдун 1 жана 2-тиркемелериндеги редакциясына ылайык берилсин;
- Технологиялык схеманын № 3 тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.
4-берене.
Ушул протокол ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
2012-жылдын "____" _______________________________________________ ____________________________________ шаарында, ар бири орус жана кыргыз тилдериндеги эки нускада түзүлдү, муну менен эки текст бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Федералдык бажы кызматы
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик (Россия Федерациясы) үчүн
бажы кызматы үчүн
1-тиркеме
Файлдын сунуш кылынган аталышы: ЖЖЖЖ жылдын К кв. карата баа маалыматы, мында "К" жана "ЖЖЖЖ" - баа маалыматы берилген мезгилдин кварталынын жана жылдын номери.
┌─────────────────────┬────────────┬─────────┬─────────┬──────────────┐
│ Атрибуттун аталышы │ Маанисинин │Милдеттүү│ Ехсеl │ Эскертүү │
│ │ тиби │толтуруу-│ файлдын │ │
│ │ │ нун │колонкасы│ │
│ │ │ белгиси │ │ │
├─────────────────────┼────────────┼─────────┼─────────┼──────────────┤
│Товардык белгинин │Символдук │Ооба │1-барак. │ │
│Өндүрүүчүсү/ээси │(50) │ │А1 │ │
├─────────────────────┼────────────┼─────────┼─────────┼──────────────┤
│Аракет башталган күн │Форматтын │Ооба │1-барак. │ │
│ │күнү │ │В1 │ │
│ │'dd.mm.yyy' │ │ │ │
├─────────────────────┼────────────┼─────────┼─────────┼──────────────┤
│Аракет бүткөн күн │Форматтын │Ооба │1-барак. │ │
│ │күнү │ │С1 │ │
│ │'dd.mm.yyy' │ │ │ │
├─────────────────────┼────────────┼─────────┼─────────┼──────────────┤
│Товардык белги │Символдук │Ооба │2-барак. │ │
│ │(50) │ │А1 │ │
├─────────────────────┼────────────┼─────────┼─────────┼──────────────┤
│Жеткирүү шарты │Символдук │Ооба │2-барак. │Колдонулуучу │
│ │(3) │ │J1 │маани: │
│ │ │ │ │Жеткирүү │
│ │ │ │ │шарттарынын │
│ │ │ │ │классификато- │
│ │ │ │ │рунан "Код" │
│ │ │ │ │талаасы │
├─────────────────────┼────────────┼─────────┼─────────┼──────────────┤
│Товарды жеткирүү │Символдук │Ооба │2-барак. │ │
│пунктунун аталышы │(40) │ │К1 │ │
├─────────────────────┼────────────┼─────────┼─────────┼──────────────┤
│Валюта │Символдук │ Ооба │2-барак. │Колдонулуучу │
│ │(3) │ │L1 │маани: │
│ │ │ │ │Валюталар │
│ │ │ │ │классификато- │
│ │ │ │ │рунан │
│ │ │ │ │"валютанын │
│ │ │ │ │тамга коду" │
├─────────────────────┼────────────┼─────────┼─────────┼──────────────┤
│Товардын түрү(**) │Символдук │Ооба │2-барак. │ │
│ │(50) │ │В1 │ │
├─────────────────────┼────────────┼─────────┼─────────┼──────────────┤
│Товардын модели, │Символдук │Ооба │2-барак. │ │
│артикулу(**) │(50) │ │С1 │ │
├─────────────────────┼────────────┼─────────┼─────────┼──────────────┤
│Ченем бирдиги(**) │Символдук │Ооба │2-барак. │Колдонулуучу │
│ │(3) │ │D1 │маани: Ченем │
│ │ │ │ │бирдигинин │
│ │ │ │ │классификато- │
│ │ │ │ │рунан "Ченем │
│ │ │ │ │бирдигинин │
│ │ │ │ │коду" │
├─────────────────────┼────────────┼─────────┼─────────┼──────────────┤
│Нетто салмагы(**) │Сандык │ │2-барак. │ │
│ │(19,6) │ │Е1 │ │
├─────────────────────┼────────────┼─────────┼─────────┼──────────────┤
│Брутто салмагы(**) │Сандык │ │2-барак. │ │
│ │(19,6) │ │F1 │ │
├─────────────────────┼────────────┼─────────┼─────────┼──────────────┤
│Товардын сапаттык │Символдук │Ооба │2-барак. │ │
│мүнөздөмөлөрүнүн │(255) │ │H1 │ │
│баяндамасы(**) │ │ │ │ │
├─────────────────────┼────────────┼─────────┼─────────┼──────────────┤
│Товардын сапаттык │Символдук │ │2-барак. │ │
│мүнөздөмөлөрүнүн │(255) │ │11 │ │
│баяндамасы (чет │ │ │ │ │
│тилде)(**) │ │ │ │ │
├─────────────────────┼────────────┼─────────┼─────────┼──────────────┤
│ТЭИ ТНден товардын │Символдук │ │2-барак. │ТЭИ ТНге │
│коду (10 белги)(**) │(10) │ │М1 │ылайык │
│ │ │ │ │товардын коду │
├─────────────────────┼────────────┼─────────┼─────────┼──────────────┤
│Товардын бирдигинин │Сандык │Ооба │2-барак. │ │
│баасы(**) │(16.2) │ │№1 │ │
└─────────────────────┴────────────┴─────────┴─────────┴──────────────┘
(*) - товарлардын баасы жөнүндөгү маалыматтардын курамынын жана түзүмүнүн баяндоосу:
(**) - товардын ар бир аталышы ( модели, артикулу) үчүн өзүнчө толтурулат.".
2-тиркеме
Негизги жоболор
1. Ушул техникалык шарттарга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Федералдык бажы кызматы (Россия ФБК), (мындан ары тараптар деп аталуучу) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Федералдык бажы кызматынын (Россиянын ФБК) ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Россия Федерациясынын аймагына ташылып кирген товарларды маалымат алмашууну пайдалануу менен бажылык тариздөө жана бажы контролун жүргүзүү жөнүндө 2009-жылдын 5-мартындагы протоколуна (мындан ары - Протокол) ылайык Россия Федерациясынын аймагына ташылып кирип жаткан товарлар жөнүндө маалымат менен алмашат.
2. Алдын ала маалыматты берүү чөйрөсү болуп жалпыга маалым Интернет түйүнү саналат.
3. Маалыматты берүүнүн каражаты болуп электрондук почта саналат. Microsoft Office Outlook почта кардары пайдаланылат (бардык S/МIМЕ-шайкештик кардарын пайдалануу мүмкүн).
4. Маалыматты коргоо каражаттары: S/МIМЕ V3 почта протоколу, Х509V.3 стандартынын сертификатынын базасында шифрлөө жана электрондук-санарип кол коюу.
a. РКI-Х509 Certificate
b. жалпыга маалым - RSA asymmetric ачкычтын алгоритми
c. RSА ачкычтын узундугу - 2048 bits
d. СА сертификат - 2048 bits
е. Хеширлөөнүн алгоритми - SНА-1 (160 bits)
f. СА сертификаттын колдонуу мөөнөтү - 10 жыл
g. Колдонуучунун сертификатынын колдонуу мөөнөтү - 2 жыл.
5. Маалыматтык алмашуу тили орус тили болуп саналат.
6. Эки тарапта тең ыйгарым укуктуу даректерден келген, ушул Техникалык шарттарга ылайык кол коюлган жана шифрленген почта иштетүүгө жатат. Калган почта четке кагылат.
7. Бир тараптан экинчи тарап алган ар бир билдирүү боюнча алдын ала маалыматтын белгилүү форматка шайкештиги/шайкеш эместиги жөнүндө квитанция берилиши керек (шаблондун базасында белгилүү форматтагы билдирүүлөр).
Алмашуу каналын уюштуруунун тартиби
8. Алдын ала маалыматтар менен алмашуу үчүн Тараптар бирден ыйгарым укуктуу электрондук почта дарегин аныкташат:
a. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу МБК тарабынан төмөнкү дарек бөлүнөт: kg_price_info@сustoms.gov.kg;
b. Россиянын ФБК тарабынан төмөнкү дарек бөлүнөт: kg_price_info@ca.сustoms.ru.
9. Тараптар төмөнкү алгоритмдер боюнча шифрлөө ачкычтарынын сертификаттары жана электрондук санарип кол тамгалар (мындан ары ЭСКТ) менен алмашышат:
a. ЭСКТ кол коюлган почталык билдирүү жөнөтүү жана ага ЭСКТ кол коюлган жоопту алуу жолу менен ачык ачкычтар менен алмашуу;
b. Почта кардарынын каражаттары менен жөнөтүүчүнүн сертификатына ишенимдин деңгээлин белгилөө.
10. Тараптар шифрлөөнү жана ЭСКТны пайдалануу үчүн өзүнүн почта кардарларын тууралашат.
11. Тараптар корголгон каналдын иштөөсүн текшерүү үчүн тесттик билдирүүлөрдүн шаблондору менен алмашышат.
12. Тараптар квитанциялардын шаблондорун орус тилинде тууралашат:
a. "Алгачкы маалыматтын белгилүү форматка ылайыктуулугу жөнүндө" (мындан ары АСК.1);
b. Алгачкы маалыматтын белгилүү форматка ылайыктуу эместиги жөнүндө" (мындан ары - АСК.1 ЕR).
13. Тараптар кабыл алынган шаблондор жөнүндө бири-бирин маалымдашат.
Корголгон канал боюнча алдан ала маалыматты
кабыл алуунун-берүүнүн тартиби
14. Экспорттоочу-Тарап квартал сайын:
Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясынын аймагына ташылып кирип жаткан товарлар жөнүндөгү маалыматтарды талдоону жүргүзөт;
Протоколдун № 1 Тиркемесине ылайык баалык маалыматты беришкен экспорттоочу уюмдардын маалыматтарын бириктирүүнү ишке ашырат;
төмөнкүлөрдү салуу менен электрондук билдирүүнү түзөт:
Протоколдун 1-тиркемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу МБКга баа маалыматты берген экспорттоочу уюмдарга карата баалык маалыматты камтыган файлды;
товарларды декларациялоо боюнча бажы операцияларын жүргүзүү пландаштырылган бажы органдарынын тизмесин эркин формада камтыган файлды.
Баа маалыматын жана бажы органдарынын тизмеси жөнүндөгү маалыматты камтыган электрондук билдирүү импорттоочу тарапка отчеттук кварталдан кийинки айдын 5-күнүнөн кечиктирбестен жиберилет.
Кабарлоонун аталышынын структурасы: "ЖЖЖЖ жылдын К кв. үчүн баа маалыматы".
15. Экспорттоочу-Тарап ар бир почталык билдирүүгө ЭСКТ колун коет жана аны почта кардарынын киргизилген каражаттары менен шифрлейт.
16. Экспорттоочу-Тарап импорттоочу тарапка бөлүнгөн дарекке почталык билдирүү жиберет.
17. Импорттоочу-Тарап почталык билдирүүнү алат.
18. Импорттоочу-Тарап почта кабарын чечмелейт жана почта кардарынын киргизилген каражаттары менен ЭСКТны текшерет.
19. Эгер билдирүү форматка ылайык келип, чечмелөөдөн жана ЭСКТ текшерүүдөн өтсө, импорттоочу-Тарап беш сутка аралыгында АСК.1 квитанциясын жиберет же тескери учурда АСК.1.ЕR-ди жиберет.
20. Экспорттоочу-Тарап АСК.1, ЕR. квитанциясын алганда корректировкалоо жана/же кабарлоону кайталап жиберүү чараларын көрөт.