Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 29-июну № 311-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын радио кызматтары пайдалануучу 30-2000 МГц радиожыштыктары тилкесиндеги радиожыштыктарды ыйгарууларды координациялоо жөнүндө макулдашуунун сунушталган долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин директоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан бул Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
байланыш тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалап, радиобайланыш, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызмат көрсөтүүлөрүнө суроо-талаптын темпин эске алып,
алардын радиокызматтарынын зыяндуу өз ара жолтоолордон качуу максатында 30-2000 МГц радиожыштык тилкесиндеги радиожыштыктарды ыйгарууларды координациялоону жүзөгө ашырууну зарыл деп эсептеп, Эл аралык электрбайланыш союзунун (ЭЭС) радиобайланыш регламентине ылайык аракеттенип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты.
1-берене.
Ушул Макулдашуунун максатында:
- "Байланыш администрациясы" термини 1992-жылдын 22-декабрындагы Эл аралык электрбайланыш союзунун уставы боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жооптуу Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарын билдирет;
- "чек арага чектеш район" термини Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек араларынын эки тарабында жайгашкан, бир Тараптагы мамлекеттин радиоэлектрондук каражаттары 300 км аралыкта экинчи Тараптын мамлекетинин радиоэлектрондук каражатына ушул Макулдашуунун 5-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жол берилген чоңдуктан ашкан деңгээлдеги зыяндуу жолтоолорду түзүшү мүмкүндүгүн билдирет;
- "радиожыштыктарды ыйгарууну координациялоо" термини Тараптардын биринин экинчи Тараптын мамлекетинин радиоэлектрондук каражаттарын орнотууга жана эксплуатациялоого бул радиоэлектрондук каражаттардын радиожыштыктарды ыйгаруулардын мүнөздөмөлөрүнө ылайык макулдугун алуу жол-жобосун билдирет.
2-берене.
1. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары төмөнкүлөр болуп саналат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги,
720005, Бишкек, Байтик Баатыр көчөсү 7-б
Телефаксы: (996312) 544105
Телефону: (996312) 544105
Е-mail: nta@infotel.kg
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн - Казакстан Республикасынын Байланыш жана маалымат министрлиги,
010000, Астана ш., Левый берег
"Министрликтер үйү" администрациялык имараты
телефаксы: (7172) 741003
телефону: (7172) 740135
Е-mail: info@mci.gov.kz.
2. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары:
- улуттук маалыматтар базасынан радиоспектрди башкаруу жана пайдалануу боюнча тиешелүү маалыматтарды алмашууну ишке ашырат;
- күтүлбөгөн зыяндуу жолтоолор пайда болгон учурда чара көрүшөт жана чечүү ыкмаларын аныкташат;
- жол-жобо механизмдерин аныкташат жана кабыл алышат, анын ичинде чектеринде координациялык макулдашуу ж.б. колдонулган координациялык зонаны белгилешет;
- ушул Макулдашууну аткаруу максатында радиокызматтарга жыштыктарды ыйгарууларды координациялоонун техникалык негиздери боюнча же жыштыктардын айрым тилкелерин пайдалануу боюнча макулдашуу түзүшөт;
- ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча башка аракеттерди ишке ашырышат.
Тараптардын ыйгарым укуктары өзгөргөн же алардын функциялары өткөрүлүп берилген учурда, алар токтоосуз түрдө ал жөнүндө бири-бирине дипломатиялык каналдар боюнча кат жүзүндө маалымдашат.
3-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык чек арага чектеш райондордогу радиокызматтын ар кандай түрлөрүнүн станцияларынын 30-2000 МГц радиожыштык тилкесиндеги радиожыштыкты пайдаланууну координациялоо маселелеринде кызматташышат.
4-берене.
1. Ушул Макулдашууга ылайык Тараптар кургак жердеги кыймылдуу, белгиленген, радиоуктуруучу жана башка жарандык багыттагы радиокызматтардын станцияларынын радиожыштыктарды ыйгарууларын координациялоону ишке ашырышат.
Белгиленген же кургак жердеги кыймылдуу Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын жоопкерчилигинде эмес кызматтар ушул Макулдашуунун жоболору менен анда бул каралганга чейин жөнгө салынууга тийиш эмес.
2. 3-беренеде көрсөтүлгөн радиожыштык тилкесиндеги чек арага чектеш райондордо жайгашкан станциялардын радиожыштыктарды ыйгаруулары, ошондой эле чек арага чектеш райондордун чегинен тышкарыдагы айрым станциялар, эгерде алар чектеш тараптын чек ара районунда жайгашкан станцияларга Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан түзүлгөн координациялоонун техникалык негиздери боюнча айрым макулдашууларда аныкталуучу жол берилген деңгээлден ашкан чыңалуу талаасы менен зыяндуу жолтоолорду түзгөн станциялар координациялоого алынат.
Зыяндуу жолтоо катары радиобайланыш кызматынын трафик сапатынын олуттуу начарлоосун пайда кылган же ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн кошумча макулдашууда аныкталган чыңалуу талаасынын жол берилген максималдуу деңгээлинен ашкан, бул кызматтын иштөөсүн токтоткон ар кандай нурлантуулар чечмелениши мүмкүн.
3. Тараптар ошондой эле чек арага чектеш райондордогу кабыл алуучу станциялардын радиожыштыктарды ыйгарууларын, эгерде аларды жолтоолордон коргоо талап кылынса координациялоону ишке ашырышат.
5-берене.
Тараптар радиожыштыктардын төмөнкү категорияларын аныкташат:
- ар кандай тараптын ыйгарым укуктуу органы экинчи тарап менен алдын ала координациялоосуз эле өзгөчө же артыкчылыктуу негизде дайындаган артыкчылыктуу радиожыштыктары. Мында Макулдашуунун 4-беренесинин 2-пунктунда координациялоонун техникалык негиздери боюнча өзүнчө макулдашууда аныкталган станциянын мүнөздөмөсү кармалууга тийиш. Артыкчылыктуу радиожыштыктар чек арага чектеш райондун аймагынын кандай точкасында болсун жайгашкан радиостанцияларга дайындалат (ыйгарылат);
- эки тарап тең биргелешип пайдаланышы мүмкүн болгон жана алардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан алдын ала координациялоосуз коопсуздукту камсыз кылуунун жарандык кызматы катары дайындалган айкалыштуу радиожыштыктар (бажы органдарынын, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар органдарынын биргелешкен байланыш каналдары) мында ушул Макулдашуунун 4-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн координациялоонун техникалык негиздери боюнча өзүнчө макулдашууда аныкталган станциялардын мүнөздөмөлөрү сакталат;
- Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда алдын ала ийгиликтүү координациялоонун кийин гана дайындалышы (ыйгарылышы) мүмкүн болгон координацияланган радиожыштыктар;
- байланыш тармактарын (уюлдук байланыш, радиоберүү, радиорелейлик линиялар ж.б. сыяктуу) өнүктүрүү үчүн Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда координацияланууга тийиш болгон пландаштырылган байланыш тармактары үчүн радиожыштыктар, алар чоң капиталдык салымдарды талап кылышып, эксплуатацияга киргизүүнүн узак мөөнөттөрүнө ээ болушу мүмкүн, бирок координацияланган жана бекитилген жыштык-аймактык пландардын натыйжасында гана түзүлүшү мүмкүн.
Координацияланган радиожыштыктарды жана пландаштырылган байланыш тармактары үчүн радиожыштыктарды ыйгаруу Тараптардын компетенттүү органдарынын ортосунда алдын ала жүргүзүлгөн координациялоо шарттарында ишке ашырылат.
2. Артыкчылыктуу, айкалыштырылган жана координацияланган категориялардан айрым станциялар үчүн, ошондой эле пландаштырылган байланыш тармактары үчүн радиожыштыктарды станцияларга ыйгаруу Тараптар тарабынан өз ара макулдашуунун негизинде ишке ашырылган катары каралат.
Тараптардын ар бирине бардык жыштыкты ыйгарууларын төмөнкүдөй учурларда координацияланган деп эсептелинет:
- Жыштыктардын маалыматтык эл аралык реестринде катталган жана Электрбайланыш эл аралык союзунун Жумалык циркулярынын экинчи бөлүгүндө жарыялангандар;
- мурдагы СССР жашаган мезгилде борборлоштурулган түрдө дайындалгандар;
- ушул Макулдашуу күчүнө кирген датага чейин эки тараптын тең байланыш администрациялары тарабынан координациялангандар;
- Радиобайланыш боюнча дүйнөлүк конференцияларда бекитилген планга киргизилген тараптардын радиожыштык ыйгаруулары;
- ушул Макулдашууга кол коюлган учурда Электрбайланыш эл аралык союзунун Жумалык циркулярынын биринчи бөлүгүндө жарыяланган Тараптардын жыштык ыйгарууларга берилген билдирмелери ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык координацияланууга жатат.
3. Тараптардын ар бири жогоруда аталган категориялардагы радиожыштык тизмелерине ээ болууга жана аларды жүргүзүлгөн координациялоонун негизинде толуктап турууга тийиш.
Тараптар макулдашылган форма боюнча координацияланган станциялардын тизмелерин алмашып, алып турушат. Тизмелер чек арага чектеш райондордогу станциялардын гана же бул райондордо жолтоо болуучу станциялардын мүнөздөмөлөрүн камтыйт.
Тараптардын радиожыштык тизмелери эреже катары Тараптардын мамлекеттеринин эксперттеринин жыл сайын өтүүчү кеңешмелеринде такталууга тийиш.
4. Тараптар ушул Макулдашуунун 3-беренесинде көрсөтүлгөн радиожыштык тилкелериндеги иштеген станциялардын ортосундагы мүмкүн болгон жолтоо болуучу кырдаалдарды караштырышат жана аларды жоюу боюнча чара көрүшөт.
6-берене.
1. Ар бир айкын-ачык учурда маалымат берүү Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын чечими боюнча ишке ашырылат (почта, факс же электрондук почта менен).
2. Тараптар ушул Макулдашуунун 5-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн радиожыштыктардын тизмелерин жарыялабоого жана үчүнчү тарапка бербөөгө, ошондой эле экинчи тарапка радиожыштыктарды ыйгаруу боюнча координациялоо жана маалымат маселелери боюнча кат алышууларды анын кат жүзүндөгү макулдугусуз бербөөгө милдеттенишет.
3. Берилүүчү маалыматтын купуялуулук даражасын маалыматты берүүчү тарап аныктайт.
Берилүүчү маалымат ачык басма сөздө жарыялоого тыюу салынган кабарларды камтууга тийиш эмес. Бул талаптарды сактоо үчүн жоопкерчилик маалымат берүүчү тарапка жүктөлөт.
4. Тараптар кызматташтыктын жүрүшүндө алынган маалыматты коргоону камсыз кылышат. Маалыматты коргоо Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык камсыз кылынат.
5. Маалыматты коргоону бузуу фактысына жол берген Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык квалификацияланат.
6. Алынган маалыматты Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында гана пайдаланууга жана аны Тараптардын мамлекеттеринин кызматтык милдеттерин аткаруу процессинде зарыл болгон кызматчыларына гана берүүгө милдеттенишет.
7. Тараптар экинчи Тараптын талабы боюнча бардык алынган маалыматты салыштыруу үчүн берүүгө милдеттенишет.
8. Маалымат актуалдуулугун же иш жүзүндө баалуулугун жоготкон учурда Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча мындай маалымат булактары жок кылынат же аны калыбына келтирүүнү кепилдикке алган ыкма менен кайтарылып берилет. Жок кылуу фактысы документтештирилет жана документтин көчүрмөсү мындай маалыматты берген тарапка жөнөтүлөт.
9. Маалыматты жоготкон же шардана кылган учурда Тараптар токтоосуз түрдө өз ара консультацияларды өткөрүшөт, иликтөөнү уюштурушат жана анын натыйжасы жана көрүлгөн чара жөнүндө бири-бирине жоготуу же маалыматты шардана кылуу фактысы билинген датадан 90 күндөн кечиктирбестен бири-бирине маалымат беришет.
7-берене.
1. Радиожыштыктарды ыйгарууларды координациялоодо Тараптар кабыл алынган жана макулдашылган бирдиктүү техникалык негиздерди пайдаланышат.
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары белгилүү рекомендациялардын жана методдордун негизинде координациялоонун техникалык негиздери боюнча, артыкчылыктуу жана айкалыштырылган жыштыктар категорияларынын жыштыктарын ыйгарууларды дайындоо үчүн жыштык тилкелерин бөлүү боюнча, ошондой эле координациялоонун башка маселелери боюнча эл аралык келишимдерди түзүшү мүмкүн.
Ушул Макулдашуунун аракетиндеги станцияларды башка радиобайланыш кызматтарынын нурларынан коргоо максатында өз ара жолтоолордун эсептери Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге жана мындай кызматтарга тиешелүү кабыл алынган стандарттарга негизделүүгө тийиш.
2. Радиожыштыктарды ыйгарууда ар бир Тарап радиожыштык спектрин натыйжалуу пайдаланууга жана өздөрүнүн станцияларынын натыйжалуу нурлануусунун кубаттуулугун алардын дайындалышына көрсөтүлгөн байланыш кызматтарынын сапатын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон минимумга чейин төмөндөтүү боюнча чараларды ишке ашырууга умтулууга тийиш.
3. Байланыш техникасынын өнүгүшүн эске алуу менен Тараптар координациялоонун техникалык негиздерин андан ары өнүктүрүү жана тактоо максатында эксперттердин кеңешмелерин өткөрүп турушат.
8-берене.
1. Тарап радиожыштыктардын тизмелеринде ал үчүн каралбаган жаңы радиожыштыкты ыйгарууну пайдалана баштагандан мурда же координацияланган радиожыштык тизмелерине өзгөртүүлөр киргизүүнүн каалагандан мурда Электрбайланыш эл аралык союзунун регламентинин талаптарына ылайык координациялоо жүргүзүүгө тийиш.
2. Координациялоого кат жүзүндө суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап 3 күндүн ичинде аны алгандыгын ырастоого жана 60 күндүн ичинде кат жүзүндө жүйөлүү жообун жөнөтүүгө тийиш. Эгерде мындай учурда ал билдирилген радиожыштыкты ыйгарууну пайдаланууга макул болбосо, ал проблеманы канааттандыруучу чечим үчүн өзүнүн сунуштарын берүүгө тийиш.
3. Эгерде координациялоого билдирмесин жөнөткөн Тарап жетимиш беш күндүн ичинде жооп албаса, анда ал экинчи Тараптын билдирилген радиожыштыкты ыйгарууну пайдаланууга каршылыгы жок деп эсептеп, аны координацияланган радиожыштыктардын тизмесине киргизет жана ал жөнүндө экинчи Тарапка маалымдайт.
4. Төмөнкүдөй учурларда радиожыштыктарды ыйгарууларды координациялоо талап кылынбайт:
а) эгерде ыйгаруу ошол Тараптын артыкчылыктуу радиожыштыктарынын биринен ишке ашырылса;
б) координацияланган радиожыштыктарды ыйгарууну пайдалануучу станцияда экинчи Тараптагы мамлекеттин аймагында кошумча жолтоолордун пайда болушуна алып келбеген мүнөздөмөлөр гана өзгөрсө;
в) эгерде мурда координацияланган радиожыштыктар иштеген кошумча станцияны эксплуатациялоого киргизүү экинчи Тараптын "мамлекетинин аймагында жолтоолордун көбөйүшүнө алып келбесе.
5. Координацияланган радиожыштык ыйгарууларын пайдалануучу негизги станция ишин токтоткон учурда, экинчи Тарапка анын ордуна киргизилген станциянын техникалык мүнөздөмөлөрү маалымдалат.
6. Айрым шашылыш учурларда Тараптар натыйжалуу нурлануу кубаттуулугу 13 дБ Вт ашпаган станцияларда убактылуу пайдалануу үчүн (30 күнгө чейин) радиожыштыктарды ыйгаруу укугуна ээ болушат. Мында Тараптар мындай пайдалануунун фактылары жөнүндө бири-бирине маалымдашат жана мүмкүн болгон жолтоолорду четтетүү боюнча чара көрүшөт.
7. Тараптардын бири координацияланган радиожыштык ыйгарууларынын тизмесине координациялоо жүргүзүүнү талап кылбаган өзгөртүүлөрдү киргизген бардык учурларда, анын ичинде координацияланган станцияны пайдаланууну токтоткондо мындай өзгөрүүлөр жөнүндө экинчи Тарапка маалымдайт.
9-берене.
Зыяндуу жолтоолорго дуушар болгон кабыл алуу станциясы таандык болгон Тарап ал жөнүндө станциясы жолтоолорду түзгөн экинчи Тарапка маалымдайт.
Бир тараптын кабыл алуучу станциясын экинчи Тараптын станцияларынын зыяндуу жолтоолорунан коргоо төмөнкүдөй учурларда четке кагылышы мүмкүн:
- чыңалуу талаасы максималдуу жол берилген мааниден ашып түшкөн экинчи Тараптын станцияларынын жолтоолору экинчи Тараптын мурда координацияланган бергичинин кабыл алгычында түзүлсө;
- кабыл алгычты коргоо ушул Макулдашуунун 4-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн координациялоонун техникалык негиздери боюнча макулдашууда эскертилген шарттардагы экинчи Тараптын артыкчылыктуу радиожыштыктарын пайдаланууга мүмкүндүк бербесе;
- ушул Макулдашуунун 5-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн координациялоонун техникалык негиздери боюнча макулдашууда эскертилген чек арага чектеш райондордогу зыяндуу жолтоолордун максималдуу жол берилген чоңдугун жөнгө салуучу шарттар сакталбаса.
Кабыл алуучу станциялардын радиожыштыктарды ыйгарууларын координациялоого билдирме, эгерде экинчи Тарап мурда билдирилген жана координациялоону күткөн бир же бир нече бергичтер координациялоого билдирилген кабыл алгычта чыңалуу талаасы Макулдашууда каралган жол берилген мааниден ашкан зыяндуу жолтоону түзсө четке кагылышы мүмкүн.
Тараптар өз ара түшүнүүнүн жана кызматташтыктын негизинде жолтоолорго тиешелүү маселелерди жөнгө салуу үчүн мүмкүн болгон чараларды көрүшөт.
10-берене.
1. Ушул Макулдашууда каралбаган маселелер учурунда Тараптар Электрбайланыш эл аралык конференциясынын, радиобайланыш эл аралык регламентинин жоболору жана Электрбайланыш эл аралык союзунун сунуштарын жетекчиликке алышат.
2. Ушул Макулдашуу Тараптардын алардын мамлекеттери катышуучулары болгон башка эл аралык келишимдерде каралган Тараптардын укуктары менен милдеттенмелерин чектебейт.
11-берене.
1. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда Тараптар ортосунда пайда болгон талаш-тартыштар жана кайчы пикирлер Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
2. Эксперттердин жолугушуулары Тараптар тарабынан күн мурдатан эскертилет, уюштуруучулук маселелерин жолугушуу өтө турган мамлекеттин аймагындагы Тарап чечет. Эксперттерди каржылоо Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.
12-берене.
Ушул Макулдашууга ылайык Тараптардын өз ара аракеттенүүсүндө орус тили пайдаланылат.
13-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.
Бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор протоколдор менен таризделет, алар ушул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүктөрү болуп саналат.
14-берене.
Тараптардын байланыш администрациялары ушул Макулдашууну түзүү жөнүндө жана мазмуну жөнүндө Электрбайланыштын эл аралык союзунун башкы катчысына маалымдашат.
15-берене.
Ушул Макулдашуу ага кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет, 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири дагы экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча учурдагы мезгил аяктаганга чейин 6 айдан кечиктирилбеген мөөнөттө анын колдонулушун узартпоо ниети жөнүндө кат жүзүндө маалымат жөнөтпөсө кийинки 5 жылдык мезгилине автоматтык түрдө узартылат.
Тараптардын бири экинчи Тараптын ушул Макулдашуунун колдонулушун узартпоо ниети жөнүндө кат жүзүндөгү маалымдоосун алган учурда, Тараптар берилген маалыматты пайдалануу боюнча өз ара консультацияларды 6 айдын ичинде өткөрүшөт. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу Тараптарды анын колдонулушун токтотууга чейин алынган коргоо боюнча милдеттенмелерден, ошондой эле аны жоготуу же шардана кылуу жоопкерчилигинен бошотпойт.
____________________ шаарында эки нускада түзүлдү, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде, айтмакчы тексттер бирдей күчкө ээ болушат.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Казак Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн