Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 29-июну № 314-б
Кыргыз Республикасынын облустары менен Казакстан Республикасынын облустарынын ортосундагы достук мамилелерди, кызматташтыкты чыңдоо жана боордоштук байланыштарды орнотуу максатында:
Кызматташтык жана боордоштук байланыштарды орнотуу жөнүндө төмөнкү макулдашуулардын долбоорлоруна макулдук берилсин:
Кыргыз Республикасынын Ош облусу менен Казакстан Республикасынын Караганда облусунун ортосундагы (1-тиркеме);
Кыргыз Республикасынын Талас облусу менен Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун ортосундагы (2-тиркеме);
Кыргыз Республикасынын Чүй облусу менен Казакстан Республикасынын Түштүк-Казакстан облусунун ортосундагы (3-тиркеме).
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
1-тиркеме
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясы жана Казакстан Республикасынын Караганда облусунун акимиаты,
1997-жылдын 8-апрелинде Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө келишимдин жана 2003-жылдын 25-декабрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Союздаштык мамилелер жөнүндө келишимдин принциптерин жана жоболорун жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын боордош элдеринин ортосундагы тарыхый жактан түзүлгөн бекем экономикалык, маданий байланыштарына жана ынак мамилелердин, достуктун салттарына таянып,
эки региондун ортосундагы өз ара урматташуу жана андан ары достук байланыштарды чыңдоону каалоо принциптерине негизденип жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү ниеттерине таянып,
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясы менен Казакстан Республикасынын Караганда облусунун акимиатынын кызматташтыгы мындан ары эки региондун өнүгүшү үчүн, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы ар тараптуу байланыштарды кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт деп ишенүү менен,
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык потенциалын кыйла натыйжалуу пайдалануу зарылдыгына ишенип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушул Макулдашуу менен өнөктөштүк, өз ара ишенүү жана эки тараптуу пайда көрүү принциптеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Ош облусу менен Казакстан Республикасынын Караганда облусунун ортосундагы боордоштук мамилелер түзүлөт.
2-берене.
Тараптар өз компетенцияларынын чегинде төмөнкү жааттарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөк көрсөтүшөт:
- сооданы жана экономиканы;
- илимди, техниканы, билим берүүнү;
- маданиятты жана искусствону;
- спортту, туризмди жана жарандардын эс алуусун уюштурууну;
- эмгек миграциясын, ошондой эле кызыкчылык жаратуучу башка тармактарды.
3-берене.
Тараптар менчигинин түрүнө карабастан Тараптардын аймагында жайгашкан чарбакер субъекттеринин ортосундагы өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөк көрсөтүшөт.
4-берене.
Тараптар өз компетенцияларынын чегинде биргелешкен өнөр жайлык долбоорлорду, анын ичинде энергетикалык, кен казуучу, кайра иштетүүчү, текстиль, химиялык жана тамак-аш тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле жеке ишкерлердин ортосундагы байланыштарды түзүүгө шарт түзүшөт.
5-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Ош облусунун жана Казакстан Республикасынын Караганда облусунун туризм, экскурсиялык жана көргөзмө-жарманкелик иш чөйрөсүндө иштеген уюмдарынын ортосундагы ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
6-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык өз иш-аракеттери жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жетишилген натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алмашат.
7-берене.
Тараптар төмөнкү деңгээлдерде экономикалык жана соода мамилелерин өнүктүрүүнү камсыз кылышат:
- ишканалардын, бирикмелердин, уюмдардын жана мекемелердин; биргелешкен ишканалардын жана уюмдардын;
- жеке ишкерлердин.
Тараптар чарбакер субъекттер тарабынан түзүлгөн, Тараптардын
аймактарында катталган келишимдерден жана контракттардан келип
чыгуучу милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартышпайт.
8-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык биргелешкен ишканаларды жана башка биргелешкен түзүмдөрдү түзүүгө шарт түзүшөт.
9-берене.
Тараптар өздөрүнүн аймагындагы маданият, саламаттык сактоо, билим берүү, спорт жана туризм мекемелери, коомдук уюмдардын ортосундагы түз байланыштарды орнотууга көмөк көрсөтүшөт.
10-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Ош облусунун тургундарынын Казакстан Республикасынын Караганда облусуна жана тескерисинче эмгек миграциясын ишке ашыруу үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүшөт.
11-берене.
Тараптар туризм жана саламаттык сактоо жаатында кызматташууну өнүктүрүү максатында Казакстан Республикасынын Караганда облусунун балдарынын жана тургундарынын Кыргыз Республикасынын курорттук-рекреациялык объекттерине эс алуусун уюштурууга көмөк көрсөтүшөт.
12-берене.
Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана көбөйтүү, экологиялык коопсуздукту камсыздоо, экологиялык жактан таза өндүрүш чөйрөсүн кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
13-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык кызматташууну, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди ишке ашырышат.
14-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу максатында Тараптар эки тараптуу кызматташуунун конкреттүү багыттары боюнча айрым макулдашууларга кол кое алышат.
15-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун 16-беренесинде аныкталган тартипте күчүнө кирет.
16-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана Тараптардын биринин анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн тартып үч ай өткөнгө чейин күчүндө калат.
Ушул Макулдашуунун беренелерин же айрым жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга тиешелүү бардык талаш маселелер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ал колдонулуп жаткан мезгилде башталган жана анын колдонулушу токтогон учурга карата аяктабаган программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга таасирин тийгизбейт.
____________________________ шаарында 2012-жылдын "___" __________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде аткарылды, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөгө карата кандайдыр бир кайчы пикирлер пайда болгон учурда орус тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын
Ош облусу үчүн Караганда облусу үчүн
2-тиркеме
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администрациясы жана Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун акимиаты,
1997-жылдын 8-апрелинде Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө келишимдин жана 2003-жылдын 25-декабрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Союздаштык мамилелер жөнүндө келишимдин принциптерин жана жоболорун жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын боордош элдеринин ортосундагы тарыхый жактан түзүлгөн бекем экономикалык, маданий байланыштарына жана ынак мамилелердин, достуктун салттарына таянып,
эки региондун ортосундагы өз ара урматташуу жана андан ары достук байланыштарды чыңдоону каалоо принциптерине негизденип жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү ниеттерине таянып,
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администрациясы менен Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун акимиатынын кызматташтыгы мындан ары эки региондун өнүгүшү үчүн, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы ар тараптуу байланыштарды кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт деп ишенүү менен,
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык потенциалын кыйла натыйжалуу пайдалануу зарылдыгына ишенип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушул Макулдашуу менен өнөктөштүк, өз ара ишенүү жана эки тараптуу пайда көрүү принциптеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Талас облусу менен Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун ортосундагы боордоштук мамилелер түзүлөт.
2-берене.
Тараптар өз компетенцияларынын чегинде төмөнкү жааттарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөк көрсөтүшөт:
- сооданы жана экономиканы;
- илимди, техниканы, билим берүүнү;
- маданиятты жана искусствону;
- спортту, туризмди жана жарандардын эс алуусун уюштурууну;
- эмгек миграциясын, ошондой эле кызыкчылык жаратуучу башка тармактарды.
3-берене.
Тараптар менчигинин түрүнө карабастан Тараптардын аймагында жайгашкан чарбакер субъекттеринин ортосундагы өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөк көрсөтүшөт.
4-берене.
Тараптар өз компетенцияларынын чегинде биргелешкен өнөр жайлык долбоорлорду, анын ичинде энергетикалык, кен казуучу, кайра иштетүүчү, текстиль, химиялык жана тамак-аш тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле жеке ишкерлердин ортосундагы байланыштарды түзүүгө шарт түзүшөт.
5-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Талас облусунун жана Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун туризм, экскурсиялык жана көргөзмө-жарманкелик иш чөйрөсүндө иштеген уюмдарынын ортосундагы ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
6-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык өз иш-аракеттери жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жетишилген натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алмашат.
7-берене.
Тараптар төмөнкү деңгээлдерде экономикалык жана соода мамилелерин өнүктүрүүнү камсыз кылышат:
- ишканалардын, бирикмелердин, уюмдардын жана мекемелердин; биргелешкен ишканалардын жана уюмдардын;
- жеке ишкерлердин.
Тараптар чарбакер субъекттер тарабынан түзүлгөн, Тараптардын аймактарында катталган келишимдерден жана контракттардан келип чыгуучу милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартышпайт.
8-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык биргелешкен ишканаларды жана башка биргелешкен түзүмдөрдү түзүүгө шарт түзүшөт.
9-берене.
Тараптар өздөрүнүн аймагындагы маданият, саламаттык сактоо, билим берүү, спорт жана туризм мекемелери, коомдук уюмдардын ортосундагы түз байланыштарды орнотууга көмөк көрсөтүшөт.
10-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Талас облусунун тургундарынын Казакстан Республикасынын Жамбыл облусуна жана тескерисинче эмгек миграциясын ишке ашыруу үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүшөт.
11-берене.
Тараптар туризм жана саламаттык сактоо жаатында кызматташууну өнүктүрүү максатында Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун балдарынын жана тургундарынын Кыргыз Республикасынын курорттук-рекреациялык объекттерине эс алуусун уюштурууга көмөк көрсөтүшөт.
12-берене.
Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана көбөйтүү, экологиялык коопсуздукту камсыздоо, экологиялык жактан таза өндүрүш чөйрөсүн кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
13-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык кызматташууну, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди ишке ашырышат.
14-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу максатында Тараптар эки тараптуу кызматташуунун конкреттүү багыттары боюнча айрым макулдашууларга кол кое алышат.
15-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун 16-беренесинде аныкталган тартипте күчүнө кирет.
16-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана Тараптардын биринин анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн тартып үч ай өткөнгө чейин күчүндө калат.
Ушул Макулдашуунун беренелерин же айрым жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга тиешелүү бардык талаш маселелер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ал колдонулуп жаткан мезгилде башталган жана анын колдонулушу токтогон учурга карата аяктабаган программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга таасирин тийгизбейт.
_______________________ шаарында 2012-жылдын "___" _______________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде аткарылды, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөгө карата кандайдыр бир кайчы пикирлер пайда болгон учурда орус тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын
Талас облусу үнүн Жамбыл облусу үчүн
3-тиркеме
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жана Казакстан Республикасынын Түштүк-Казакстан облусунун акимиаты,
1997-жылдын 8-апрелинде Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө келишимдин жана 2003-жылдын 25-декабрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Союздаштык мамилелер жөнүндө келишимдин принциптерин жана жоболорун жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын боордош элдеринин ортосундагы тарыхый жактан түзүлгөн бекем экономикалык, маданий байланыштарына жана ынак мамилелердин, достуктун салттарына таянып,
эки региондун ортосундагы өз ара урматташуу жана андан ары достук байланыштарды чыңдоону каалоо принциптерине негизденип жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү ниеттерине таянып,
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы менен Казакстан Республикасынын Түштүк-Казакстан облусунун акимиатынын кызматташтыгы мындан ары эки региондун өнүгүшү үчүн, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы ар тараптуу байланыштарды кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт деп ишенүү менен,
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык потенциалын кыйла натыйжалуу пайдалануу зарылдыгына ишенип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушул Макулдашуу менен өнөктөштүк, өз ара ишенүү жана эки тараптуу пайда көрүү принциптеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Чүй облусу менен Казакстан Республикасынын Түштүк-Казакстан облусунун ортосундагы боордоштук мамилелер түзүлөт.
2-берене.
Тараптар өз компетенцияларынын чегинде төмөнкү жааттарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөк көрсөтүшөт:
- сооданы жана экономиканы;
- илимди, техниканы, билим берүүнү;
- маданиятты жана искусствону;
- спортту, туризмди жана жарандардын эс алуусун уюштурууну;
- эмгек миграциясын, ошондой эле кызыкчылык жаратуучу башка тармактарды.
3-берене.
Тараптар менчигинин түрүнө карабастан Тараптардын аймагында жайгашкан чарбакер субъекттеринин ортосундагы өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөк көрсөтүшөт.
4-берене.
Тараптар өз компетенцияларынын чегинде биргелешкен өнөр жайлык долбоорлорду, анын ичинде энергетикалык, кен казуучу, кайра иштетүүчү, текстиль, химиялык жана тамак-аш тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле жеке ишкерлердин ортосундагы байланыштарды түзүүгө шарт түзүшөт.
5-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун жана Казакстан Республикасынын Түштүк-Казакстан облусунун туризм, экскурсиялык жана көргөзмө-жарманкелик иш чөйрөсүндө иштеген уюмдарынын ортосундагы ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
6-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык өз иш-аракеттери жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жетишилген натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алмашат.
7-берене.
Тараптар төмөнкү деңгээлдерде экономикалык жана соода мамилелерин өнүктүрүүнү камсыз кылышат:
- ишканалардын, бирикмелердин, уюмдардын жана мекемелердин; биргелешкен ишканалардын жана уюмдардын;
- жеке ишкерлердин.
Тараптар чарбакер субъекттер тарабынан түзүлгөн, Тараптардын аймактарында катталган келишимдерден жана контракттардан келип чыгуучу милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартышпайт.
8-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык биргелешкен ишканаларды жана башка биргелешкен түзүмдөрдү түзүүгө шарт түзүшөт.
9-берене.
Тараптар өздөрүнүн аймагындагы маданият, саламаттык сактоо, билим берүү, спорт жана туризм мекемелери, коомдук уюмдардын ортосундагы түз байланыштарды орнотууга көмөк көрсөтүшөт.
10-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун тургундарынын Казакстан Республикасынын Түштүк-Казакстан облусуна жана тескерисинче эмгек миграциясын ишке ашыруу үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүшөт.
11-берене.
Тараптар туризм жана саламаттык сактоо жаатында кызматташууну өнүктүрүү максатында Казакстан Республикасынын Түштүк-Казакстан облусунун балдарынын жана тургундарынын Кыргыз Республикасынын курорттук-рекреациялык объекттерине эс алуусун уюштурууга көмөк көрсөтүшөт.
12-берене.
Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана көбөйтүү, экологиялык коопсуздукту камсыздоо, экологиялык жактан таза өндүрүш чөйрөсүн кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
13-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык кызматташууну, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди ишке ашырышат.
14-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу максатында Тараптар эки тараптуу кызматташуунун конкреттүү багыттары боюнча айрым макулдашууларга кол кое алышат.
15-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун 16-беренесинде аныкталган тартипте күчүнө кирет.
16-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана Тараптардын биринин анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн тартып үч ай өткөнгө чейин күчүндө калат.
Ушул Макулдашуунун беренелерин же айрым жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга тиешелүү бардык талаш маселелер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ал колдонулуп жаткан мезгилде башталган жана анын колдонулушу токтогон учурга карата аяктабаган программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга таасирин тийгизбейт.
_______________________ шаарында 2012-жылдын "____" ______________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде аткарылды, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөгө карата кандайдыр бир кайчы пикирлер пайда болгон учурда орус тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын
Чүй облусу үчүн Түштүк-Казакстан облусу үчүн