Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 22-марты № 98-б
1. Анкара шаарында 1994-жылдын 14-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен, кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Анкара шаарында 1994-жылдын 14-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу
Протокол
Мындан ары «Макулдашуучу тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү, аба каттамы жаатындагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө умтулуу менен, Анкара шаарында 1994-жылдын 14-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) жоболорун ишке ашырууну камсыз кылуу максатында ага төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүүгө макулдашты:
1-берене
Макулдашуунун 3-беренесинин 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«Ар бир Макулдашуучу тарап белгиленген маршруттар боюнча макулдашылган каттамдарды пайдалануу максатында экинчи Макулдашуучу тарапка бул тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу кат жүзүндө билдирүү жиберүү жолу менен бир же андан көп авиакомпанияларды дайындоого укуктуу.».
2-берене
Ушул Протокол Анкара шаарында 1994-жылдын 14-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Ушул Протокол Макулдашуучу тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы кат жүзүндө билдирген күндөн баштап күчүнө кирет.
____________ шаарында 20___-жылдын «____» _________ кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, ар бири бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда Протоколдун англис тилиндеги тексти артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |