КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 9-апрели № 120-б
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ушул Макулдашуунун долбооруна кол коюуга укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү,
туризм чөйрөсүндө кыйла тыгыз кызматташууну орнотуу максатында,
туризмди экономикалык өнүгүүнүн фактору катары маанилүүлүгүн таанып, ошондой эле өз ара түшүнүүнү, ак пейилдүүлүктү жана эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы достук мамилелерин чыңдоо үчүн,
төмөнкүлөрдү макулдашты:
1-берене.
Тараптар, тең укуктун жана өз ара пайданын негизинде, ушул Макулдашуунун мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана алар катышкан башка эл аралык макулдашууларга ылайык:
- туризм жаатында кызматташууну колдоого;
- өз ара туристтик агымдарды көбөйтүүгө жана үчүнчү дүйнөнүн өлкөлөрүнөн туристтерди тартууга;
- эки мамлекеттин ортосунда туризм чөйрөсүндөгү мамилелерди жакшыртуу максатында туристтик мекемелердеги, коомдук жана жеке сектордогу ар бир ишти колдоого жана жеңилдетүүгө тийиш.
2-берене.
Тараптар туризм, пландоо жана маркетингдик иш чөйрөсүндө жеткиликтүү маалыматтарды алмашат, эки мамлекетте өз ара жарнамалык иш боюнча иш-чараларды, ошондой эле экинчи Тарап уюштуруучу эл аралык туристтик жарманкелерге, көргөзмөлөргө жана фестивалдарга мамлекеттик ресурстарсыз алардын тиешелүү мекемелеринин катышуусун да колдошот.
3-берене.
Тараптар үчүнчү мамлекеттерде, ошондой эле өздөрүнүн өлкөлөрүндө Кыргызстандын жана Түркиянын туристтик агенттиктеринин кызматташуусун колдошот.
4-берене.
Тараптар төмөнкү жааттарда маалымат жана тажрыйба алмашуу үчүн өкмөттүк эмес ресурстардын чегинде (тартылган каражаттар) туризм жаатындагы өздөрүнүн мамлекеттик түзүмдөрүн колдошот:
- алардын тиешелүү мамлекеттериндеги улуттук мыйзамдар жана туризм жаатындагы иштердин эрежелери;
- туризм чөйрөсүндөгү маалымат жана статистика;
- турларды уюштуруу;
- мейманканаларды жана туристтик кызматтарды көрсөткөн жайгаштыруунун башка каражаттарын башкаруу;
- туризмдин ар түрдүүлүгү;
- жарнак жана маркетинг.
5-берене.
Тараптар туризмге инвестиция берүү чөйрөсүндө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн иликтешет жана ушул максатта болгон инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле туризм жаатында алардын мамлекеттеринде колдонулган инвестициялык дем берүүлөр жөнүндө бири-бирине кабарлоого тийиш.
6-берене.
Тараптар туристтик чөйрөдө тажрыйбаны жана билимди кеңейтүү, туристтик сектордогу персоналдар үчүн кесиптик даярдоонун программаларын уюштуруу максатында маалыматтарды алмашуу, окутуу, семинарларды жана конференцияларды өткөрүү ж.б. аркылуу кызматташууну өнүктүрүшөт.
7-берене.
Тараптар, туристтик продукт катары тарыхый "Улуу жибек жолун" маркетингдөө жаатында кызматташууну кеңейтүүгө тийиш жана ушул жагдайда бири-бирин эл аралык деңгээлде ишке ашырыла турган бардык аракеттер аркылуу колдошот.
8-берене.
Ушул Макулдашуу эки Тарап тең катышуусу болгон башка эл аралык макулдашуулардын эки Тарап тең карманган укуктарына жана эрежелерине таасир тийгизбейт.
9-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан бардык чыгымдарды Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык жеке каражаттарынын эсебинен жабышат, эгерде Тараптар башкача шарт коюшпаса.
10-берене.
Ушул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду дипломатиялык каналдар боюнча Тараптардын аткаргандыгын ырастоочу акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул макулдашуу 5 жылга түзүлөт жана эгер Тараптардын бири да дипломатиялык каналдар боюнча анын колдонулуу мөөнөтүнүн бүтүшүнө алты ай калганга чейин ушул Макулдашууну токтотуу жөнүндө ниетин жазуу жүзүндө билдирбесе кийинки 5 жылга өзүнөн өзү узартылат. Бул учурда Макулдашуунун колдонулушу бир Тарап экинчи Тараптан жазуу жүзүндө билдирүү алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин токтотулууга тийиш.
______________ шаарында 20__-жылдын ___________________ ар бири кыргыз, түрк, орус жана англис тилдериндеги эки нускада түзүлдү, баардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн _______________________________ Кыргыз Республикасынын маданият, жана туризм министри |
| Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн _______________________________ Туркия Республикасынын маданият маалымат жана туризм министри |