Редакцияот 03.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 3-майы № 158-б

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Коргоо министрлигинин ортосундагы Англис тилин үйрөнүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон оңдоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

 

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Улуу Британия жана түндүк Ирландия бириккен Королдугунун Коргоо министрлигинин ортосундагы англис тилин үйрөнүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ

Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Коргоо министрлиги,

эки өлкөнүн ортосундагы мурдатан болгон өнөктөштүк жана кызматташтык мамилелерди көңүлгө алып;

коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыктын ишенимди, туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө каражаты катары маанилүүлүгүн белгилөө менен,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене. Тил үйрөнүүнүн максаты

Британия кеңеши аркылуу ишке ашырылуучу аскердик багытта англис тилин үйрөнүүнүн максаты болуп региондук жана эл аралык тынчтыкты сактоо операцияларына, чыр-чатактан кийин колдоо операцияларына жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча операцияларга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катышуусу үчүн англис тилин эркин сүйлөө жана окутуу потенциалын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү эсептелет. Тил үйрөнүү деңгээлин жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн офицерлерине жана жоокерлерине Чехияда, ошондой эле Кыргыз Республикасында Улуу Британиянын Коргоо министрлиги жана Британия аскердик консультациялык-машыктыруучу командасы (БАКМК) тарабынан өткөрүлүүчү курстарга катышууга мүмкүнчүлүк берет. Даярдоодон өткөн аскер кызматчылары өз кезегинде тынчтыкты сактоо операцияларына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тактикалык жана ыкчам даярдыгын күчөтүүгө көмөк көрсөтөт. Британия тарабынан көрсөтүлүүчү колдоо, мүмкүнчүлүккө жараша көрсөтүлүүчү башка эл аралык, анын ичинде НАТОнун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасы аркылуу көрсөтүлүүчү колдоо менен координацияланган.

2-берене. Британия тараптын жоопкерчилиги

Улуу Британиянын Коргоо министрлиги Британия кеңеши аркылуу төмөнкүлөрдү берүүгө макул.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине отчет түрүндө берилүүчү жана британиялык тарап максималдуу натыйжалуу колдоону кандай түрдө көрсөтөөрүн аныктоого жардам берүүчү керектөөлөргө талдоону. Ресурстар керектөөлөрдү талдоого ылайык берилет.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин тил үйрөнүүнү ишке ашыруучу башкармалыктарына консультациялык колдоону.

Кыргыз тараптан окутуучуларды окутуу боюнча нускоочуларды даярдоого.

Тесттик материалдарды иштеп чыгууга/тандоого.

Жыл сайын күзүндө Алматы шаарындагы НАТОнун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" борборунда өткөрүү пландалып жаткан англис тилин окутуу боюнча региондук семинарларды өткөрүүгө.

Англис тилин окутууга окуу жана экзамендик материалдар түрүндө жардам көрсөтүүгө.

Улуу Британиянын окуу жайларында аскер кызматчылары үчүн англис тили боюнча курстарга орундарды берүүгө. Берилүүчү орундардын саны жыл сайын окуу жайы тарабынан сунушталуучу курстардын программасына жараша өзгөртүлүп турат. Курстарга квота Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине алар башталаарына 4 ай калганда, потенциалдуу курсанттарды тандоо жана тийиштүү даярдоо максатында берилет.

Улуу Британиянын аскердик тил мектептеринде же Борбордук Азияда тренингдердин учурунда окутуучуларды жана экзамен алуучуларды даярдоого.

Британия тарап Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өткөрүлүүчү иш-чаралар учурунда виза алуу, баруу, тамактануу жана жашоо менен байланышкан чыгымдарды өзүнө алат.

3-берене. Кыргыз тараптын жоопкерчилиги

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги төмөнкүлөрдү берүүгө макул.

Коргоо министрлигинин (кызматчыларына) эксперттерине жана мугалимдерине уруксат берүү жолу менен муктаждыктарга талдоо жүргүзүүгө жардам берүүгө.

Жогоруда белгиленген мүмкүнчүлүктөрдү берүүнү уюштуруу үчүн жооптуу байланыш адамдарын белгилөөгө.

Умтулуусу күчтүү англис тили мугалимдерин жана аскер кызматчыларын тандоого жана аларды англис тилин үйрөнүү боюнча курстарга жиберүүгө.

Нускоочуларга жана аскер кызматчыларына тренингдерге катышуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө.

Окууну бүтүргөн нускоочу өзүнүн кызматында даярдоо курсун бүткөн убактан баштап эң аз дегенде эки жыл кызмат өтөйт.

Тилдик даярдык боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл болгон англис тилин үйрөнүү боюнча коопсуз, көп функциялуу борбор берүүгө, ошондой эле окуу материалдарын жана жабдууларды сактоого.

Англис тилин үйрөнүү боюнча борбордо Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө.

Долбоордун натыйжалуулугун баалоо боюнча жолугушууларга ар бир жарым жыл сайын катышууга, аны өткөрүү күндөрү эки тарап менен макулдашылат.

Консультанттарга визалык колдоо, жашоо, тамактануу жана жол чыгымдарын жабуу жана Кыргыз Республикасында иш-чара өткөрүлүүчү жерге чейин жетүү максатында транспорт менен ташуу түрүндө административдик колдоо көрсөтүүгө.

4-берене. Макулдашууну колдонуунун башталышы жана токтотулушу

Ушул Өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум эки Тарап кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана эгерде тараптардын бири Макулдашуунун колдонулушун токтотуп туруу же токтотуу тууралуу чечим кабыл албаса күчүндө кала берет, бул жөнүндө экинчи тарап жок дегенде 90 күн мурда кабарлашы керек.

Бишкек шаарында 201__-жылдын "___" __________________ кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.

 

Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлиги үчүн

 

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Коргоо министрлиги үчүн