Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 6-майы № 165-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өзгөчө кооптуу уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча агенттигинин (SOCA) алдындагы Улуу Британиянын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн (UKFIU) ортосундагы Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматты алмашуу тууралуу меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өзгөчө кооптуу уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча агенттигинин (SOCA) алдындагы Улуу Британиянын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн (UKFIU) ортосундагы Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматты алмашуу тууралуу МЕМОРАНДУМ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана Улуу Британия менен Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өзгөчө кооптуу уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча агенттигинин (SOCA) алдындагы Улуу Британиянын Финансылык чалгындоо бөлүмү (UKFIU),
кызматташууну жана өз ара кызыкчылыкты каалап, ошондой эле өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарынын алкагында,
терроризмди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо менен байланышкан маалыматты алмашууга көмөк көрсөтүү үчүн, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1. Кызматташуу чөйрөсү
1. Тараптар өз демилгеси же суроо-талабы боюнча терроризмди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча кылмыштарды иликтөөдө зарыл болгон маалыматтарды берүүдө кызматташат.
2. Тараптардын ортосундагы кызматташуу жана маалымат алмашуу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана ушул Меморандумга ылайык ишке ашырылат. Тараптар ушул Меморандум түзүлгөндөн кийин маалымат алмашуу, маалыматты пайдалануу жана андан ары ачуу чөйрөсүндөгү тиешелүү улуттук ченемдик укуктук актыларды бири-бирине беришет.
2. Суроо-талаптар
3. Ар бир суроо-талап жазуу жүзүндө ишке ашырылат жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- суроо-талаптын себептерин;
- белгилүү болгон тиешелүү фактылардын кыскача мазмунун;
- аныкталган бардык маалыматтарды;
- кылмыш жасады деп шектенүүгө же айыптоого байланышкан маалыматты, эгерде мындайлар бар болсо;
- суралган маалыматты алуу укугун пайдалануунун жана аны суроо-талап жиберген Тараптын өлкөсүндөгү укук коргоо же башка мамлекеттик органдарга берүүнүн максаттары жана тартиби жөнүндө маалыматтарды.
4. Тараптар зарыл болгон учурда, суроо-талапты аткаруу же анын аткарылышын тездетүү максатында кошумча маалыматты сурай алышат.
5. Маалыматтарды берүү, аларды берүүдөн баш тартуу, аларды жок кылуу жөнүндө маалыматты берүү тууралуу кандай болбосун суроо-талап жазуу жүзүндө ишке ашырылат.
3. Маалыматты пайдалануу
6. Тараптар берилген маалыматты ушул Меморандумда же суроо-талапта көрсөтүлгөндөн башка максаттарга берүүчү Тараптын алдын ала макулдугусуз пайдалана алышпайт.
7. Өз демилгеси боюнча же ушул Меморандумдун алкагында ишке ашырылган суроо-талапты канааттандыруунун натыйжасында берилген маалыматты пайдалануу берүүчү Тараптын алдын ала макулдугусуз алуучу Тарап:
- маалыматты суроо-талапта көрсөтүлгөн кылмыш иштерине карата гана пайдалана ала тургандыгын (сураган учурда);
- бул маалыматты жазык сот өндүрүшүндө далил катарында пайдалана албашын;
- 11-пунктка ылайык маалыматты берүүчү Тараптын алдын ала макулдугусуз үчүнчү тараптарга жайылтпай тургандыгын (эгерде бул суроо-талапта көрсөтүлбөгөн учурду кошпогондо) билдирген чектөөнүн предмети болуп саналат.
8. Эгерде Тарап экинчи Тараптан алынган маалыматты ачуу талап кылынган соттук териштирүүнүн субъекти болуп саналса, анда ал дароо билдирүүгө жана маалыматты ачуу үчүн экинчи Тараптан уруксат суроо мүмкүнчүлүгүн табууга тийиш.
9. Тараптар берилген маалыматты пайдалануу боюнча суроо-талапты жибере алышат, ал эми алуучу Тарап бул иш жүзүндө мүмкүн болгон учурда жооп берүүгө тийиш.
4. Купуялуулук
10. Тараптар беришкен маалымат купуя болуп саналат. Купуя маалыматтарды сактоо боюнча улуттук мыйзамдарга ылайык, Тараптар беришкен бардык маалыматтар катуу контролдун предмети болууга тийиш жана купуя маалыматтарды сактоо боюнча улуттук мыйзамдарга ылайык маалыматтардын уруксат берилген максатта пайдаланылуусун камсыз кылуу үчүн корголот. Бери дегенде, берилген маалыматка Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык мындай маалыматка карата колдонулуучу ушундай эле купуялуулук талаптар менен корголгон маалымат катары мамиле кылуу керек.
11. Тараптар ушул Меморандумдун алкагында экинчи Тараптан алынган маалыматты берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз беришпейт.
12. Ушул Меморандумдун алкагында купуялуулукту сактоо жөнүндө милдеттенме ушул Меморандумдун колдонулушу токтотулгандыгына карабастан колдонулууга тийиш.
5. Дараметти чыңдоо
13. Тараптар кылмыштуу кирешелерди адалдоого же терроризмди каржылоого тиешелүү жана бул кылмыш иши менен байланыштуу, анын ичинде финансылык маалыматтарды талдоо боюнча жалпы маалымат алмашуу жана билимдерди, изилдөөлөрдү, учурдагы жана жаңы тенденциялар, кылмыштуу кирешелерди адалдоо же терроризмди каржылоо типологиялары боюнча маалымат алмашуу жолу менен кызматташа алышат.
6. Баш тартуу
14. Эгерде көмөк көрсөтүү улуттук мыйзамдарга же эгемендикке, коопсуздукка, улуттук кызыкчылыктарга жана Тараптардын мамлекеттери катышкан эл аралык келишимдерге каршы келсе суроо-талаптар четке кагылышы мүмкүн. Суроо-талап жиберген Тарап баш тартуунун себеби жөнүндө кабардар болушу керек.
7. Суроо-талаптардын тили
15. Тараптардын ортосундагы өз ара аракет англис тилинде ишке ашырылат.
8. Берилген маалыматты сактоо жана контролдоо
16. Ар бир Тарап ушул Меморандумдун алкагында берилген маалыматты натыйжалуу контролдоого кепилдик берет.
17. Ар кандай каражаттар менен берилген бардык маалыматтар аларды мыйзамдуу алууга укугу жок жактардан коопсуздугу камсыз болгудай сакталууга тийиш. Маалымат баалуулугу жок катары таанылгандан кийин тиешелүү түрдө жок кылынууга тийиш.
9. Байланыш
18. Тараптардын ар бири өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык байланыштын алгылыктуу жол-жоболорун биргеликте уюштурат жана ушул Меморандумду аткаруу максатында консультацияларды өткөрөт.
10. Өз ара аракеттенүү жана талаш-тартыштарды чечүү
19. Тараптар ушул Меморандумдун максаттарына жетүү үчүн кызматташууну ачык-айкын ишке ашырышат.
20. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар аларды консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.
11. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
21. Тараптардын өз ара макулдуктары боюнча ушул Меморандумга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул Меморандумдун 12-беренесине ылайык күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
12. Корутунду жоболор
22. Ушул Меморандум ага Тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
23. Ушул Меморандум 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде Тараптардын бири да анын колдонулушун токтотуу тууралуу өзүнүн ниетин кезектеги мөөнөт аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбестен экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирбесе, анын колдонулушу кийинки беш жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
______ шаарында 20__-жылдын "__" ________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, англис жана орус тилдеринде түзүлдү, баардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы үчүн
____________________________ |
| Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өзгөчө кооптуу уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча агенттигинин (SOCA) алдындагы Улуу Британиянын Финансылык чалгындоо бөлүгү (UKFIU) үчүн ____________________________ |