Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 15-июлу № 293-б
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин отурумунун 2013-жылдын 14-майындагы № 2 протоколун аткаруу үчүн өлкөнүн түндүгү менен түштүгүнүн ортосундагы үзгүлтүксүз жана коопсуз автотранспорттук катташууну камсыз кылуу жана "Түндүк-Түштүк автомобиль жолун куруу" долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында:
1. "Түндүк-Түштүк автомобиль жолун куруу" долбоорун каржылоо боюнча Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-Импорттук Банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасына сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу жана координациялоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
4. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 293-б буйругуна тиркеме |
Султанов К.И. | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, комиссиянын төрагасы. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Бадыкеева Н.Н. | - | "Ар-Намыс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Жолдошева Ж.А. | - | "Ата-Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Нышанов С.К. | - | "Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Пирматов И.А. | - | "Республика" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Сакебаев Э.А. | - | "КСДП" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Адамкулова С.Э. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Байгончоков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Муканбетов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Абакиров М.Ө. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Садакбаев Т.У. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин өкүлү (макулдашуу боюнча). |