Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 7-августу № 324-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы Чакан жана орто бизнестин товарларын берүү жөнүндө Япония Өкмөтүнүн долбоордук эмес Гранттык жардамы боюнча 2013-жылдын 11-мартындагы алмашуу ноталарына ылайык:
1. Чакан жана орто бизнестин товарларын берүү жөнүндө Япония Өкмөтүнүн долбоордук эмес Гранттык жардамынын алкагында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү макулдашуу боюнча биргелешкен Кыргыз-Япон комитетинин кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басарына япон тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын протоколуна биргелешкен Кыргыз-Япон комитетинин кыргыз бөлүгүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы № 324-б буйругуна тиркеме |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, комитеттин төрагасы; |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Адамкулова Самаргүл Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Ибраев Келдибек Ибраевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Күйкеев Эрик Асанович | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Исмаилов Мурат Аманович | - | Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Кенжебаев Дыйканбай Бакашевич | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; |
Рустамов Абдыкалык Алибекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары. |