Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 20-августу № 333-б
Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуусу жөнүндө маселелерди чечүүнүн алкагында:
1. Бажы союзунун фискалдык чөйрөгө таандык макулдашууларын аткаруу боюнча ведомстволор ортосунда өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ үч айлык мөөнөттө айына эки жолудан кем эмес жыйындарды өткөрүү менен Бажы союзунун фискалдык чөйрөгө таандык макулдашууларын аткаруу боюнча ведомстволор ортосунда өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыксын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-августундагы № 333-б буйругуна тиркеме |
Токбаев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Абдырахманов М.И. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финансылык статистика жана обзор башкармалыгынын төлөм балансы жана тышкы карыздар бөлүмүнүн начальниги; |
Ажибаева Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык технологиялар башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Айдаралиев К.И. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Алымбеков И.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кирешелерди эсептөө жана декларацияларды иштеп чыгуу башкармалыгынын ыкчам талдоо жана болжолдоо бөлүмүнүн начальниги; |
Асылкулов И.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Бекташев Т.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Досмамбетова А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын мамлекеттик кирешелер бөлүмүнүн башчысы; |
Жуманова М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин укуктук колдоо жана экспертизалар кызматынын начальниги; |
Жумакадыров У.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары башкармалыгынын методология жана төлөм системалары саясаты бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Молдогазиева А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банк эсептери башкармалыгынын финансы рыногунда бүтүмдөр боюнча эсептешүү бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Ким Ин Сен | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы ишин уюштуруу башкы башкармалыгынын бажы жол-жоболор методологиясы башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Кулмамбетов С.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин бажы саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Ташиева З.К. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын банктык тейлөө бөлүмүнүн башчысы; |
Токобаева Г.С. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын салыктык жана салыктык эмес киреше саясаты бөлүмүнүн башкы адиси; |
Шеримбекова М.И. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин фискалдык тобокелдиктерди талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы. |