Загрузка документа…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
РАСПОРЯЖЕНИЕ
2013-жылдын 6-сентябры № 352-б
Табигый мурас объекти болуп эсептелген уникалдуу байыркы жаңгак-мөмөлүү токойлорду сактоо жана региондун жалпы экологиялык абалын жакшыртуу максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссияга мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин өз ишине тартуу укугу берилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия эки айлык мөөнөттө табигый мурас объекттерин сактоого жана региондун жалпы экологиялык абалын жакшыртууга багытталган социалдык маселелерди чечүү боюнча комплекстүү иштерди жеринде жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 352-б буйругуна тиркеме |
Атаджанов С.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Төрөмаматов Ж.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Икрамов С.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; |
Мамыров С.И. | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Чаргынов К.С. | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; |
Кенжебаев Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Токторалиев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Артыкбаев P.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Теңизбаева Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Бейшеев Б.K. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой аңчылык жайгаштыруу департаментинин директору; |
Бийбосунов A.К. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттер боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Бурханов A.М. | - | Кыргыз Республикасынын Токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Шамшиев Б.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн жаңгак өстүрүү жана мөмө-жемиштер институтунун ага илимий кызматкери (макулдашуу боюнча); |
Чолпонов И. | - | Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагынын башчысы; |
Жолдошев О.М. | - | Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын башчысы; |
Турдукулов Э. | - | Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагынын башчысы; |
Элеманов А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад региондор аралык жаңгак мөмө токой башкармалыгынын начальниги; |
Эрмеков Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын начальниги; |
Бектемиров A.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы; |
Ботобаев К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Дашман мамлекеттик жаратылыш коругунун директору. |