Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 9-сентябры № 367-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосунда Инвестицияларды колдоо жана коргоо тууралуу макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынан Өкмөтү (мындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталып),
Макулдашуучу Тараптын биринин мамлекетинин инвесторлорунун инвестицияларын колдоо үчүн экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жагымдуу шарттарды түзүүнү каалап,
Мындай инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын капиталынын агымына дем берүүгө жана экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтө тургандыгын таанып,
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
Ушул Макулдашуунун максаты үчүн:
1. "Инвестор" термини Макулдашуучу Тараптардын каалаганына карата төмөнкүнү билдирет:
а) Бир Макулдашуучу Тараптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык анын жараны болуп саналган жана экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагына инвестициялаган жеке жак;
б) бир Макулдашуучу Тараптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык катталган жана экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында инвестициялардын менчик ээси, ээси же акционери болуп саналган юридикалык жак;
в) Макулдашуучу Тараптардын Өкмөттөрү.
2. "Инвестициялар" термини Макулдашуучу Тараптардын биринин мамлекетинин инвестору тарабынан аймагында инвестициялар ишке ашырыла турган экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында салынган активдердин ар кандай түрүн билдирет, атап айтканда алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, ипотека, күрөө укуктары, кепилдик сыяктуу башка мүлктүк укуктарды же узуфрукт (пайда алуу укугу менен башка жакка таандык болгон мүлктү убактылуу пайдалануу укугу) жана башка ушуга окшош укуктарды;
б) акцияларды, облигацияларды жана компанияга катышуунун башка түрлөрүн;
в) реинвестициялоо максатында кармалуучу кирешелер, карыз милдеттери, акча талаптары же инвестицияларга байланышкан финансылык баалуулукка ээ болгон, аткаруусу боюнча ар кандай укуктарды;
г) автордук жана чектеш укуктарды кошкондо, интеллектуалдык менчикке укукту, соода маркасын, патенттерди, өнөр жайлык үлгүлөрдү жана техникалык процесстерди, заводдук укуктарды, ноу-хау, коммерциялык сырды, соода маркасын жана гудвиллди;
д) Макулдашуучу Тараптын мыйзамдары, административдик акты же келишимдин күчүнө ылайык тыюу салынбаган чарбалык жана коммерциялык ишке катышуу укуктары. Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын жаратылыш ресурстарына колдонулбайт.
Инвестицияланган же реинвестицияланган капиталдын салымынын формасынын ар түрдүү өзгөрүүсү, мындай өзгөрүүлөр берилген уруксаттарга, эгерде андайлар бар болсо, же биринчи ирет салынган активдерге карама-каршы келбеген шарттарда инвестицияларды ишке ашыруу мүнөзүнө таасирин тийгизбейт.
3. "Киреше" термини инвестициядан алынуучу кирешени түшүндүрүп, өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт: атап айтканда пайданы, дивиденддерди, капиталдын өсүшүнөн кирешелерди, пайызды, роялтини же ар кандай башка төлөмдөрдү жана башкаларды.
4. "Эркин конвертирленген валюта" термини эл аралык бүтүмдөрдүн төлөмдөрүн ишке ашыруу үчүн кеңири колдонулуучу жана негизги алмаштыруу рынокторунда эркин конвертирленген ар түрдүү валютаны түшүндүрөт.
5. "Аймак" термини:
а) Кыргызстанга карата Кыргыз Республикасын билдирет. Географиялык мааниде колдонулган "Кыргызстан" термини Кыргыз Республикасы эгемендүү укуктарын, юрисдикцияны эл аралык укуктарга ылайык ишке ашырган жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык мыйзамдары колдонулган аймакты билдирет.
б) Бириккен Араб Эмираттары географиялык мааниде колдонулганда Бириккен Араб Эмираттарынын эгемендүү аймагын билдирет, ошондой эле эгемендиктин алдында эл аралык укукка жана өзүнүн мыйзамдарына ылайык жаратылыш ресурстарын чалгындоо же пайдаланууга байланыштуу сууларда, деңиз түбүндө жана жер казынасы боюнча ишке ашырылуучу иштин ар бирине карата алардын юрисдикциясында турган, Бириккен Араб Эмираттары эгемендүү укуктарын ишке ашырган аймактык суулардын, аба мейкиндигинин жана суу алдындагы аймактын чегинен тышкаркы облус камтылат.
2-берене. Инвестицияларды колдоо
1. Макулдашуучу Тараптардын ар бири инвестиция алып келгендиги үчүн экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторлоруна анын аймагында жагымдуу шарттарды түзөт жана колдойт жана өз мыйзамдары менен эрежелерине ылайык ушундай инвестицияларга уруксат берет.
2. Өз ара инвестицияларды кызыктыруу максатында Макулдашуучу Тараптын ар бири мүмкүнчүлүгүнө жараша Макулдашуучу Тараптардын аймактарындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу экинчи Макулдашуучу Тарапты маалымдайт.
3-берене. Инвестицияларды коргоо
1. Макулдашуучу Тараптардын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык ишке ашырылган ар бир Макулдашуучу Тараптардын инвестицияларына жана инвесторлорунун кирешелерине экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында коргоо менен коопсуздук камсыздалат жана калыс жана тең укуктуу режим берилет.
2. Макулдашуучу Тараптардын бири дагы инвестицияларды өнүктүрүүгө, башкарууга, пайдаланууга, кеңейтүүгө, сатууга жана жоюуга негизсиз же басмырлоочу чаралар менен зыян келтирбейт.
3. Макулдашуучу Тараптардын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык алардын ар бири мүмкүнчүлүккө жараша инвестицияларга тиешелүү болгон өзүнүн мыйзамдары менен эрежелерин жалпыга жеткиликтүү кылышы керек.
4. Макулдашуучу Тараптардын ар бири өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык экинчи Макулдашуучу Тарапка сот органдарынын, административдик соттордун жана агенттиктердин, ошондой эле башка юридикалык ыйгарым укуктуу органдардын жеткиликтүүлүгүн жана укуктарын камсыз кылат.
5. Инвестицияларды жоюу учурунда жоюу процесси баштапкы инвестициялар сыяктуу эле коргоонун жана режимдин формаларына ылайык келиши керек.
4-берене. Улуттук режим жана айрыкча жагымдуулук режими
1. Макулдашуучу Тараптын ар бири экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторлорунун инвестицияларына жана кирешелерине мындай инвестицияларды башкарууга, пайдаланууга, кеңейтүүгө жана сатууга же жоюуга карата анын өздүк инвесторлорунун инвестицияларына берилген режимден кем эмес жагымдуу режимди сунуш кылат.
2. Макулдашуучу Тараптын ар бири инвестицияларды өнүктүрүүгө, башкарууга, пайдаланууга, кеңейтүүгө жана сатууга же жоюуга карата өзүнүн инвесторлоруна жана үчүнчү өлкөнүн инвесторлоруна түзүлүүчү режимден кем эмес жагымдуу режимди экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторлоруна инвестицияларды сатып алууга, өнүктүрүүгө, башкарууга, пайдаланууга, кеңейтүүгө жана сатууга же жоюуга карата берет.
3. Ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин же андан кийин кол коюлган, Макулдашуучу Тараптардын инвестициялары боюнча башка эки тараптуу макулдашууларга карабастан, айрыкча жагымдуулук режими эл аралык соттордогу жол-жоболук же соттук маселелерге карата колдонулбашы керек.
4. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын шарттары Макулдашуучу Тараптардын биринин экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторлоруна карата төмөнкүлөрдөн келип чыккан ар кандай режимди, жеңилдиктерди же артыкчылыктарды колдонуу милдети катары чечмеленбеши керек:
а) соода жүргүзүүнүн эркин зонасына, бажы союзуна, экономикалык коомчулукка, валюта союзуна же Макулдашуучу Тараптардын бири катышуучусу болгон же боло ала турган эл аралык макулдашуулардын ушуга окшош формаларына мүчөлүктөн;
б) салык салуу маселесине жарым-жартылай же толугу менен тиешеси бар каалаган эл аралык макулдашуудан же келишимден.
5-берене. Мүнөздөмөлөргө карата талаптар
Макулдашуучу Тараптардын бири дагы өзүнүн аймагында материалдарды, өндүрүш каражаттарын сатып алууга, колдонууга, ташууга, өзүнүн продукциясын сатууга тийиштүү экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторлорунун инвестициялары боюнча негизсиз же басмырлоочу аракеттерге ээ болгон милдеттүү чараларды же ушундай буйруктарды колдонбойт. Бул пункт Макулдашуучу Тараптардын Өкмөттөрүнүн биринин деңгээлинде товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууга карата мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык кабыл алынган чараларга колдонулбашы керек.
6-берене. Жоготуу жана зыян келтирилген учурларда компенсациялоо
1. Экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагындагы согуштун же башка куралдуу чыр-чатактардын, коомдук баш-аламандыктын улуттук өзгөчө кырдаалдын, революциянын, көтөрүлүштүн же козголоңдун же башка ушундай окуялардын кесепетинен Макулдашуучу Тараптын биринин инвесторлору салган инвестициялар зыян тарткан учурда аларга экинчи Макулдашуу Тарап жактан реституцияга, кайтарып берүүгө, коопсуздукка, компенсациялоого же башка чечимдерге карата акыркы Макулдашуучу Тарап өзүнүн инвесторлоруна берген жагымдуу режимден кем эмес, режимди берүүгө тийиш.
2. Ушул берененин 1-пунктуна зыян келтирбестен, өткөн пунктта аталган окуяларда экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында төмөнкү себептер боюнча зыян жана чыгаша тарткан Макулдашуучу Тараптардын биринин инвесторуна: а) куралдуу күчтөр же ыйгарым укуктуу органдар тарабынан алардын мүлкүн же анын бөлүктөрүн реквизиттөөдө; б) ошол жагдайда зарыл болбогон же согуш аракеттерин колдонуунун себебин түшүндүрбөгөн куралдуу күчтөр же ыйгарым укуктуу органдар тарабынан алардын мүлкүн же анын бөлүктөрүн жок кылууда реквизиттөө мезгилинде же мүлктү бузуунун натыйжасында пайда болгон жоготуулар же келтирилген зыян үчүн токтоосуз, адилеттүү жана тиешелүү реституция же компенсация берилет. Ушундан келип чыккан төлөмдөр эркин конвертирленген валютада жүргүзүлүп, кечиктирүүсүз эркин которулушу керек.
7-берене. Экспроприация
1. Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторунун инвестицияларын өзүнүн аймагында түз же кыйыр түрдө экспроприациялабайт (мында жана мындан ары - "экспроприация" деп аталат) жана мамлекеттештирбейт, же эквиваленттик таасирге ээ болгон ар кандай башка чараларды көрбөйт, буга бир убакытта пайда болгон төмөнкү шарттар кирбейт:
а) коомдук максаттарда;
б) басмырлабаган негизде;
в) мыйзамдын процесстик ченемдерине ылайык;
г) токтоосуз, адилеттүү жана тиешелүү компенсацияга байланыштуу.
2. Компенсация экспроприация болуп өткөнгө чейинки же боло турган экспроприация коомчулукка белгилүү болгон учурдан тартып, экспроприацияланган инвестициялардын калыс рыноктук наркы боюнча кечиктирилбестен бааланышы керек.
3. Эгерде рыноктук наркын белгилөө мүмкүн болбогон учурда, компенсация салынган капитал, инвестициялардын мүнөзү жана узактыгы, алмашуусу, наркы жана гудвил сыяктуу бардык тиешелүү факторлорду жана жагдайларды эске алуу менен адилеттүү негизде аныкталат.
4. Компенсация кечиктирилбей төлөнүшү, натыйжалуу өткөрүлүшү жана эркин которулушу керек.
5. Экинчи Макулдашуучу Тарап жагынан экспроприациялоого дуушар болгон Макулдашуучу Тараптын инвестору, биринчи Макулдашуучу Тараптын сот органы же башка компетенттүү жана көз карандысыз органы тарабынан ушул берененин жоболоруна ылайык өзүнүн инвестицияларын баалоону жана компенсацияны төлөп берүүнү кошкондо, ишти кечиктирилгис кароо укугуна ээ болот.
6. Эгерде, Макулдашуучу Тарап ушул Тараптын аймагында анын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык катталган, экинчи Макулдашуучу Тараптын инвестору катышкан юридикалык жактын активдерин экспроприацияласа, анда ал ушул берененин жоболору менен камсыздалышы керек, бул ушундай инвесторлорго адилеттүү жана тиешелүү компенсацияны кепилдик кылат.
8-берене. Которуулар
1. Макулдашуучу Тараптардын аймагында өздөрүнүн мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык, алардын ар бири инвестицияларга тиешелүү бардык төлөмдөрдү аймагына жана анын чегинен тышкары кечиктирбестен жана эркин которууну камсыздашы керек. Мындай которуулар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) баштапкы капитал жана инвестицияларды өнүктүрүү же көбөйтүү үчүн каалаган кошумча капиталды;
б) кирешелерди;
в) ссудалык макулдашуулар боюнча негизги сумманы төлөөнү кошкондо, контракттын алкагындагы төлөмдөр;
г) инвестициялардын бардыгын же кайсы бир бөлүгүн сатуудан жана жоюудан түшкөн акча каражатты;
д) ушул Макулдашуунун 5 жана 6-беренелерине ылайык төлөнүүгө тийиш болгон компенсация боюнча төлөмдөрдү;
е) ушул Макулдашуунун 8-беренесине ылайык төлөмдөрдү;
ж) талаш-тартыштарды жөнгө салууда пайда болгон төлөмдөрдү;
з) инвестицияларга байланыштуу чет өлкөлөрдөн жалданган персоналдын эмгек акыларын жана башка сый акыларын;
и) улуттук авиакомпаниялардан пайданы жана кирешени.
2. Макулдашуучу Тараптын ар бири ушул берененин 1-пунктунда аталган төлөмдөрдү которууну инвестициялар ишке ашырылган Макулдашуучу Тараптын аймагында колдонуудагы мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык жана которулган күнүнө карата валюта курсунун рыноктук коюму боюнча эркин конвертирленген валютада токтоосуз же чектөөсүз ишке ашырууну камсыз кылышы керек. Чет өлкөлүк валютаны алмаштыруу рыногу жок болгон учурда, Карыз алуунун Атайын Укуктарынын алкагында эң акыркы коюм колдонулат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Тарап өзүнүн мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык которууларды ак ниет жана адилеттүү, басмырлабаган формада өзүнүн мыйзамдары жана эрежелери боюнча төмөнкүлөргө:
а) банкроттук жол-жобосунда кредиторлордун кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле,
б) кылмыштарга.
9-берене. Суброгация
1. Эгерде Макулдашуучу Тарап же ал дайындаган өкүлчүлүк (бул беренеде "гарант") экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында инвестицияларга карата өзүнө алган ордун толтуруу боюнча төлөмдөрдү ишке ашырса, анда экинчи Макулдашуучу Тарап төмөнкүлөрдү тааныйт:
а) ордун толтуруучу Тараптын бардык укуктарын жана талаптарын гаранттык мыйзамдардын же мыйзамдуу операциялардын чегинде өткөрүп берүүнү, ошондой эле
б) гарант ордун толтуруучу Тараптын өзүндөй эле көлөмдө суброгациянын натыйжасында талаптарды төлөтүүгө, ушундай укуктарды ишке ашырууга ыйгарым укуктуу экендигин, ошондой эле өзүнө инвестицияларга карата милдеттерди алуусун.
2. Гарантка баардык жагдайларда төмөнкүлөр берилет:
а) алынган укуктарга, талаптарга жана милдеттерге карата аларды ага өткөрүп берүүнүн натыйжасында ушундай эле режим, ошондой эле
б) укуктарга жана талаптарга ылайык алынган бардык төлөмдөр.
3. Суброгация укугунда өткөрүлүп берилген укуктар жана талаптар инвестордун баштапкы укуктарынан жана талаптарынан ашпашы керек.
4. Ушул берененин 1-пунктунун жоболоруна карабастан, суброгация ушул Макулдашуучу Тараптын компетенттүү органдары тарабынан жактырылгандан кийин гана Макулдашуучу Тараптын аймагында жүргүзүлүшү керек.
10-берене. Макулдашуучу Тарап менен экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторунун ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү
1. Макулдашуучу Тарап менен экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторунун ортосундагы талаш-тартыштар алгачкы ирет сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салынышы керек.
2. Сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн инвестор Макулдашуучу Тарапка жазуу жүзүндөгү кабарды жөнөтүшү керек. Кабарда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
а) талаш-тартыштын тарабы болуп саналган инвестордун аталышы жана дареги;
б) ушул Макулдашуунун бузулган жоболору;
в) доо үчүн иш жүзүндөгү жана укуктук негиздер, ошондой эле
г) суралып жаткан коргоо каражаттары жана зыяндын суммасы.
Бул консультациялар эч бир жыйынтык бербеген учурда, инвестор консультацияларды уюштурууну суранган күндөн тартып алты айдын ичинде аймагында инвестициялар ишке ашырылган Макулдашуучу Тараптын компетенттүү органдарына же эл аралык арбитражга кайрыла алат. Эгерде инвестор укуктук коргоонун улуттук каражаттарын тандоону чечсе, ал эл аралык арбитражды тандоо же ишти Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборунун (ИТЭБЭБ) же БУУнун Эл аралык соода укугу боюнча комиссиясынын (ЮНСИТРАЛ) кароосуна берүү укугуна ээ болбойт.
3. Эл аралык сотторго кайрылууну тандаган учурда, инвестор төмөнкү варианттардын бирин тандашы керек:
а) "аd hос" арбитраждык трибуналды, ал ЮНСИТРАЛ арбитраждык эрежелерине ылайык белгилениши керек, эгерде Макулдашуучу Тарап менен талаш-тартышта башка компетенттүү органдардын болушу болжолдонбосо;
б) мамлекеттер менен башка мамлекеттин жарандарынын ортосунда инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча конвенцияга ылайык уюштурулган, ИТЖБЭБ, эгерде Макулдашуучу Тараптар ушул Конвенциянын катышуучулары болуп саналса.
4. Ар бир Макулдашуучу Тарап ушул берененин 2-пунктуна ылайык талаш-тартышты арбитражга кароого өткөрүп берүүгө өзүнүн макулдугун билдирет.
5. Жол-жобонун жүрүшүндө талаш-тартыштын тарабы болуп саналган Макулдашуучу Тарап өзүнүн кол тийбестигин же инвестор келтирилген зыянды же жоготууларды толугу менен же жарым-жартылай жабуучу камсыздандыруу боюнча компенсацияны алган фактысын коргобошу керек.
6. Макулдашуучу Тараптардын бири дагы, экинчи Макулдашуучу Тарап арбитраждын чечимин ырастаганга жана кабыл алганга чейин эл аралык арбитраждын кароосуна өткөрүлүп берилген талаш-тартышты дипломаттык каналдардын жардамы менен улантпашы керек.
7. Арбитраждык соттун чечими акыркы жана эки Тараптын аткарышы үчүн милдетүү болуп саналат жана Макулдашуучу Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык аткарылышы керек.
11-берене. Макулдашуучу тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү
1. Макулдашуучу Тараптардын ортосундагы ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу тууралуу талаш-тартыштар мүмкүнчүлүккө жараша сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
2. Эгерде талаш-тартыш, ушул берененин 1-пунктуна ылайык алты (6) айдын ичинде чечилбесе, анда ал каалаган Тараптын суранычы боюнча үч мүчөдөн турган арбитраждык соттун кароосуна өткөрүлүп берилет.
3. Мындай арбитраждык сот аd hос" болушу керек. Макулдашуучу Тараптардын ар бири өзүнүн арбитрин дайындайт, алар макулдашуу боюнча үчүнчү өлкөнүн жаранын арбитраждык соттун төрагасы катары шайлашы керек. Мындай арбитрлер талаш-тартышты арбитраждык соттун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө ниети тууралуу Макулдашуучу Тараптын бири экинчи Макулдашуучу Тарапты маалымдаган күндөн тартып эки айдын ичинде дайындалышы керек.
4. Эгерде, ушул берененин 3-пунктунда берилген жоболор сакталбаса, Макулдашуучу Тараптардын каалаганы башка макулдашуулар жок болсо, зарыл болгон дайындоолорду ишке ашыруу үчүн Эл аралык соттун төрагасын чакыра алат. Эгерде, Эл аралык соттун төрагасы Макулдашуучу Тараптардын биринин жараны болуп саналса же башка себептер боюнча жогоруда берилген функцияларды аткара албаса, анда Эл аралык соттун вице-төрагасы чакырылат жана ал дагы ушундай себептер боюнча жогоруда берилген функцияларды аткара албаса, эл аралык соттун кызматы боюнча андан кийинки мүчөсү чакырылат, ал Макулдашуучу Тараптардын каалаганынын жараны болбошу керек. Арбитраждык соттун мүчөлөрү болуп Макулдашуучу Тараптар дипломаттык мамилелерге ээ болгон өлкөлөрдүн жарандары дайындалышы мүмкүн.
5. Эгерде Макулдашуучу Тараптар башка чечимди кабыл алышпаса, Арбитраждык сот өзүнүн жол-жоболорунун эрежелерин белгилейт.
6. Арбитраждык соттун чечими ушул Макулдашуунун шарттарына жана эл аралык укуктун колдонуудагы эрежелерине ылайык кабыл алынышы керек. Чечим добуштун көпчүлүгү менен кабыл алынат жана акыркы болушу жана Макулдашуучу Тараптардын экөөнүн аткаруусу үчүн милдеттүү болушу керек.
7. Ар бир Макулдашуучу Тарап арбитраждык соттогу өзүнүн мүчөсү жана арбитраждык процесстеги өкүлчүлүгү боюнча чыгымдарды өздөрүнө алат. Арбитраждын төрагасынын чыгымдары жана арбитраждык процесстин башка чыгымдары эки Макулдашуучу Тараптын ортосунда бирдей өлчөмдө бөлүштүрүлүшү керек.
12-берене. Башка эрежелерди колдонуу
4-беренеге зыян келтирбестен, ар бир Макулдашуучу Тараптардын мыйзамдары же ушул Макулдашууга толуктоо катары Макулдашуучу Тараптардын ортосунда келечекте же азыркы учурда колдонулуучу эл аралык укуктук ченемдери ушул Макулдашуу тарабынан каралган режимге караганда айрыкча жагымдуулук режимди экинчи Макулдашуучу Тараптын инвестициялары берген жалпы же өзгөчө эрежелерди камтыса, анда мындай эрежелер алар айрыкча жагымдуу болгон бөлүгүндө ушул Макулдашуудан артык болот.
13-берене. Макулдашууну колдонуунун чөйрөсү
Ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин жана андан кийин жасалган инвестицияларга карата ушул Макулдашуу колдонулат, бирок ал күчүнө киргенге чейин жөнгө салынган бардык талаптарга колдонулбайт. Ошондой эле сотто каралып жаткан же чечими чыгарыла элек талаш-тартыштар болсо, ушул Макулдашуунун ченемдери колдонулбайт.
14-берене. Консультациялар
Макулдашуучу Тараптар каалаган Тараптын суранычы боюнча ушул Макулдашууну ишке ашырууга же колдонууга байланыштуу каалаган маселелер боюнча консультацияларды өткөрөт. Бул консультациялар Макулдашуучу Тараптын биринин сунушу боюнча өткөрүлөт, өткөрүлүүчү жери жана убактысы дипломатиялык каналдар боюнча макулдашылууга тийиш.
15-берене. Артыкчылыктарды чектөө
1. Ушул Макулдашуунун артыкчылыктары Макулдашуучу Тараптардын биринин инвесторуна, эгерде анын негизги максаты - ушул Макулдашуучу Тараптын жарандыгын алуу, же инвестор үчүн башкача жетүүгө мүмкүн болбогон, ушул Макулдашуунун чегинде пайда көрүү болсо, анда колдонулбайт.
2. Ушул Макулдашууга тийиштүү артыкчылыктан баш тартуудан мурун, Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тарапты кабардар кылышы керек.
16-берене. Күчүнө кириши, оңдоолор, мөөнөттүн узактыгы жана аякташы
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууну аяктагандыгы жөнүндө Макулдашуучу Тараптардын бири экинчи Макулдашуучу Тарапты маалымдаган дипломаттык каналдар боюнча акыркы маалымдоону алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашууга Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдугу боюнча жазуу жүзүндөгү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Мындай оңдоолор Макулдашуу сыяктуу эле жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.
3. Ушул Макулдашуу он (10) жыл колдонулат жана Макулдашуучу Тараптардын бири кезектеги мөөнөт аяктаганга чейин бир (1) жыл мурун ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө экинчи Макулдашуучу Тарапты кабарлабаса, кийинки он жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат. Мындай учурларда ушул Макулдашуунун ченемдери учурдагы он жылдык мөөнөт аяктаганга чейин колдонулушу керек.
4. Ушул Макулдашуу аяктаган күнгө чейин ишке ашырылган инвестицияларга карата ушул Макулдашуунун жоболорунун шарттары ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып, андан кийинки он (10) жылдын ичинде күчүндө калууга тийиш.
5. Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын ортосунда дипломаттык же консулдук мамилелердин бар же жок болуусуна карабастан колдонулат.
Муну күбөлөндүрүү менен биз, өзүбүздүн Өкмөттөрүбүз ыйгарым укук берип, төмөндө кол койгондор ушул Макулдашууга кол койдук.
_____________________ шаарында 20__-жылдын "__" ______________ эки түп нускада ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыкса, англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү үчүн |