Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 9-сентябры № 372-б
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Маданият министрлигинин ортосундагы Маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Маданият министрлиги,
эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү жана күчөтүү зарылдыгын таанып,
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоодо маданий өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн эске алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар теңдик жана өз ара түшүнүшүүнүн негизинде, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык укуктун ченемдерин көңүлгө алып, эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин ортосундагы маданият жаатында өз ара аракетти жана алмашууну өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүшөт.
2-берене.
Тараптар басылмаларды алмашуу жана эксперттерди жиберүү жолу менен эки өлкөнүн китепканаларынын жана музейлеринин ортосундагы өз ара аракетти колдоого алышат.
3-берене.
Тараптар археология, тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу жаатында өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырышат. Ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана калыбына келтирүү жаатында адистерди жиберүүгө өбөлгө түзүшөт.
4-берене.
Тараптар эл аралык иш-чараларды өткөрүүдө тажрыйба алмашуу жолу менен опера, балет, музыка жана театр искусствосу жаатында кызматташууга өбөлгө түзүшөт.
5-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин аймагында болуп жаткан маданий турмуштагы окуялар (семинарлар, конкурстар, конференциялар, коллоквиумдар, тегерек столдор, сессиялар, фестивалдар, чыгармачылык жана илимий тажрыйба алмашуунун башка түрлөрү) жөнүндө маалымат алмашат жана өз өкүлдөрүнүн ушул иш-чараларга катышуусуна өбөлгө түзүшөт.
6-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык маданият жана искусство боюнча китептерди, мезгилдүү басылмаларды жана башка публикацияларды алмашуу аркылуу өз ара аракеттин ар кандай түрлөрүн колдошот, ошондой эле эки өлкөдө уюштурулган эл аралык китеп жарманкелерине өз ара катышууга көмөк көрсөтүшөт.
7-берене.
Тараптар кинематография жаатындагы өз ара аракетти өнүктүрүүгө, эки өлкөдө кино күндөрүн өткөрүүгө, эки өлкөдө өткөрүлүүчү кинофестивалдарда фильмдерди алмашууну, делегацияларды жиберүүнү ишке ашырууга көмөк көрсөтүшөт.
8-берене.
Тараптар көркөм сүрөт жана колдонмо искусство жаатында, ошондой эле салттуу жана элдик искусство жаатында көргөзмөлөрдү алмашууну ишке ашырууга өбөлгө түзүшөт.
9-берене.
Тараптар кызматташууну тереңдетүү максатында маданият, искусство жана тарых жаатындагы маалыматтарды маданият изилдөө процесстеринде колдонуу максатында алмашат.
10-берене.
Тараптар ЮНЕСКО жана башка эл аралык уюмдардын иштеринин алкагында маданият жаатындагы өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырышат.
11-берене.
Тараптар экинчи Тараптын мамлекетинде өткөрүлгөн музыкалык фестивалдарга өздөрүнүн музыкалык көркөм чыгармачыл жамааттарынын жана аткаруучуларынын катышуусуна көмөк көрсөтүшөт.
12-берене.
Тараптар өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте Тараптардын биринин мамлекетинин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына маданий баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүүнүн жана алып чыгуунун алдын алууга көмөк көрсөтүшөт.
13-берене.
Тараптар эл чыгармачылыгы жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүшөт, эки өлкөнүн кесиптик жана өздүк көркөм чыгармачылык жамааттарынын ортосундагы түздөн-түз байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүшөт.
14-берене.
Бул Макулдашуунун жоболору Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Эгер ар бир конкреттүү учурда башкача тартип макулдашылбаса, ушул Макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан чыгымдарды Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган каражаттардын чегинде өз алдынча тартышат.
15-берене.
Адистердин визиттерин жана бири-бирине жиберүүнү жүзөгө ашыруунун финансылык шарттары ар бир конкреттүү учурда Тараптардын маданиятын башкаруучу мамлекеттик органдардын ортосунда макулдашылат.
16-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
17-берене.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу жагында пикир келишпестиктерди Тараптар консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.
18-берене.
Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана 5 жыл бою күчүндө болот, эгерде тиешелүү мезгил аяктаганга алты ай калганга чейин Тараптардын бири да экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе, ал кийинки беш жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылат.
Бул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ушул Макулдашуунун алкагында түзүлгөн жана ишке ашырылып жаткан программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча милдеттенмелерди аткарууга жолтоо болбойт.
_________ шаарында 20__-жылдын "__" ________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги үчүн |
| Түркмөнстандын Маданият министрлиги үчүн |